Hesperian Health Guides
Туруу, басуу жана денесинин тең салмактыгын сактоо ык-жөндөмдөрүн өнүктүрүүчү көнүгүүлөр
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 35-БӨЛҮМ: Баланын өнүгүүсүнө түрткү берүүнү эрте баштоо жана өнүктүрүүчү көнүгүүлөр > Туруу, басуу жана денесинин тең салмактыгын сактоо ык-жөндөмдөрүн өнүктүрүүчү көнүгүүлөр
Демейде бала төмөнкү баскычтарды басып өтөт:
Жогоруда келтирилген баскычтардын ар биринде балага дем берип түрткү болуп, аны басууга даярдасаңыз болот.
| Буттарын бекемдөө үчүн, баштапкы кадам шилтөө рефлексин пайдалангыдай кылып, баланы кармаңыз. Баланы абайлап секиртсеңиз болот. | Бала буттарына тура баштаганда, кулап калбашы үчүн, аны жамбаш сөөк тушунан кармаңыз. Буттарына туруусун жеңилдетүү үчүн, буттарын бир биринен алыстатыңыз. Бул көнүгүүнү адегенде баланын алдына, кийин артына туруп аткарыңыз. | |
| Салмагын бир бутунан экинчисине которууну үйрөнүүсү үчүн, баланы бир капталынан экинчи капталына абайлап термелтиңиз. | ||
|
ЭСКЕРТҮҮ! Булчуңдарында спастикасы бар бала менен мындай көнүгүүнү жасоо булчуңдарынын чыңалуусун жана ийкемсиздигин күчөтүшү мүмкүн. КӨНҮГҮҮНҮ ЖАСАБАҢЫЗ. |
||
| Бала денесинин тең салмактыгын мыктыраак сактаганды үйрөнгөндө, аны ийиндеринен эле кармаса болот. | Же болбосо, бала суу чачкан резиңке түтүктү же арканды кармансын. Булар ийкемдүү болгондуктан, бала денесинин тең салмактыгын сактоо үчүн, көбүрөөк аракет кылууга аргасыз болот. |
Кийин ал арканды бир колу менен гана кармап турганды үйрөнө алат. |
| Тартынып буттарына туруусуна кызыктыруу үчүн, үстөлдүн кырына жактырган оюнчугун коюп коюңуз. | Бала дээрлик өз алдынча басканга жарактуу болуп калса, бирок кулап калуудан чочуласа, анда көкүрөгүнө кездемеден таңуу ороңуз. | ||
| Баланы ушул таңуудан катуу тартпай кармаңыз – ал бош кармалсын. Кулап калбашы үчүн, аны кармап калууга даяр болуңуз. | |||
| Кадам шилтеп жылуусуна кызыктыруу үчүн, үстөлдүн алыскы кырына жактырган буюмун коюп коюңуз. |
ЭСКЕРТҮҮ! Бала кездемеге асылбасын. Салмагын өзү көтөрсүн. Таңууну бала кулап баратканда гана колдонуңуз. | ||
Дененин тең салмактыгын сактоо ык-жөндөмүн жакшыртуу үчүн башка көнүгүүлөр:
| Баланы колтуктарынан бошураак кармап, бир капталынан экинчи капталына, анан алдынан артка абайлап жантайтыңыз. Бала денесин тик абалына кайтарууга өзү аракет кылсын. Бул көнүгүүнү оюнга айлантыңыз. | Башында баланы жакшылап кармаңыз. Денесинин тең салмактыгын мыктыраак сактаганды үйрөнгөндө, баланы кармабай эле коюңуз, бирок кокус кулап баштаса, аны кармап калууга даяр болуңуз. |
| Каптал жана арка менен алдыга басып машыккыла. | Баланы кандай кармоо туура? | ||
|
МЫНДАЙ
МЫНДАЙ
ЭМЕС Салмак борбору ортодо.
Салмак борбору ортодо эмес. |
|||
Бала өз алдынча басып баштагыча, ага керектүү гана өлчөмдө аны кармаңыз.
| Эгер чоңоюп калган бала тең салмактыгын жакшы сактай албаса, колго жасалган термелме такта бул көнүгүүнү кызыктуу оюнга айлантат. Башында жай кыймылдагыла, айрыкча балада церебралдык шалдык бар болсо. |
| Термелме тактанын астындагы термелген бөлүгү кенен болгону жакшыраак. Ошондо такта бир калыпта, жакшы термелет. | |
| такта астынкы бөлүгүнөн ажырап кетпеши үчүн чектөөчтөр | Айрым балдарга кармануу үчүн таякча керек болот. |
| Колго жасалган жөнөкөй параллелдүү брустар буттары алсыз же тең салмактыгын жакшы сактай албаган балага басканды үйрөнүп баштоосуна жардам бере алат. | Кармагычы бар, колго жасалган араба (бастыргыч) басканды жаңы үйрөнө баштаган же тең салмактыгын жакшы сактай албаган балага таянычты да, өз алдынчалыкты да камсыз кылууга жарап берет. |
| Фанерадан жасалган дөңгөлөктөрү бар, жыгачтан жасалган, түзүлүшү жөнөкөй бул бастыргычтын жардамы менен өнүгүүсүндө артта калган бул бала басканды үйрөнүп жатат. (Буга окшогон бастыргычтардын түзүлүштөрүн караңыз.) |