Hesperian Health Guides
КЫЙМЫЛДАГАНДЫ ЖАНА ЖЫЛМАЙГАНДЫ ҮЙРӨНГҮЛӨ (Терезанын окуясы)
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 16-БӨЛҮМ: Ювенилдик артрит: Балдардагы өнөкөт артрит > КЫЙМЫЛДАГАНДЫ ЖАНА ЖЫЛМАЙГАНДЫ ҮЙРӨНГҮЛӨ
Тереза артрит менен 7 жашында ооруп калган. Апасы аны 14 жашында алыскы айылынан PROJIMO борборуна алып келгенде, анын денеси отургуч формасында катып калгандай абалда эле. Ал көздөрүн гана кыймылдата алчу. Муундары ушунчалык катуу ооругандыктан, Тереза түнкүсүн уктай албай, боздоп ыйлачу. Көп жыл мурун доктур ага оорууну басуучу каражат катары аспиринди колдонууну дайындаган. Бирок аспиринден анын ашказаны абдан катуу ооругандыктан, Тереза аны кабыл алуудан баш тарткан.
Качандыр бир убакта Тереза активдүү, шайыр кыз эле. Ал мектептин 3-классын бүтүрүүгө жетишкен. Азыр болсо, ал дайыма маанайы пас, келечегине үмүтү үзүлгөн кызга айланган. Күнүгө эртең менен атасы аны этияттык менен төшөгүнөн алып, отургучка отургузганда, Тереза муундары ооругандыктан бакыра баштачу. Ал кээде гана сүйлөчү жана эч жылмайчу эмес.
Тереза PROJIMO борборуна алынып келгенде, анын кырк муундарында, кол манжаларында, чыканактарында, жамбаш сөөк - кашка жилик муундарында, тизелеринде, таман сөөк - жото жилик муундарында жана бут кетмендеринде күчөп кеткен контрактуралар бар эле. Реабилитологдордун тобу кыз кайрадан аспиринди кабыл ала башташына, бирок бул жолу тамак, көп суу жана антацид дарысы менен чогуу кабыл алуусуна көндүргөн. Андан соң алар узакка созулган жана жай ылдамдык менен жүрө турган терапиялык процессти башташкан. Анын бир бөлүгүн төмөнкү сүрөттөрдөн көрсөңүз болот.
![]() |
![]() |
Кырк муундарындагы контрактураларын оңдоо үчүн сырттан чакырылган адистер Терезага кымбат пластиктен шакшак жасап беришкен. | Бирок айылдын тургундары тарабынан, өйдөкү сүрөттөгүдөй, пластик чаканын бөлүгүнөн жасалган кымбат эмес шакшактар кыйла эффективдүүрөөк болору аларды таң калтырган. |
![]() |
Мындан тышкары, алар пластик чаканын бөлүгүнөн жана велосипед камерасынын кесимдеринен кыздын буттарына шакшактарды жасап беришкен. | ![]() |
![]() | ||
Реабилитологдор тобу күнүгө бир нече саат бою Терезага этияттык менен муундарынын кыймылдоо ийкемдүүлүгүн жогорулатууга, булчуңдарын чоюуга жана аларды күчтөнтүп бекемдөөгө жардам берүүчү көнүгүүлөрдү жасап турду. Сүрөттө, мойнунун жана омуртка тутумунун кыймылдоо ийкемдүүлүгүн жакшыртууга Терезага кантип жардам берсе болорун айылдык кызматчыга сырттан чакырылган физиотерапевт үйрөтүп жаткан учуру көрсөтүлгөн. | Терезанын муундарынын кыймылдоо ийкемдүүлүгү бир аз жакшырып калганда, реабилитологдор тобу ага оңой өзгөртүлмө бастыргыч жасап беришкен. Анын атайын ийин тирөөчтөрү жана отургучу бар эле. Терезанын буттары улам көбүрөөк жазылып түздөлгөн сайын, бастыргычтын бул бөлүктөрүн улам көтөрүп коюу мүмкүн эле. Тереза буттары менен артын көздөй түртүнүп басканды үйрөнүп алган. Мындай ыкма буттарын жазып түздөөчү булчуңдарын күчтөнтүп бекемдөөгө жардам берди. |
Терезанын абалы улам жакшыра берди. Ал башкалар менен сүйлөшө баштады, жүзүндө жылмаюу пайда болду, айланасындагы дүйнөгө кызыгуусу ачылды. Бир күнү, Терезага жардам берем деп, бир нече жумага байкеси келди. Ал карындашына керектүү көнүгүүлөрдү жана башка зарыл нерселерди үйрөнүп алды. Эми, айылына кайтып барышканда, байкеси Терезага кантип жардам берүү керектигин билет.
