Hesperian Health Guides

Катетерди кантип киргизүү керек

Бул бөлүмдө:
Катетерди табарсыкка киргизүү ыкмасын коомчолордогу медициналык-санитардык кызматчыларга жана ата-энелерге оңой эле үйрөтсө болот. Параплегиясы бар балдар жана квадриплегиясы бар балдардын кээ бирлери да муну иш жүзүндө бир нече жолу өз алдынча аткарып көрүү жолу аркылуу өздөштүрүп кете алышат.

Эскертме: Катетерлердин кичинекей балдар үчүн эң ылайыктуу ченемдик чоңдугу – №8–10, чоңоюп калган балдар үчүн – №14–16.


A young child using a catheter lying down
Балдар 5 жаштан баштап өздөрүн катетеризациялоого жөндөмдүү болушат.
күзгү капталынан көрүнүшү
A girl lying down in front of mirror with legs spread open
Кыздар күзгүнүн жардамы менен заара чыгуучу тешигин оңоюраак табышат.


Эскертме: Фолей катетерин колдонууда тазалыкты сактоо чараларын (катетерди кайнатуу, кол кап кийүү) кылдаттык менен аткаруунун мааниси зор. Бирок мезгил-мезгили менен стандарттык катетерди колдонгондо, аны такай стерилизациялап турууга караганда таза суу менен эле тазалап туруу иш жүзүндө ыңгайлуураак (андыктан, бул коопсузураак болушу мүмкүн). Катетерди пайдалангандан кийин, аны дайыма таза суу менен жакшылап жууп, бардык беттери жабылуучу таза идишке салып коюңуз. Катетерди колдоноордо, колдоруңузду жакшылап жууңуз. Табарсыгы автономдуу адамдар үчүн заарасын чыгаруу ыкмалары эскертмени караңыз.




pot of water being boiled over fire
1. Эгер мүмкүн болсо, катетерди (жана колдонулган шприцти же бардык башка аспаптарды) 15 мүнөт кайнатыңыз, же, жок дегенде, жакшылап жууп, таза идиште сактаңыз. 2. Жакшылап киринип туруу зарыл (жок дегенде, күнүгө бир маал). Эркек киши жыныстык мүчөсүнүн учундагы терисинин ичин, ал эми аял киши жыныстык эриндеринин ортосун, эркек киши да, аял киши да булардын айланасын жакшылап жууп турушу керек.
water being poured over vaginal area
hands being washed with soap and water
3. Колдоруңузду самындап жууңуз. Жууп бүткөн соң, колдоруңуз менен стерилдүү же абдан таза нерселерди гана кармасаңыз болот. 4. Жыныстык мүчөнүн астына жана айланасына абдан таза кездеме салыңыз
Boy lying down with clean cloth over belly and under exposed penis.
Putting alcohol on hands.
5. Стерилдүү кол каптарды кийиңиз, же колдоруңузду спирттүү суюктук менен сүртүңүз же хирургиялык самын менен жууңуз 6. Катетерге сууда эрүүчү лубрикантты (нымдоочу гель) сүйкөңүз (вазелин же башка майлар жарабайт).
Putting lubricant on catheter.
7. Эркек киши жыныстык мүчөсүнүн учундагы терисин артка тартып, ал эми аял киши жыныстык эриндерин ачып,
Boy lying down, cleaning top of penis.
хирургиялык самын кошулган сууга малынган стерилдүү кебез менен заара чыгуучу тешигин сүртүп тазаласын.
women steralizing her vagina
8. Эркек киши жыныстык мүчөсүнүн учундагы терисин артка тартып, ал эми аял киши жыныстык эриндерин ачып, катетерди заара чыгуучу тешигине этияттык менен киргизсин. Эгер керек болсо, катетерди бурап киргизсе болот, бирок КҮЧКӨ САЛБАҢЫЗ.
women inserting catheter into her bladder
A catheter being pushed through the penis
Жыныстык мүчөнү ушундай бурчта түз кармаңыз.
9. Катетерди заара чыгып баштамайынча киргизиңиз. Андан соң, дагы 3 см-дей киргизиңиз.

male sitting down and urinating using a catheter
10A. Эгер кадимки катетерди колдонсоңуз, заара кылган сайын, табарсыкты заарадан толук бошотуу үчүн, курсак булчуңдарыңызды түйүңүз же курсагыңыздын төмөнкү бөлүгүн акырын укалаңыз. Андан кийин, катетерди чыгарып, аны жакшылап жууп, кайнатып, бардык беттери жабылуучу таза идишке салып же таза сүлгүр менен ороп сактаңыз. 10Б. Эгер Фолей катетери колдонулса, табарсыктын ичине киргизилүүчү баллонго шприцтин жардамы менен катетер аркылуу 5 мл (же 10 мл-га чейин, эгер 30 мл-дик баллон колдонулса) стерилдүү суу киргизиңиз. Андан кийин, катетердин жоонураак түтүгүнө заара чогултуучу түтүктү же бутка бекитилүүчү атайын капты туташтырыңыз.
permenant catheter is shown and also urine bag attached to thigh
Катетерди ар 2 жума сайын алмаштырып туруӊуз (эгер инфекция пайда болсо, мындан да тезирээк алмаштырып туруу керек).

