Hesperian Health Guides
Баштын кыймылдарын башкаруу ык-жөндөмүн, көрүүнү жана угууну пайдалануунун өнүктүрүүчү көнүгүүлөр
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 35-БӨЛҮМ: Баланын өнүгүүсүнө түрткү берүүнү эрте баштоо жана өнүктүрүүчү көнүгүүлөр > Баштын кыймылдарын башкаруу ык-жөндөмүн, көрүүнү жана угууну пайдалануунун өнүктүрүүчү көнүгүүлөр
| Баланы бетин ылдый каратып жаткан абалында башын көтөрүүгө кызыктыруу үчүн, кулагына жаңыча же өзгөчө угулган добуштарды чыгаруучу кооз буюмдар менен көңүлүн буруңуз |
|
| Эгер башын көтөрбөсө, балага жардам берүү үчүн, аны сүрөттөгүдөй кылып жаткырыңыз. Омуртка тутумунун эки жагындагы булчуңдарын мойнунан жамбашына чейин манжаларыңыз менен жай баскылаңыз. | Эгер наристе аркасынын же ийиндеринин алсыздыгынан улам башын көтөрө албай кыйналса, анда көкүрөк менен ийиндеринин астына төшөк бүктөп коюп көрүңүз. Андан кийин баланын алдына жатып, аны менен сүйлөшүңүз. Же болбосо, баланын кызыгуусуна жана кыймылдоосуна түрткү берүү үчүн, алдына, колун сунуп жеткидей кылып, оюнчук коюңуз. Айрым балдар, эгер көкүрөгүнүн астына шынаа сымал бир нерсе коюп койсо, далай нерсеге жөндөмдүү болот. | |
| Эгер бала бетин ылдый каратып жаткан абалында башын көтөрө албаса, анда, денеси дээрлик тик тургандай кылып, баланы кучагыңызга алыңыз. Мындай абалда балага, башын көтөрүү үчүн, анчалык көп күчтүн кереги жок. | Балага бетин өйдө каратып жаткан абалында башынын кыймылдарын башкарууну үйрөтүү үчүн, ийиндеринен кармап, башы бир аз артка чалкалап калгыча, абайлап бир аз өйдө тартыңыз, анан аны кайра жаткызыңыз | |
|
|
||
|
ЭСКЕРТҮҮ! Эгер башы артына чалкалап калса, баланы сүрөттөгүдөй кылып тартпаңыз. Аны көтөрүп жатканда, моюн булчуңдары түйүлөөр бекенин текшериңиз. Эгер түйүлбөсө, анда баланы ийиндеринен өйдө тартпаңыз. Мындан тышкары, эгер буттары сунулуп чыңалып калса, анда да баланы сүрөттөгүдөй кылып өйдө тартпаңыз (“Церебралдык шалдык” бөлүмүн караңыз) . |
Эгер церебралдык шалдыгы бар баланы колдорунан өйдө тартканда, булчуңдарында спастика пайда болуп, денеси чыңалып калса, далыларын алдыга жылдырып, аны аркасынан кармап көтөрүп көрүңүз. | |
| Эгер баланы ийиндеринен кармап өйдө тартканда, ал башын көтөрө албаса, анда антпеңиз. Анын ордуна, баланы отургузуп, башын кыймылдатпай кармоосун өтүнүп, артын көздөй бир аз чалкалатыңыз. Муну улам-улам кайталап жасап туруңуз. Башын артка чалкалатпай кармоону үйрөнүп, күчкө толо баштаган сайын, башын бара-бара артка көбүрөөк чалкалата бериңиз, болгону, башы артка биротоло чалкалап калуусуна жол бербеңиз. | |
| Эгер наристеге тамак берип жатканда, ал башын көтөрүүгө же кармоого дээрлик эч аракет кылбаса, анда эмчегиңиздин учун же тамакты оозуна салгандын ордуна, аны эриндерине бир аз тийгизип, оозун өзү жеткизип, аракет кылуусуна үйрөтүңүз. |
БАЛАНЫ КАНТИП КӨТӨРҮП ЖҮРҮҮ КЕРЕК
| Баланы сүрөттөгүдөй кылып, бетин ылдый каратып жаткан абалында көтөрсө, башынын кыймылдарын жакшы башкарууну үйрөнүүсүнө жардам берет. | Жамбаш сөөк - кашка жилик муундарын жана тизелерин бүгүп жана тизелерин бир биринен алыстатып кармаган дене абалдары денеси спастикадан чыңалып, тизелери бир бирине жабыштырылып кармала бермейи бар церебралдык шалдыгы бар балага денесин бош кармап, кыймылдарын жакшыраак башкаруусуна жардам берет. | Баланы сүрөттөгүдөй кылып көтөрүп жүрсө, анын башы жана колдору эркин кыймылдап, айланасын кароосу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт. |
| Балаңыз башынын кыймылдарын жакшыраак башкарууга улам жөндөмдүүрөөк болгон сайын, денесин бекем кармап, бирок башы менен колдорун эркин калтырып, аны менен ойноп туруңуз. Бала башын адегенде бир капталына, анан экинчи капталына буруусу үчүн, көңүлүн кызыктуу буюмдар жана добуштар менен кызыктырыңыз. |
This page was updated:30 Дек 2025