Hesperian Health Guides
16-БӨЛҮМ: Ювенилдик артрит: Балдардагы өнөкөт артрит
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 16-БӨЛҮМ: Ювенилдик артрит: Балдардагы өнөкөт артрит
АНЫ КАНТИП АНЫКТАСА БОЛОТ?
- Артрит (муун ооруу) көбүнчө 5–10 жаш аралыгында башталат, бирок аны менен мындан да жаш балдар же өспүрүмдөр деле оорушу мүмкүн.
- Демейде, баланын абалы бир нече жылда улам күчөп начарлайт.
- Мезгил-мезгили менен муун ооруу жана илдеттин башка белгилери бирде басаңдап, бирде кайра күчөп турат.
- Артрит балдардын ар биринде ар түрдүүчө байкалат. Ал жеңил же оор формасында байкалышы мүмкүн.
Белгилери
Адегенде бул муундар жабыркайт | |
|
![]() |
Кийин бул муундар жабыркайт | |
![]() |
|
![]() |
![]() |
Оор артрити бар бала көп учурда колубуттарын бүгүп алганда эң аз ооруткан абалды таап отурууга аракет кылат. Чоюу көнүгүүлөрү такай аткарылбаса жана дене туура абалына келтирилип кармалбаса, баланын басуусуна же атүгүл буттарына туруусуна жол бербөөчү контрактуралар калыптанышы мүмкүн. | Моюндун жана астынкы жаактын муундарында оор артрити бар баланын ээги кичинекей жана кыска болушу мүмкүн. |
![]() |
![]() |
Кол манжалары абдан ичкерип жана деформацияланып, же, тескерисинче, жооноюп (бирок учтары ичке болуп) кетиши мүмкүн. |
Колу-буттардын манжаларында контрактуралар калыптанышы мүмкүн жана кийин сөөктөрү бир бирине жабышып биригип калышы ыктымал. | Кырк муундар жана таман сөөк - жото жилик муундары муунагып, бүгүлүү абалдарында катыгансып калышы мүмкүн. |
This page was updated:23 Май 2025