Катетерди колдонууда инфекциялануудан сактануу үчүн, тазалыкты катуу сактап, стерилдүү, кайнатылган же абдан таза катетерди гана колдонуунун мааниси зор.


ФОЛЕЙ КАТЕТЕРИ (улам киргизилип-чыгарылып турбоочу катетер): Мындай катетер табарсыкка киргизилген абалында дайыма кармалып, заараны үзгүлтүксүз түрдө чыгарып турат. Көбүнчө Фолей катетерин жаракат алуудан кийин дароо колдонуп башташат. Кээде мындай катетер бир нече айлап же жылдап пайдаланылат. Катетер кийим астында бутка бекитилүүчү, заара чогултуучу атайын капка туташтырылат.

Көптөгөн аймактарда бул ыкма эң оңою болуп эсептелет, анткени башка каражаттарды табуу оор. Бирок Фолей катетери далай көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Мисалы:

  • Табарсыкка бактериялар кирип, анын инфекциялануу ыктымалдыгы пайда болот.
  • Табарсык улам дүүлүгүп, анда табарсык таштары калыптанышы мүмкүн.
  • Катетерден эркектик жыныстык мүчөнүн заара аккан ички бетинде жара пайда болушу ыктымал. Мындай көйгөйдү оңдоо үчүн, хирургиялык кийлигишүү талап кылынышы мүмкүн.


Башка ыкмалар жардам бербегенде же башка зарыл жабдуулар табылбаганда, Фолей катетерин пайдаланууга туура келет. Аны колдонуудан көйгөйлөр пайда болбошу үчүн, аны туура пайдалануу абдан маанилүү:

  • Катетерди кармардан мурун, колдоруӊузду дайыма жакшылап жууӊуз.
  • Жыныстык мүчөдөгү катетер киргизилген тешиктин айланасын күнүгө жок дегенде 2 маал жана заңдаган сайын самындап жууп туруңуз.
  • Заара чогултуучу кап катетерге дайыма туташтырылып турууга тийиш. Аны заарадан бошотуу жана жууп тазалоо керек болгондо гана катетерден ажыратыңыз. Заара чогултуучу капты самын же курамында хлор бар дезинфекциялоочу эритме менен жууп, анан суу менен чайкаңыз.
  • Эгер катетердин оозун тосуп коюу зарыл болсо, стерилдүү тыгынды пайдаланыңыз. Эч качан айнек ампуланы (кичинекей бөтөлкө) колдонбоңуз, анткени ал сынып, жаракат келтириши мүмкүн.
  • Заара кайра табарсыкка куюлбашы үчүн, заара чогултуучу кап табарсыктын деӊгээлинен ылдыйыраак болууга тийиш.
  • Дɵӊгɵлɵктүү отургучта отурган кезде катетерди жабышчаак тасманын жардамы менен бутка бекитип коюңуз. Жатар алдында эркек балдар катетерди курсагына бекитип коюшу керек.
  • Табарсык заарадан жакшы бошонуп жатканын жана катетер тосулуп калбаганын улам текшерип туруруңуз. Катетердин бүгүлүп калуусуна жол бербеңиз.
  • Адамды оодарганда, көтөргөндө же ары-бери жылдырганда, заара чогултуучу кабын да кошо жылдырууну унутпаңыз. Катетер тартып чыгарылуусуна же адамдын астында калуусуна жол бербеңиз.
  • Эгер катетер тосулуп калса, аны чыгарып, ал аркылуу кайнатылган сууну чоң басым менен өткөрүп, анан аны кайра табарсыкка киргизиңиз. Же жаңысын колдонуңуз. Чукул кырдаалдарда, табарсыкка киргизилген абалында эле катетерге кайнатылган жылымык сууну басым менен киргизсеңиз болот. Ал үчүн стерилдүү же абдан таза шприцти пайдаланыңыз.


КАТЕТЕР-КОНДОМ: Бул ыкма заара кылуусун башкара албаган эркек чоң кишилер жана балдар үчүн иш жүзүндө пайдаланууга ыңгайлуу. Билбей заараны коё берип алуудан сактануу үчүн, бул ыкманы рефлексти стимуляциялоо ыкмасы менен чогуу колдонууга болот.

