Hesperian Health Guides
ЗААРА БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМИНИН ИНФЕКЦИЯЛАРЫ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 25-БӨЛҮМ: Табарсыктын жана ичегилердин функцияларын башкаруу > ЗААРА БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМИНИН ИНФЕКЦИЯЛАРЫ
Белгилери
Денесинде сезгичтиги жоголбогон соо адамдын заара чыгаруу жолдорунда инфекция пайда болсо, ошол адам заара кылганда, заара чыгуучу каналынын ачышып жатканын сезет. Ал эми жүлүнү жабыркаган адам мындай ачышууну такыр сезбеши мүмкүн, андыктан инфекция пайда болгонун эретсинде аныкташ үчүн, ал башка белгилерин издеши керек. Ал мындай абалга мүнөздүү болгон белгилүү бир жагымсыз сезимдерди тааный билүүнү же өзүн демейдегидей соо сезбегенин ажырата билүүнү үйрөнүп алса болот. Ата-энелер жана коомчолордогу медициналык-санитардык кызматчылар балдарды кунт коюп угуп, аларда инфекция башталганын билдирген жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө же башка белгилерге көңүл бурууга тийиш.
|
Заара бөлүп чыгаруу системи инфекцияланганын билдирүүчү белгилер
|
Башка белгилери
|
Дарылоо
Инфекциялануунун биринчи белгилери байкалары менен, демейдегиден көбүрөөк суу ичип баштаңыз.
Антибиотиктерди (бактерияларга каршы дарылар) да колдонуу керек болушу мүмкүн. Бирок антибиотиктерди улам колдоно бербеңиз, анткени андан алардын таасири азайып кетиши ыктымал (бактериялар бул дарыларга туруктуу болуп калышы мүмкүн).
Эгер адамдын заара бөлүп чыгаруу системи буга чейин көп ирет инфекцияланган болсо, заарада бактериялардын кайсы түрү бар экенин жана аларга каршы кайсы антибиотиктер жардам берерин лабораториялык жол менен аныктоо талап кылынат. Эгер мүмкүн болсо, заара бөлүп чыгаруу системинин оорулары боюнча адистен кеңеш издеңиз. Эгер мүмкүн болбосо, аяккы жолу иш жүзүндө жардам берген дарыдан баштаңыз.
Эгер заара бөлүп чыгаруу системи биринчи жолу инфекцияланса:
- Кийинки беттеги 1-топтогу дарылардын бири менен дарылоону баштаңыз. 2 күндөн кийин, эгер адамдын ахывалы оңоло баштабаса, ошол 1-топтогу дарылардын башкасын колдонуп көрүңүз.
- Эгер 1-топтогу дарылар жардам бербесе, 2-топтогу дарыларга өтүңүз.
- Эгер дары жардам берип жаткандай өңдөнсө, аны жок дегенде бир жума же инфекциянын бардык белгилери жоголгондон кийин дагы 3 күн колдонуңуз. Дары жардам бербегенде же олуттуу терс таасирлери байкалганда гана, аны башка дарыга алмаштырыңыз. Антпесе бир дарыны аягына чейин колдонуңуз.
