Hesperian Health Guides
ЖҮЛҮН ЖАБЫРКАГАНДА ЖЕ ЖҮЛҮН ЧУРКУСУ БАР БОЛГОНДО ИЧЕГИЛЕРДИН ФУНКЦИЯСЫН БАШКАРУУ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 25-БӨЛҮМ: Табарсыктын жана ичегилердин функцияларын башкаруу > ЖҮЛҮН ЖАБЫРКАГАНДА ЖЕ ЖҮЛҮН ЧУРКУСУ БАР БОЛГОНДО ИЧЕГИЛЕРДИН ФУНКЦИЯСЫН БАШКАРУУ
Адамдын жүлүнү жабыркаганда, ал дээрлик дайыма ичегилерин (заңдоосун) башкара албай калат. Мындай жагдайда адам үчүн денесин таза кармоо кыйын болуп, ыңгайсыздыктар жаралат, ал өзүн эркин сезе албай кысылат. Мындай көйгөйү бар адам ичегилериндеги заңды чыгарбай кармоочу жана сыртка чыгаруучу булчуңдарын ушу бойдон толук башкара албай калса да, ал күнүгө белгилүү бир убактарда башка бирөөнүн жардамы менен заңдоону үйрөнүп алса болот. Заңдоонун мындай ыкмасынын жардамы менен ал өзүн кыйла эркин сезип, мектепте окуусуна, жумуш аткаруусуна жана башка коомдук иштерге катышуусуна жол ачылат.
Жүлүнү жабыркаган адамдарда ич катуу (башкача айтканда, заң катып калып, бир нече күндөп чыкпайт) көйгөйү да көп учурайт. Ич катуу ичегилерин башкара албаган адамга белгилүү бир даражада атүгүл жардам бериши мүмкүн. Бирок аны менен бирге андан ичегилер бүтөлүп калуу же дисрефлексия сыяктуу олуттуу көйгөйлөр пайда болот. Андыктан, олуттуу ич катууга жеткирбөө үчүн, төмөнкүлөрдү аткаруу маанилүү:
- кɵп суу ичип туру;
- курамы орусча “клетчатка” деп аталган заттарга бай азыктарды (кебек, толук дандуу өсүмдүктөр, мөмөлөр, жашылчалар, буурчактар, жаңгактар, данектер) жеп туруу;
- ичегилерди заңдан бошотууга жардам берген ыкманы күнүгө белгилүү бир убактарда үзбөй аткарып туруу;
- активдүү болуу.
Мазмуну
Ичегилерди заңдан бошотуу программасын пландоо
Мындай программа төмөнкүчө аткарылганда, ийгиликтүү болот:.
- Программаны күнүгө (же эки күндө бир жолу) жана дайыма бир убакта аткаргыла. Аны аткаруунун алдында бала билбей заңдап алса же анын ичи өтүп жатса деле баары бир аны аткаргыла.
| Параплегиялык шалдыгы бар 8 жашар кыз параплегиялык шалдыгы бар 5 жашар кызга ичегисин заңдан бошотууга жардам берип жатат. (Жесиканын окуясын караңыз.) |
- Адам жабыркоосуна чейин кайсы убакта заңдоого көнүп калган болсо, программаны деле так ошол убакта убакта аткарып тургула. Заңдоо көбүнчө тамактануудан же ысык суусундук ичүүдөн кийин жакшыраак жүрөт.
- Эгер мүмкүн болсо, аны дааратканада же атайын идишинин үстүнөн аткаргыла. Жаткан абалга салыштырмалуу отурган абалда оңоюраак заңдалат.
- Бул иште шашылбоо керек. Заңдан бошонуунун жаңы ыкмасын эбине келтирүү үчүн, кээде буга бир нече күн же бир нече жума кетет
Ичеги түрлɵрү
Ичегисинин түрүнө (“автономдуу”, “бошоң” же “кайра артка тартып туруучу”) жараша түрдүү адамдарга түрдүү ичегини бошотуу программалары талап кылынат.
- “Автономдуу ичеги”, демейде, буттарында булчуң спазмдары кармаган жана табарсыгы “автономдуу” типте иштеген адамдарда учурайт. Арткы тешиктин айланасындагы булчуңдар (сфинктер) арткы тешикти жабык боюнча кармайт. Ичегилердеги заңдан бошонуу үчүн, сфинктер ичегилер тарабынан стимуляцияланып, арткы тешикти ачат. Автономдуу ичеги суппозиторий шамынын таасири астында же манжа менен стимуляцияланганда “кыймылга келет”.
- “Бошоң ичеги”, демейде, жүлүнү омуртка тутумунун төмөнкү бөлүгүнөн жабыркаган, буттары алсыз (спастикасыз), ал эми табарсыгы “бошоң” адамдарда учурайт. Мындай адамдардын сфинктери да “бошоң” болгондуктан, арткы тешигинен заң кичинеден чыга берет. Бошоң ичеги манжа менен стимуляциялоого жооп бербейт.
- “Кайра артка тартып туруучу ичеги” автономдуу түрүнө да, бошоң түрүнө да окшобойт. Мындай ичегиге манжа салынганда, заң ичеги боюнча кайрадан жогору жылып кетүүсүн сезүүгө болот.
