Hesperian Health Guides
АЛДЫН АЛУУ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 9-БӨЛҮМ: Балдардын церебралдык шалдыгы > АЛДЫН АЛУУ
- Эне боюна бүтүүсүнө чейин жана кош бойлуу кезинде мыкты тамактануусу баласы ара туулуусунун, демек, БЦШ пайда болуусунун ыктымалдыгын азайтат.
- Кыздар жыныстык жактан толук жетилмейинче (16–17 жаш) боюна бүтүүдөн сактанууга тийиш.
- Кош бойлуу кезинде зарылдыгы жок дарыларды кабыл алуудан оолак болууга тийиш.
- Кош бойлуу кезинде кызамык менен ооруган адамдардан оолак болууга тийиш. Боюна бүтө элегинде кызамыкка каршы эмдөөдөн өтсүн.
- Кош бойлуу аял төрөткө чейин медициналык текшерүүлөрдөн такай өтүп турууга тийиш. Эгер төрөтү көйгөйлүү болушу мүмкүн деп, бир аз болсо да, шектенсеңиз, төрөттү дасыккан аначы же доктур – эгер мүмкүн болсо, ооруканада – кабыл алуусуна аракет кылыңыз. (“Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин 256-бетиндеги “Өзгөчө коркунуч белгилери” деп аталган тизмени караңыз.)
- Толгоо башталганда, аначыга же доктурга төмөнкү 2 ыкманын жардамы менен төрөттү тездетүүгө уруксат бербеңиз:
жатынды катуу басуу, |
же бала төрөлгүчө гормондорду (окситоцин, питуитрин, ж.б.у.с.) сайып киргизүү |
БОЛБОЙТ! | БОЛБОЙТ! |
![]() |
![]() |
- Кош бойлууну төрөтүү учурунда көрүлүүчү сактык жана тез жардам берүү чараларынын бардыгын билип алыңыз жана буларды аначы да билүүсүн камсыз кылыңыз. Бала көк жана араң жан болуп төрөлүп, дароо дем алып баштабаганда же киндик түтүгү мойнуна оролуп калганда эмне кылуу керектигин билип алыңыз. Жакынкы бейтапканага же эмканага тез жетүү үчүн, кошумча арга катары унаа пландаңыз. (Where Women Have No Doctor (Аял кишинин ден соолугу үчүн) деп аталган китептин 88–95-беттерин караңыз.)
- Балага эмчек эмизиңиз (эмчек сүтү инфекциялардын алдын алат жана алар менен күрөшүүгө жардам берет) жана эмчек сүтүн жетиштүү көлөмдө ичип туруусун камсыз кылыңыз. (“Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин 121- жана 271-беттерин караңыз.)
- Ымыркай жугуштуу ооруларга (айрыкча, кызылча оорусуна) каршы зарыл эмдөөлөрдөн өтсүн.
- Эгер баланын дене табы катуу көтөрүлсө,
аны оромунан толук бошотуңуз; | эч качан аны жалаяктары менен оробоңуз же кийимин кийгизбеңиз. |
![]() |
![]() |
Эгер дене табы абдан катуу көтөрүлсө, дене табы төмөндөмөйүнчө, денесин нымдуу кездеме менен сүртүп, аны сүлгүр менен булгалаңыз. | Бул дене табын ого бетер көтөрүп, денесинин карышып солкулдоосуна же мээсинде биротоло бузулуунун пайда болуусуна алып келиши мүмкүн. |
Дене табы көтөрүлгөн бала көп суюктук ичүүсүн камсыз кылыңыз жана “Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин 75- жана 76-беттеринде келтирилген зарыл башка сунуштарды да аткарыңыз.
- Менингиттин белгилерин билип алыңыз. Кийин, анын белгилери пайда болсо, токтоосуз медициналык жардам үчүн доктурга кайрылыңыз (же өзүңүз дарылоону баштаңыз).

- Эгер ымыркайдын ичи өтсө, регидратациялоочу (денеде суунун көлөмүн калыбына келтирүүчү) суусундук даярдап, ымыркайдын денесинин суусуздануусуна жол бербөө же аны жоюу үчүн, суусундукту ар бир нече мүнөт сайын ымыркайга бериңиз. (“Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин 151–161- беттерин караңыз.)
Дененин суусуздануусуна жол бербөө дене карышып солкулдоосуна жана мээ жабыркоосуна (БЦШ) жеткирбөөгө жардам берет.

БУЛ КИТЕПТИН БЦШ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАРДЫ КАМТЫГАН БАШКА БӨЛҮКТӨРҮ
БЦШ майыптыкка алып келүүчү, бир катар бузулууларды жана муктаждыктарды камтыган, комплекстүү илдет болуп эсептелет. Андыктан сизге керектүү негизги маалыматтардын чоң бөлүгү бул китептин башка бөлүмдөрүндө келтирилген. 4-, 8-, 33–43- жана 62–66-бөлүмдөрдү окуп чыгуу абдан маанилүү.