Boy using crutches, wearing a condom catheter.
катетер-кондом
кадимки кондом
полиэтилен баштыкча

Катетер-кондом – эркектик жыныстык мүчөгө кийилүүчү жука резинке кап. Анын башында заара чогултуучу капка туташтырылуучу түтүгү бар. Мындай катетердин чоңдуктары ар кандай болот.

Эгер катетер-кондомдун баасы өтө эле кымбат болсо же ал жок болсо, заара чогултуучу түтүктү кадимки эле кондомго резинке же жабышчаак тасманын жардамы менен бекитип алып пайдалануу мүмкүн.

Же болбосо, абдан таза болгон полиэтилен баштыкчаны деле пайдаланса болот. Жаш балага резинадан жасалган кол каптын манжа бөлүгү деле жарай берет.

Кондомду эркектик жыныстык мүчөгө карматуу үчүн, төмөнкү сүрөттөрдө көрсөтүлгөндөй, абдан чоюлчаак келген жабышчаак атайын тасманы колдонсоңуз болот.

Кондомду эркектик жыныстык мүчɵгө жабышчаак тасманын жардамы менен кантип карматса болот

ЭСКЕРТҮҮ! Абдан чоюлчаак жабышчаак тасманы гана колдонуңуз. (Стандарттык жабышчаак тасма кан айланууну оорлотуп, жыныстык мүчө шишүүсүнө алып келиши мүмкүн.)

1. 2. 3.
Penis, razor and scissor.
Penis, pot of water, soap and cloth.
Applying skin prep to penis.
Түктү кыркып алып салыӊыз. Жыныстык мүчɵнүн учундагы терини артка тартыңыз. Мүчөнү самын менен жакжакшылап жууп, кургатыӊыз. Кондом териге жакшыраак кармалуусу үчүн, майсыздандыруучу атайын затты (бензоиндин тундурмасын) колдонуңуз.
4. Жыныстык мүчɵнүн учундагы терини ордуна тартып, жыныстык мүчɵнүн башын жабыңыз. 5. 6.
What the condom catheter should look like on Penis.
Constay tape  on upper part of condom catheter covered penis.
жабышчаак тасма
Condom catheter covered penis with tape and rubber rim holding condom down.
Кондомду жыныстык мүчɵгө мынча жерин бош калтырып кийгизиңиз. Жабышчаак тасманы кондомго катуу тартпай, бошураак эле, бирок жабышкыдай кылып тегерете ороңуз. Кондомдун аягын ага оролгон тасманын үстүнɵ кайрып коюңуз.
7. 8. 9.
Putting on second strip of tape on the top of condom catheter, touching skin.
Cutting off rubber rim.
Catheter tubes for bed and to be attached to leg.
Тасманын дагы бир бөлүгүнүн жарымын кондомго, жарымын териге айланта ороңуз. Кондомдун аягындагы резинкеден болгон шакек сымал бөлүгүн кесип алып салыңыз. Кондомду заара чогултуучу капка туташтырыӊыз.

Кондомду жыныстык мүчөгө карматуунун эң коопсуз жана эң жөнөкөй жолдорунун бири – жумшак поролондон шакек формасында бөлүк кесип алып, аны жыныстык мүчөгө чоюлган кондомго кийгизип, кондомдун аягын ошо бөлүккө кайрып коюу.
Rubber ring.
Rubber ring holding condom catheter in place on penis.
Мындай “шакекти” кайрадан колдоно берсе болот. Кондомду да жакшылап жууп, кайрадан колдонсо болот.

КОНДОМДОРДУ КОЛДОНУУДАГЫ САКТЫК ЧАРАЛАР:

  • Кондом жана жабышчаак тасма эркектик жыныстык мүчɵнү кыспоого тийиш – эгер булар өтө эле тыгыз кийгизилсе, кан жыныстык мүчө боюнча жакшы жылбай, жыныстык мүчөгө чоң зыян келтирилиши мүмкүн. Чоюлбоочу жабышчаак тасманы колдонбоңуз.
  • Эгер эрекциялар (эркектик жыныстык мүчөнүн көлөмү чоңоюп, өзү катуулануу) орун алса, кондомду жыныстык мүчөгө эрекция учурунда кийгизүүгө аракет кылыңыз.
  • Кондомду күнүгө бир маал чечип, жыныстык мүчөнү жакшылап жууп туруңуз.
  • Баары жайында экенине ынанып туруу үчүн, кондомду жана жыныстык мүчөнү улам текшерип туруңуз.
  • Эгер мүмкүн болсо, кондомду түнкүсүн чечип коюңуз. Заараны чогултуу үчүн, бөтөлкө же заара чогултуучу атайын кап колдонуңуз
  • Эгер эркектик жыныстык мүчөгө зыян келтирилсе, ал шишисе же сезгенсе, жыныстык мүчө калыбына келмейинче, кондомду колдонбоңуз.




This page was updated:30 Дек 2025