Hesperian Health Guides

“Табарсыгы бошоң” адамдар үчүн заараны чыгаруу ыкмалары

Бул бөлүмдө:
Эгер адамдын табарсыгы “бошоң” (гипотондук) болсо, аны рефлексти стимуляциялоо ыкмасынын жардамы менен заарадан бошотуу эч мүмкүн эмес. Мындай табарсыкты заарадан бошотуп турууга жарактуу ыкма табылып колдонулбаса, табарсыкта дайыма заара калып калат.

  1. Табарсыкты бошотуу үчүн, ар 4–6 саат сайын стандарттык катетерди киргизип туруңуз. Катетерди киргизүү иш-аракеттеринин ортолорунда аккан заараны чогултуу үчүн, сүрөттөлгөндөй, жыныстык мүчөсүнө кондом кийип алса болот.
  2. A Фолей катетерин деле пайдаланууга болот, бирок андан кɵйгɵйлɵр пайда болушу мүмкүн.
  3. Хирургиялык ыкманы да караштырып көрсө болот. Мындай ыкманын жардамы менен курсакта кичинекей тешик жасалат. Заара ошол тешик аркылуу атайын капка чогултулуп турат. Же курсактын төмөнкү бөлүгүнө кичинекей тешик жасалып, ал аркылуу табарсыкка атайын катетер киргизилет.

“БОШОӉ ТАБАРСЫКТЫ” БОШОТУУ ҮЧҮН БАШКА ЫКМАЛАР – КЫЗДАР ЖАНА ЭРКЕК БАЛДАР ҮЧҮН

  • “Басып чыгаруу” ыкмасы:
Же заара табарсыктан чыгышы үчүн, курсак булчуңдарын түйсүн.
a girl pushing down bladder while trying to urinate sitting
Колдору менен табарсыгынын тушун ылдый көздөй бассын.
a boy trying to urinate sitting and tightening stoamch muscles Же болбосо, курсагынын төмөнкү бөлүгүнө муштумун коюп, тулкусун алдыга эңкейтүү жолу менен табарсыгын этияттап бассын


Бул ыкма көптөгөн адистер тарабынан сунушталат, бирок ал көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Эгер курсакты басуу учурунда анын булчуңдары бош кармалбай, зааранын сыртка чыгуусуна тоскоолдук жаратса, заара кайрадан бөйрөктөргө өтүп, алардын инфекциялануусуна жана жабыркоосуна алып келиши ыктымал. Ушул себептен, “басып чыгаруу” ыкмасы курсакты этияттап акырын басуудан заара оңой чыкканда же андан башка мүмкүн жол жок болгондо гана колдонулууга тийиш.

  • Табарсыгы “бошоң” эркек балдар кондом ыкмасын колдонушса болот. Бирок аны менен бирге күнүнө жок дегенде 3 маал кадимки катетерди да пайдаланып туруулары оң. Анткени табарсык заарадан толук бошонбой, бул анын инфекциялануу ыктымалдыгын көбөйтөт.



This page was updated:30 Дек 2025