Hesperian Health Guides
АКЫЛ-ЭС ӨРЧҮҮ АРТТА КАЛУУСУНУН СЕБЕПТЕРИ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 32-БӨЛҮМ: Акыл-эс өрчүү артта калуу > АКЫЛ-ЭС ӨРЧҮҮ АРТТА КАЛУУСУНУН СЕБЕПТЕРИ
Мунун себептери кɵп.
- Көп учурда себеби белгисиз бойдон калат.
- Айрым балдар өтө кичинекей мээлүү болуп төрөлүшөт, же алардын мээси башкалардыкындай өспөйт же иштебейт.
- Кээде “хромосомдордо”, башкача айтканда, бала кандай өрчүп калыптанарын аныктоочу көрсөтмөнү (тукуч куучулук) алып жүрүүчү көзгө көрүнгүс, абдан кичинекей материалда ката пайда болот. Мисалы, ушундай көрүнүш Даун синдромуна мүнөздүү.
- Кээде болочок эне кош бойлуу кезинде тамак менен белгилүү бир азык заттарды же минералдарды жетишсиз көлөмдө алып калгандыгына байланыштуу болот (гипотирез караңыз).
- Кээде, төрөткө чейин, төрөт учурунда же төрөттөн кийин мээ жабыркап калышы мүмкүн. Мындай кокустукка дуушар болгон балдарда интеллект бузулууларынан тышкары церебралдык шалдык, сокурдук, дүлөйлүк же талма орун алышы ыктымал. Мээни жабыркатып, интеллект бузулууларына алып келүүчү көп учураган себептер 9-бөлүмдө талкууланат. Алардын ичинде:
- кош бойлуулуктун баштапкы мезгилинде пайда болгон кызамык;
- балдарда көбүнчө кичинекей кезинде бактериядан, кургак учуктан же безгектен улам болуучу менингит (мээ чел кабыгынын инфекцияланышы);
- гидроцефалия, көп учурда жүлүн чуркусу менен коштолот;
- баштын жаракаттары;
- дагы башка себептери: мээ шишиги; коргошундан, пестициддерден, кээ бир дарылардан жана азыктардан уулануу; чиркейлер таратуучу Зика вирусун жуктуруу; булчуңдар дистрофиясынын же атрофиясынын айрым формалары.
Дүйнө жүзүнүн көптөгөн жерлеринде, интеллект бузулууларына алып келүүчү себептердин эң көп учурагандарына мээ жабыркоо жана Даун синдрому кирет. Бирок кээ бир тоолуу аймактарда мындай көйгөйлөрдүн пайда болуусуна тамакта жана сууда йоддун жетишсиздиги басымдуу учурларда себеп болот.
Негизи, интеллект бузулууларын дарылап айыктыруу мүмкүн эмес. Андыктан, көпчүлүк учурда анын так себебин билүүнүн зарылчылыгы деле жок. Андан көрө, мындай көйгөйү бар балага, мүмкүн болушунча өнүгүп өрчүүсү үчүн, жардамыбызды аябашыбыз кажет. Бирок кээ бир учурларда айрым дарылар, тамактануу түрүн өзгөртүү же белгилүү бир заттардан андан ары ууланууну токтотуу сыяктуу нерселер абдан пайдалуу болушу мүмкүн. Эгер балада гипотиреоздун белгилери байкала баштаса же анын интеллектуалдык жөндөмдөрү бара-бара начарлап баштагандай сезилсе, адиске кайрылып, андан медициналык кеңеш алууга аракет кылыңыз.
Интеллект бузулууларынын алдын алуу иш-чаралары мындай бузулууларга алып келүүчү ар түрдүү себептери менен чогуу талкууланат. Айрыкча церебралдык шал ооруга, Даун синдромуна жана гипотиреозго арналган маалыматтарды караңыз.