Hesperian Health Guides

КОЛ ЖЕ БУТ ТОЛУК ЖЕ ТАКЫР ӨРЧҮБӨЙ КАЛУУ

Бул бөлүмдө:

DVC Ch12 Page 121-2.png

Кээде, эне кош бойлуулугунун баштапкы мезгилинде кабыл алган дары-дармектердин таасиринен улам бала колу же буту толук же такыр өрчүбөй калып же бул эки дефект менен тең төрөлөт.

Колдору такыр жок болуп, бирок буттары жана бут кетмендери нормалдуу болуп төрөлгөн бала көпчүлүк учурда бут кетмендерин тамактануу, жазуу, сүрөт тартуу, ойноо жана жумуштардын көптөгөн ар кандай түрлөрүн аткаруу үчүн кол сыяктуу пайдалана алат.

Бала өзүн мүмкүн болушунча тейлөөсү үчүн, бут кетмендерин же бул максатка жарактуу болгон, денесинин башка бөлүктөрүн пайдаланууга аны үндөп, кызыктырып, ага дем берип туруу маанилүү.

DVC Ch12 Page 121-3.png

Колдору жана буттары толук өрчүбөй төрөлгөн балага буюмдарды кармоо үчүн илмектери бар кол протездери бир кыйла жардам бериши мүмкүн.

Бул китепте мындай протездерди жасоо боюнча нускамаларды келтирген жокпуз, анткени аларды жасоо бир топ татаал. Ошентсе да, балага мындай протезди алып берүү үчүн, болгон ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланыңыз. Алар баланын турмушун кыйла жеңилдете алат. Эгер мүмкүн болсо, бала протезди 3 жашка чыга электе эле пайдаланып башташы керек.

Алакан-манжалары же бут кетмендери өрчүбөй калып же деформациялуу болуп төрөлгөн балдар үчүн көмөкчү каражаттар жана протездер тууралуу маалыматтарды “Ампутациялар” деп аталган 27-бөлүмдөн жана “Бут протездери” деген 67-бөлүмдөн караңыз.

DVC Ch12 Page 121-4.png
leg with constrictions around the ankle and missing toes
Бул кичинекей кыз колунда жана бутунда резинке таңгыч менен тартылып тургандай калыптанган жерлери бар болуп, кол манжаларынын жана бут кетмендеринин айрым бөлүктөрү такыр өспөй калып төрөлгөн. Мындай деформациялар энеси кош бойлуу кезинде кызамык менен ооруганынан улам пайда болгон. Бут кетмени ушундай болчу.
Айылдык реабилитологдор кызга бут кетменинин жок бөлүгү бар ортопедиялык жасалга жасап беришкен. Кыз мындай жасалганын жардамы менен кадимдимки бут кийимди кийүүгө мүмкүнчүлүк алган.
DVC Ch12 Page 121-6.png
бут үчүн ортопедиялык пластик жасалга
Бул жерине (ичине) жеңил пенопласт салынат.
Бекем пенопластка бут кетменинин жок бөлүгүнүн формасы берилип, ал бут кетменинин гипстен жасалган калыбына (баланын өзүнөн алынган, 58-бөлүмдү караңыз) бекитилген. Андан кийин булардын үстүнө, ысытып формага келтирүү жолу менен пластиктен ортопедиялык атайын жасалганы даярдашкан.




This page was updated:23 Май 2025