Hesperian Health Guides

Муундарды жазуу үчүн, колго жасалуучу чоюучу жасалгалар

Бул бөлүмдө:

Артритте муундарды күнүгө кыймылдатып туруу абдан маанилүү болгондуктан, гипстик таңууларды колдонуудан мүмкүн болушунча оолак болуу керек. Андыктан, контрактуралар менен күрөшүү үчүн, башка жолдорун табууга аракет кылыңыз. Пластик, бамбук, автоунаанын же велосипеддин камерасы сыяктуу үй чарбасында бар материалдарды пайдаланыңыз.

Мексикадагы айылда жашаган, артрит менен ооруган кыз үчүн атайын иштеп чыгарылган жасалгалардын бир нече мисалын бул жерге келтирдик.

ЭСКЕРТҮҮ! Жасалгалар муунду сөөк ашташынан чыгып кетпегендей тартышын камсыз кылыңыз.


ТИЗЕ


ЫКМА №1:

a behind-the-knee aid

бөрктөп кадагычтар
жоон пластик, бамбук же серпилме башка материал
a behind-the-knee aid
ийүү же ысытуу жолу менен керектүү формага келтирилген, эски пластик чаканын бир бөлүгү
Тизенин арт жагындагы астарлык жото жилик артка жылып кетүүсүнө жол бербөөгө жардам берет



ЫКМА №2:

an above-the-knee aid
жыгачтан, пластиктен же металлдан (тизени баспашын камсыз кылыңыз)
пластик же булгаары
Сөөк ашташынан чыгып кетпеши үчүн, тизеге жакыныраак бөлүк катуурак тартылышы керек.
Резинке (велосипед камерасынан кесим): чоюу күчүн ылайыктап өзгөртүү мүмкүн.

Эскертме: Тизени артынан тартуучу жасалга, негизи, эң эффективдүү. Ал туруктуураак болгондуктан, булчуңдардын чыңалуусуна азыраак алып келет. Мындай жасалга бутту бекемирээк кармап тургандыктан, сөөк ашташынан чыгып кетүү коркунучу азыраак жаралат. Мындан тышкары, адам үчүн ал ыңгайлуураак келет – адам өзүн анчалык эпсиз сезбейт.


КЫРК МУУН

алаканды үстүнөн тартуучу бөлүгү бар жасалга
an over-the-hand aid
Бул бөлүгү – бамбуктан, пластиктен же металлдан.
велосипед камерасынан кесим
булгаары же кездеме
эски пластик чакадан бөлүк
алаканды астынан тирөөчү бөлүгү бар жасалга
an under-the-hand aid
Бул бөлүгү алакандын формасына ылайыкталып ийилип даярдалышы керек.
ысытуу жолу менен керектүү формага келтирилген пластик (же эски металл идиштен кесим)
бамбук же серпилме башка материал

Контрактуралар менен күрөшүүгө жардам берүүчү башка көмөкчү жасалгалар жана каражаттар 59-бөлүмдө каралат.




This page was updated:23 Май 2025