Hesperian Health Guides
ЖЫРЫК ЭРИН ЖАНА ЖЫРЫК ТАҢДАЙ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 12-БӨЛҮМ: CКөп учураган тубаса дефекттер > ЖЫРЫК ЭРИН ЖАНА ЖЫРЫК ТАҢДАЙ
“Жырык эрин” деп үстүнкү эрин биригип жабылбай, далай учурларда таноого чейин ачык калуусун аташат.
![]() |
![]() |
![]() |
бир жактуу жырык эрин | эки жактуу жырык эрин | жырык таңдай |
“Жырык таңдай” деп таңдай биригип жабылбай, мурун көңдөйүнө чейин ачык калуусун аташат.
Орто эсеп менен, жаңы төрөлгөн ар 800 баланын ичинен бирөө жырык эрин, жырык таңдай же бул эки дефект менен тең төрөлөт.
Мындай дефекттери бар балдар көп учурда эмчекти жакшы эме албай, мурун көңдөйүнө өтүп кеткен тамактан какап калышы мүмкүн. Негизи, эмчек эмизүү – мындай балдарды тамактандыруунун эң мыкты жолу.
Сүт баланын тилинин арткы бөлүгүнөн чыгуусу үчүн, эмчекти анын оозуна терең киргизиңиз. | ![]() |
Эне сүтүн андасанда эмчектеринен идишке сыгып, аны кашык менен баласына берип туруусу зарыл болушу мүмкүн. | ![]() |
Какап калбашы үчүн, баланы башын бир аз алдыга эңкейтип отургузуп алып тамактандырыңыз. | ![]() |

Дефекттерди хирургиялык операциянын жардамы менен оңдоо үчүн, болгон мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланыңыз, анткени бул баланын кебете-келбетин, тамактануу жана сүйлөө мүмкүнчүлүктөрүн кыйла жакшыртууга жардам берет. Мындай операцияны жасатуу үчүн эң мыкты курак: жырык эрин үчүн – демейде 4 айдан 6 айга чейин, жырык таңдай үчүн – 18 айга толгончо.
Операцияга даярдануу иретинде, ата-энеси деформациялуу жырык эриндин бөлүктөрүн, алар бир бирине мурундун так ортосунда тийгендей кылып, жакындатып бат-баттан чоюп туруулары керек.
Жырык эрин менен жырык таңдайды атүгүл ийгиликтүү оңдогондон кийин деле, бала сүйлөөсүнө байланыштуу көйгөйлөр далай учурларда сакталышы мүмкүн. Жакындары баланы мүмкүн болушунча тагыраак сүйлөөгө жылуу-жумшак үндөп туруулары кажет. Эриндер жана тил үчүн атайын көнүгүүлөр жардам бериши мүмкүн. Хирургиялык операция жасатуу мүмкүн болбогондо, бала жаңдоо тилин үйрөнүп алуусу зарыл болушу ыктымал. Жаңдоо тилинде, адам оюндагысын башка адамдарга жеткирүүсү үчүн, алакандар менен манжаларын колдонот.