Hesperian Health Guides
32-БӨЛҮМ: Акыл-эс өрчүү артта калуу
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 32-БӨЛҮМ: Акыл-эс өрчүү артта калуу
Акыл-эс өрчүүсү артта калуусунун даражасы жеңилден баштап оорго чейин болушу мүмкүн. Жеңил дараражадагы мындай бузулуусу бар бала белгилүү бир ык-жөндөмдөрдү жайыраак өздөштүрөт. Бирок башкалардын жардамы менен ал өзүн тейлегендей жана коомчосунун турмушуна жигердүү жана жоопкерчиликтүү катышкыдай деңгээлге өрчүп жете алат. Оор даражадагы мындай бузулуусу бар бала чоңойгондо деле, акыл-эси өрчүүсү боюнча ымыркайдын же жаш баланын деңгээлинде калышы мүмкүн. Мындай бала башкалардын ага бөтөнчө кам көрүүсүнө дайыма муктаж болот.
Мындай интеллект бузулууларын айыктыруу мүмкүн эмес. Бирок мындай көйгөйлүү балдардын бардыгына тезирээк өрчүүсүнө жардам берсе болот. Мындай атайын жардамды жана “түрткүлөөнү” канчалык эрте баштаса, бала ошончо көбүрөөк ык-жөндөмдөргө ээ болот.
![]() |
| Башкалардын көмөгү менен, интеллект бузулуусу бар балдардын айрымдары окуганды, жазганды жана дени соо балдар кылган нерселердин далайын өздөштүрө алышат. (Сүрөттө Даун синдрому бар, Индонезиялык бала жазганды үйрөнүп жаткан учуру көрсөтүлгөн. Автору Каролин Ватсон, Христиандык балдар фонду.) |
Интеллект бузулуулары бар же өнүгүүсүндө башка тоскоолдуктарга тушалган балдарга жардам берүү тууралуу маалыматтар 34–40-бөлүмдөрдө келтирилген. 34- жана 35-бөлүмдөрдө баланы эрте өнүктүрүү жана анын баштапкы ык-жөндөмдөрдү (сезүү органдарын пайдаланганды, ары-бери которулганды жана башкалар менен катнашууну) өздөштүрүүсүнө жардам берүү же “түрткүлөө” жолдору, ал эми 36–39-бөлүмдөрдө өзүн тейлөөнү (өз алдынча тамактанууну, кийинүүнү, даараткананы пайдаланганды жана киринүүнү) балага үйрөтүү ыкмалары талкууланат. 40-бөлүм баланын жүрүм-туруму жана жаңы нерселерди өздөштүрүүсүнө жардам берген жүрүм-турумду карманууга баланы кызыктыруу жолдору тууралуу маалыматка арналган.
Интеллект бузулуулары бар балдарга жардам берүү боюнча дагы башка маалыматтар “БАЛА балага” программасы” деп аталган бөлүмдүн. Интеллект бузулуулары бар балдар жыныстык жактан жетилгенде пайда болуучу муктаждыктар жана көйгөйлөр тууралуу 52-бөлүмдүн караңыз.
Бул китепте мыктыраак каралбай калган маанилүү муктаждыктардын бири – интеллект бузулуулары бар балдарга билим берүү маселеси. Билим берүү боюнча айрым сунуштар 53-бөлүмдө талкууланат. Бирок көп учурда атайын үйрөтүү ыкмалары жана материалдары зарыл болот. Бул максатта Special Education for Mentally Handicapped Pupils (Интеллект бузулуулары бар окуучулар үчүн атайын окутуу программасы) деп аталган сонун китепти сунуш кылабыз. Баланын жаңы нерселерди өздөштүрүүсүнө жардам берүүчү оюнчуктар тууралуу маалымат 49-бөлүмдө келтирилген.