| ЗААРА БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМИНИН ИНФЕКЦИЯЛАРЫН ДАРЫЛОО | ||||
|---|---|---|---|---|
| 1-ТОП | ||||
| Дарынын аталышы (жана кеңири кездешкен фирмалык аталышы) |
Баланын жашы | Дозасы | Кабыл алуу тартиби | |
| A. Котримоксазол (400 мг сульфаметоксазол, 80 мг триметоприм менен чогуу) (Бактрим же Септра) | 6 жумадан 5 айга чейин | ¼ таблетка | күнүнө 2 маал | |
| 6 айдан 5 жашка чейин | ½ таблетка | |||
| 6 жаштан 8 жашка чейин | 1 таблетка | |||
| 9 жаш жана андан жогору | 2 таблетка | |||
| Эскертме. Эгер бул дарыны көп суу менен чогуу ичпесе, дары бөйрөктөрдү жабыркатышы мүмкүн. Бул дарынын курамында активдүү зат эки эсе көп болгон түрлөрү да чыгарылат (Бактрим DS жана Септра DS). Эгер дарынын мындай эки эсе күчтүү түрү колдонулса, дозасын тууралап бериңиз. | ||||
| Б. Амоксициллин (фирмалык аталыштары көп) (100 мг/кг/күнүнө) |
2 жашка чейин | 125 мг | күнүнө 3 маал | |
| 2 жаштан 10 жашка чейин | 250 мг | |||
| 10 жаштан жогору | 250–500 мг | |||
|
ЭСКЕРТҮҮ! Бул дарыны пенициллинге аллергиясы бар адамдарга бербеңиз. | ||||
| В. Нитрофурантоин (Фурантадин, Макродантин) (3 айдан баштап: 5–7 мг/кг/күнүнө) | 1 айдан 5 жашка чейин | 25 мг | күнүнө 4 маал | |
| 6 жаштан жогору | 50 мг | |||
| 2-ТОП | ||||
| Цефалексин (Кефлекс) (25–50 мг/кг/күнүнө) | 4 айдан 1 жашка чейин | 62 мг | күнүнө 4 маалa | |
| 1 жаштан 4 жашка чейин | 125 мг | |||
| 5 жаштан 12 жашка чейин | 250 мг | |||
| Заара бөлүп чыгаруу системи инфекцияланган адамдардын бардыгы көп суу ичиши керек. Дары колдонулган мезгилде бул айрыкча маанилүү. Инфекциянын белгилери жоголгондон кийин дагы 3 күн дарыны кабыл алыңыз, көп суу ичүүнү улантыңыз жана бардык сактык чараларын аткарыңыз. | ||||
ЗААРА БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМИНИН ИНФЕКЦИЯЛАНУУСУНУН АЛДЫН АЛУУ
- Кɵп суюктук ичиңиз: чоң кишилер, күнүнө жок дегенде 2 литр (8 чыны).
- Заараны кычкылыраак кылуу үчүн, алма, жүзүм, орусча “клюква” деп аталган жемиш жеңиз же булардын ширесин ичиңиз, же болбосо, С витаминдүү таблеткаларды кабыл алыңыз. (Эскертме. Апельсиндин же лимондун ширеси жана башка цитрус мөмөлөрү же алардын ширелери жарабайт! Булар зааранын кычкылдыгын азайтып жиберет.)
- Табарсыкты заарадан бошотуу ыкмасын колдонордун алдында, аны аткаруу учурунда жана андан кийин, колдоруңузду, катетерди жана заара чогултуучу капты абдан таза кармаңыз.
- Күндүзү төшөктө эле жата бербеңиз. Убактыңызды активдүү өткөрүңүз.
- Фолей катетерин бүктөбөңүз же аны бир нерсе менен тосуп салбаңыз. Эгер мындай кадамга баруу абдан зарыл болсо, анын оозун стерилдүү тыгын менен тосуңуз.
- Табарсыкты заарадан бошотуу үчүн колдонуп жаткан ыкманы үзбөй аткарыңыз. Табарсыкта заара калып калуусуна жол бербеңиз.
- Заара чыкпай калгандай болуп катетер бүгүлүп же оролуп калуусуна жол бербеңиз.
- Эгер мезгил-мезгили менен стандарттык катетерди колдонуп жүрсөңүз, аны такай, жок дегенде, ар 4–6 саат сайын пайдаланып турууну эстен чыгарбаңыз. Заара бөлүп чыгаруу системинин инфекциялануусуна жеткирбөө үчүн, катетерди колдонуу жыштыгы анын стерилдүүлүгүн сактоодон маанилүүрөөк. Катетерди алдын ала кайнатпай колдонуп жиберүү аны такыр колдонбой коюуга салыштырмалуу коопсузураак. Эгер заара бөлүп чыгаруу системи улам инфекциялана берсе, катетерди көбүрөөк пайдаланыңыз.