Hesperian Health Guides

Табарсыгы автономдуу адамдар үчүн заарасын чыгаруу ыкмалары

Бул бөлүмдө:

1. РЕФЛЕКСТИ СТИМУЛЯЦИЯЛОО: Бул ыкманын жардамы менен заара кылууга даяр адамдын табарсыгынын заарадан бошонуу рефлексин иштетүүгө болот. Бул ыкманы ажатканага отуруп алып же заара чогултуучу атайын идишти колдонуп аткарууга болот. Табарсыктын ичине эч нерсе киргизүү кереги жоктугу үчүн, адегенде ушул ыкманы колдонуп көрүү керек. Бул ыкма оңой болгондуктан, аны бала өз алдынча жасай алат.
  • Курсактын тɵмɵнкү бɵлүгүн (табарсыктын тушун) колуӊуз менен бир мүнɵттөй такылдатыӊыз. Андан соң такылдатууну токтотуп, заара чыгуусун күтүӊүз.
  • Кайрадан такылдатыӊыз. Заара чыкпай калганча муну бир нече жолу кайталаңыз.
Эгер мүмкүн болсо, жумасына бир жолу, рефлексти стимуляциялоо ыкмасын колдонгондон кийин, табарсыкта канча заара калганын аныктоо үчүн, катетерди пайдаланыңыз. Эгер табарсыкта калган зааранын көлөмү чай чыныга баткан көлөмдөн (150 милилитр) аз болсо, рефлексти стимуляциялоо ыкмасын улантыңыз. Эгер көлөмү мындан көп болсо жана бул бир нече жолу кайталанса, табарсык заарадан жетишерлик даражада бошонбой жүргөнү анык. Башка ыкманы колдонуп көрүү зарыл.
A child sitting on latrine patting her stomach
2. МЕЗГИЛ-МЕЗГИЛИ МЕНЕН КАТЕТЕР КОЛДОНУУ: Мындай ыкма табарсык өтө толуп кете элегинде заарадан толук бошонуп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Рефлексти стимуляцилоо ыкмасына денени даярдоо үчүн, кээде ушул ыкма пайдаланылат. Табарсыкты заарадан бошотуу үчүн, табарсыкка ар 4–6 саат сайын таза же стерилдүү стандарттык катетер киргизилип колдонулат.

Катетерди табарсыкка киргизүү боюнча нускамаларды кийинки беттен караңыз.
ЭСКЕРТҮҮ! Эгер суюктук демейкиден көбүрөөк ичилсе, табарсык өтө катуу чоюлуп кетүүсүнө жол бербөө үчүн, катетерди да демейкиден көбүрөөк жолу киргизип туруу керек.
A male inserting catheter into his bladder through penis

Эскертме: Заара бөлүп чыгаруу системи инфекциялануу ыктымалдыгын азайтуу үчүн, катетерди такай жана көбүрөөк жолу пайдалануу стерилдүү катетерди пайдалануудан маанилүүрөөк. Катетерди кайнатып тазалоого мүмкүнчүлүк жок (мисалы, саякатта жүргөндө же мектепте) болгондуктан гана аны колдонбой калуу туура эмес. Болгону, колдонгондон кийин, катетерди ичкен суу менен эле жууп, таза идишке салып же сүлгүр менен ороп коюңуз. (Катетерди колдонууну өтө узак убакытка токтотпоңуз. Дегеле аны колдонууну такыр токтотпоңуз. Табарсык үчүн заарадан бошонуп туруу маанилүү.)




This page was updated:30 Дек 2025