Hesperian Health Guides

9-БӨЛҮМ: Балдардын церебралдык шалдыгы

Бул бөлүмдө:

БАЛДАРДЫН ЦЕРЕБРАЛДЫК ШАЛДЫГЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?

“Балдардын церебралдык шалдыгы” (кыскача “БЦШ”) мээдеги бузулуудан улам болгон шалдыкты билдирет. Бул илдет дене бөлүктөрүнүн кыймылдоо функциясынын жана абалынын бузулуусуна алып келет. БЦШ төрөткө чейин, төрөт учурунда же бала ымыркай кезинде мээде болгон бузулуудан улам пайда болот. Айрым учурларда БЦШга белгилүү бир оорунун өтүшкөн курч баскычында мээге кычкылтек жетишпей калгандыктан же кайсы бир инфекциядан улам болгон бузулуу себеп болот. БЦШда мээ бүтүн жабыркабайт, негизинен, кыймыл башкаруучу бөлүктөрү гана жабыркайт. Мээнин бузулууга дуушар болгон бөлүктөрү ошо бойдон калыбына келбейт, ошол эле учурда, бузулуу андан ары жайылбайт. Бирок бала улам чоңойгон сайын, бузулуунун катаалдыгы өзгөрүшү мүмкүн. Биз бала менен кандай иштейбиз – ушуга жана анын мээси канчалык жабыркагандыгына жараша денесинин кыймылдоо функциясын, абалын жана БЦШга байланыштуу бузулууларды оңдоо же ого бетер начарлатып алуу мүмкүн. Иш-аракеттерибизди канчалык эрте баштасак, баланын ахывалын ошончолук көбүрөөк оңдоо мүмкүн болот.

Көп өлкөлөрдө БЦШ физикалык майыптыкка алып келүүчү себептердин бардыгынан эң көп кездешкени болуп эсептелет. Өнүккөн өлкөлөрдө ар 400–500 баланын ичинен бирөө бул илдет менен төрөлсө, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө мындай көрсөткүч “болжол менен ар 100 баланын ичинен бирөө” дегенге жетиши мүмкүн.


This page was updated:23 Май 2025