Тилекке каршы, үйүнө кайтканынан көп өтпөй, Тереза денге калтыратмасы менен ооруп калып, бул илдеттен чарчап калганга аз эле калган. Ата-энеси кызына көнүгүүлөрдү жасатууну жана ага дарысын үзбөй берип турууну токтотуп койгон. 6 жумадан кийин кайрадан PROJIMO борборуна алынып келгенде, анын муундары, бул борборго биринчи жолу келгендегидей, кыймылсыз жана бүгүлүү абалында экени байкалган. Кыздын маанайы басыңкы эле жана ал эч ким менен сүйлөшкүсү келген эмес. Реабилитологдор тобу бүтүндөй процессти толугу менен кайрадан башынан баштоого аргасыз болгон.
![]() |
![]() |
Бул жолу Терезанын колу-буттарын гипстөөнүн жардамы менен жазып түздөө ыкмасы тандалган (59-бөлүмдү караңыз). Гипстик таңуу ар 2 күн сайын алмаштырылып турган. Алмаштыруу убагында ар бир ирет муундарынын кыймылдоо ийкемдүүлүгүн калыбына келтирүү максатында кызга көнүгүүлөр жасалып турган. | Ошентип, Терезанын тизелери жана кырк муундары улам-улам гипстелип отуруп, жетишерлик көлөмдө жазылып түздөлгөн. Алакан-манжаларынын ийкемдүүлүгү бир топ оңолуп, Тереза оюн аянтчасында ойноого мүмкүнчүлүк алган. |
![]() |
![]() |
PROJIMO борборунун терапиялык чөмүлмөсүндө көнүгүүлөрдү аткаруу шайырлуу маанайда өтүп, Терезанын муундарынын кыймылдоо ийкемдүүлүгү кыйла жогорулаган. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү башка балдар менен чогуу бир бирине топ тебишип ойноо ыкмасы буттарды жазып түздөөчү булчуңдарын бекемдөөсүнө Терезага жардам берди. |
![]() |
![]() |
![]() |
Балдар Терезага алакан-манжаларын пайдаланууну үйрөтүштү. Сүрөттө Тереза баштыкча токуп жаткан учуру | Терезанын буттары күчкө толуп калганда, буттарына туруу үчүн, ага атайын жасалга жасап беришкен. | Кийин Тереза колго жасалган, жыгач дөңгөлөктөрү бар бастыргычтын жардамы менен баса баштаган. Денесин көтөрүүнү жеңилдетүү үчүн, ал ортездерди колдонгон. |
Терезанын колдорундагы жана буттарындагы муундары улам көбүрөөк жазылып түздөлгөн сайын, анын мойну алдын көздөй улам көбүрөөк эңкейе берген. Ал ээгин көкүрөгүнөн көтөрө албай калган. Айылдык кызматчылар кыздын башын артка тартып кармап туруучу атайын жасалга жасап беришкен. Бул жасалга көкүрөккө тегерете бекитилүүчү, бекем кездемеден даярдалган, корсет сымал түзүлүшкө карматылган эле. Бул жасалга кыздын башын бир нече айдын ичинде этияттык менен көтөрүүгө жардам берген.
![]() |
![]() |
![]() |
Азыр Тереза балдактар менен баса алат. Атайын көнүгүүлөр кызга канчалык жардам берсе, күндөлүк үй тиричилик иштерин аткаруу да кызга дээрлик ошончолук жардам берет. |
![]() |
![]() |
Мындан тышкары, Тереза колу-буттарынын муундарын жазып түздөөгө жана алардын булчуңдарын бекемдөөгө жардам берүүчү көнүгүүлөрүн күн сайын жасоону улантууда. | Курбулары менен чогулуп сайма саюу Терезага манжаларынын муундарынын кыймылдоо ийкемдүүлүгүн жакшыртууга жардам берет. Терапиясы жаңы ык-жөндөмдөрдү өздөштүрүүсүнө да жардам берет. (Өйдөкү 5 сүрөттүн автору – Ричард Паркер.) |
![]() |
Азыр Тереза үйдөн инилерине жана сиңдилерине каралашууга жардам берет. Үй-бүлөлүк чарбада анын өз орду жана милдети бар. Качандыр бир убакта Тереза өзү каралууга муктаж эле.
|