Hesperian Health Guides
КОЛДУН ЖЕ БУТТУН БИРИГИП КАЛЫПТАНЫП КАЛГАН, АШЫК ЖЕ ДЕФОРМАЦИЯЛУУ МАНЖАЛАРЫ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 12-БӨЛҮМ: CКөп учураган тубаса дефекттер > КОЛДУН ЖЕ БУТТУН БИРИГИП КАЛЫПТАНЫП КАЛГАН, АШЫК ЖЕ ДЕФОРМАЦИЯЛУУ МАНЖАЛАРЫ
Айрым балдар 2 же мындан көп манжасы биригип калыптанып төрөлөт. Мындай дефекттен колду пайдалануу анчалык деле кыйын болуп кетпейт. Ошентсе да, мындай манжаларды көпчүлүк учурларда атайын операциянын жардамы менен бир биринен ажыратууга болот.
![]() |
![]() |

Колунда же бутунда, ичинде сөөгү жок, кичинекей кошумча манжасы бар болуп төрөлгөн баланын мындай манжасын, сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып, түбүнөн жип менен тыгыз байлап койсо, ал бир нече күндөн кийин кургап, өзү эле ажырап түшүп калат.

Эгер мындай манжасы бир топ чоң болуп, бала үчүн кыйынчылыктарды жаратса, аны хирургиялык операциянын жардамы менен алып салса болот.
Уркуюп чыгып турган, ашык бут манжасы менен төрөлгөн балага бут кийим кийгизүүнү мүмкүн кылуу үчүн, хирургиялык операция зарыл болушу мүмкүн. Мындай манжаны кээде түздөп оңдоого болот. Башка жагдайларда мындай манжаны алып эле салган оң болушу мүмкүн. | ![]() |
Эң мыкты натыйжаларга жетүү үчүн, операцияны атайын даярдыгы бар ортопедиялык же пластикалык хирург жасоого тийиш. |