“АВТОНОМДУУ ИЧЕГИ” ҮЧҮН ПРОГРАММА
- Эгер мүмкүн болсо, суппозиторий шамын колдонуудан баштаңыз. Колуңузга кол кап же манжаңызга полиэтилен баштыкты кийип, аны майлап, суппозиторий шамын көтөн чучукка болжол менен 2 см-дей киргизиңиз. Аны заңга эмес, көтөн чучуктун бетине жанаштыра түртүңүз. (Же болбосо, бул ыкманы суппозиторий шамын колдонбой эле аткарыңыз. Демейде, манжа менен стимуляциялоо эле жетиштүү болот.)
- 5 же 10 мүнөт күтүңүз. Андан соң, ажатканага же атайын идишине отуруусуна ага жардам бериңиз. Эгер бала отура албаса, сол капталына (эски гезиттин бетине) жаткырыңыз.
- Май сүйкөлгөн манжаңызды көтөн чучукка 2 см-дей киргизиңиз. Арткы тешик бошоңдоп, заңды чыгаруусу үчүн, манжаңызды болжол менен 1 мүнөттөй көтөн чучук боюнча этияттап айлантыңыз.
- Бул ыкманы 3 же 4 ирет же заң чыгып бүтмөйүнчө кайталаңыз.
- Арткы тешиктин айланасын жакшылап тазалап, колдоруңузду жууңуз.
“БОШОӉ ИЧЕГИ” ҮЧҮН ПРОГРАММА
Мындай ичеги заңды түртүп сыртка чыгара албагандыктан, аны манжанын жардамы менен чыгаруу зарыл. Муну дайыма тамактануудан кийин же жок дегенде күнүнө бир маал аткарган жакшы.
|
Жука резинкеден жасалган кол кап же атайын “манжа кап” манжаны таза кармоого жардам берет. |
| ||
|
полиэтиленден кесим
кездеме же кагаз
күзгү
Эгер мүмкүн болсо, баланы сол капталына жаткырыңыз | ||
| Балдар ичегисин өздөрү эле заңдан бошотууга жөндөмдүү болушат. | ||
“КАЙРА АРТКА ТАРТЫП ТУРУУЧУ ИЧЕГИ” ҮЧҮН ПРОГРАММА
Ичегинин мындай түрүндө заңдан бошонуунун жогоруда каралган ыкмалары негизи жардам бербейт. Көтөн чучукту манжанын жардамы менен стимуляциялаганда, ичеги заңды чыгарбай эле, тескерисинче, кайра жогору түртөт. Ичегиси ушундай иштеген адам капыстан күнүнө бир нече жолу билбей кийимине заңдап коёт. Көп учурда төмөндөгүдөй чараларды көрүү жардам берет:
- Адегенде, көтөн чучукка анестезиялык майды (мисалы, ксилокаин) бир аз киргизиңиз. Эгер мындай май жок болсо, вазелинге же башка гельге ксилокаиндин эритиндисин кошуп колдонсоңуз болот.
- Бир нече мүнɵт күтүңүз. Андан соң, автономдуу ичегиге карата пайдаланылуучу ыкманы колдонуңуз.
МААНИЛҮҮ КОШУМЧА НЕРСЕЛЕР
- Клизманы же ич алдыруучу дары-дармектердин күчтүү түрлөрүн такай колдонбоңуз. Алар ичегилерди чоюп, булчуңдарын жабыркатып, заңдан бошонуу ыкмасын үзбөй аткарып турууну кыйындатып жиберет. Ич алдыруучу дарылардын анча күчтүү эмес түрлөрүн мезгил-мезгили менен, зарыл болгондо, колдонуу мүмкүн. Бирок демейде суюктуктардан көбүрөөк ичип, курамы орусча «клеткатча» деп аталган заттарга бай азыктар менен тамактанып туруу эле жетиштүү.
- Эгер заңда ачык кызыл түстүү кан бар болсо, заңдан бошонуу ыкмасын аткаруу учурунда кан тамыр жарылып кеткен болушу мүмкүн. Андыктан, заңдан бошонуу ыкмасын аткаруу учурунда этияттуураак болуңуз! Эгер кан каралжын (вена кан тамырынан) түстүү болсо же заң кара май өңдөнсө, дарыгерге кайрылыңыз.
- Эгер заң суюлуп (ич өтүү), бир аз чыкса, ичеги бир жеринен бүтөлүп калганын кабарлашы мүмкүн. Мындай көрүнүш заң тоголоктошуп катып калганда байкалат. Мындай бүтөлүүдөн суюктук гана өтө алат. Ич өтүүнү токтотуучу дарыларды колдонбоңуз, анткени андан бүтөлүү ого бетер күчөп кетиши мүмкүн. Катып калган заңды манжаңыз менен алып салууга аракет кылыңыз.
Ичегини заңдан бошотуунун мындай ыкмасы адегенде машакаттуу жана абдан таза эмес иш болуп сезилет. Бирок адам буга тез эле көнүп кетет. Мындай ыкма адамдын ден соолугу жана социалдык (башка адамдар менен катнашуусуна байланышкан) бейпилдиги үчүн абдан маанилүү. Бул ыкманы дароо баштап, күнүгө, такай бир маалда, БИР ДА КҮН КАЛТЫРБАЙ аткаргыла.