Hesperian Health Guides

Оодарылуу жана бир капталдан экинчи капталга буруу ык-жөндөмдөрүн өнүктүрүүчү көнүгүүлөр

Бул бөлүмдө:

Бала башынын кыймылдарын жетишерлик жакшы башкарганды өздөштүргөндөн кийин, өнүгүүдөгү кийинки баскыч – оодарылууну үйрөнүү. Оодарылуу үчүн, баш менен денени капталга буруу зарыл. Жөргөлөгөндү, андан кийин басканды үйрөнүүдөн мурун, адегенде абал капталга бурулууну, б.а. тулкусунун үстүнкү бөлүгүн астыңкы бөлүгүнө салыштырмалуу бурууну үйрөнүшү керек.

Наристе балдар оодарылганды, демейде, өздөрү эле үйрөнүп алышат. Бирок өнүгүүсү артта калган балдарга атайын жардам берип, аларга дем берип турса, алар тезирээк үйрөнүп кетишет. Балага адегенде башын көтөргөндү жана капталга бурганды, андан кийин ийиндери менен денесин капталга бурганды өздөштүрүүсүнө жардам бериңиз.

Шылдыракты же башка оюнчукту алдына кармап, баланын көңүлүн буруңуз, Капталына жылдырылган оюнчукка колун сунуп, аны кармоого аракет кылсын,
DVC Ch35 Page 304-1.png
андан кийин оюнчукту бир капталына, анан экинчи капталына жылдырып, башы менен ийиндерин кошо бурдуруңуз. андан соң сиз оюнчукту өйдө жылдырып, бала адегенде капталына, анан аркасына оодарылсын.
Эгер түрдүү ыкмаларды колдонгондон кийин да бала оодарылбаса, анда бутун көтөрүп, ага жардам бериңиз. Мындан тышкары, аркасына жаткан абалынан капталына которулууну үйрөнүүсүнө жардам бериңиз. Кайра эле, капталындагы оюнчукка колун сунуп жетүүгө аракет кылсын.
illustration of the above: a woman speaking while holding a toy and lifting a child's leg.
Эскертүү! Эгер баланын булчуңдарында спас- тика бар болсо, ал оодарыла алуусу үчүн, адегенде бул колун тийиштүү абалына келтирүүсүнө ага жардам бериңиз.
DVC Ch35 Page 304-3.png


Эстен чыгарбаңыз! ТЕРАПИЯНЫН БИРИНЧИ ЭРЕЖЕСИ: ЗАРЫЛ БОЛГОН КӨЛӨМДӨ ГАНА ЖАРДАМ БЕРҮҮ КЕРЕК. УЛАМ КӨБҮРӨӨГҮН ӨЗҮ КЫЛУУСУНА БАЛАНЫ ШЫКТАНДЫРЫП ТУРУҢУЗ.




This page was updated:30 Дек 2025