Hesperian Health Guides

ДИСРЕФЛЕКСИЯ (лукулдаган баш ооруу менен коштолгон, кан басымы капыстан көтөрүлүү)

Бул бөлүмдө:

Квадриплегиялык шалдыгы же абдан жогорку параплегиялык шалдыгы бар адамдарда дисрефлексия (лукулдаган баш ооруу менен коштолгон, кан басымынын капыстан кооптуу көтөрүлүүсү) көп учурайт.

Дисрефлексия – нормада денени ооруткан же дүүлүктүргөн, бирок жүлүн жабыркаганынан сезгичтиги жоголгон адамдарда сезилбеген бир нерсеге дененин реакциясы.

ДИСРЕФЛЕКСИЯНЫН КӨП УЧУРАГАН СЕБЕПТЕРИ
  • табарсыкты башкаруу функциясы бузулуу, айрыкча табарсык өтө толуп кеткенде, инфекцияланганда же анда таштар калыптанганда (эң көп учураган себеби);
  • ичегилер чоюлуу – заңдын чоң бөлүгү тоголоктошуп катып калуусу менен коштолуп, ич катыганда, же заңды алуу үчүн ичегини манжалар менен басканда;
  • дененин бир жери кысылуу же анда эт оюлуу пайда болуу же атүгүл сезилбеген кичинекей бир нерсеге жатуудан улам дүүлүгүү;
  • дененин бир жери күйүп калуу;
  • жатында спазмдар кармоо, айрыкча айыздын алдында, анын биринчи күндөрүндө же төрөт учурунда.
ДИСРЕФЛЕКСИЯНЫН БЕЛГИЛЕРИ
DVC Ch23 Page 187-5.png
  • баш лукулдап, катуу ооруу;
  • баш тердөө;
  • мурун бүтүү;
  • беттеги жана моюндагы териге кызгылт тактар чыгуу;
  • жүлүн жабыркаган жерден жогору жайгашкан тери каздын терисине окшошуп калуу;
  • кан тамыр кагуу жайлоо;
  • кан басымы көтөрүлүү (240/150гө чейин).

Дисрефлексия – шашылыш медицикалык жардамды талап кылуучу кооптуу абал. Кан басымы жогору көтөрүлүү талма кармоого же мээге кан куюлуудан улам өлүмгө алып келиши мүмкүн.


Эмне кылуу керек?

Анын себебин жоюу жана кан басымын төмөндөтүү үчүн, тезинен тийиштүү чараларды көрүңүз.

1. Мээдеги кан басымын тез төмөндөтүңүз.
♦ Эгер бала жатса, отуруп, белгилери жоголмоюнча, отурган абалында калсын.
♦ Денесинин абалын өзгөртүп, буттарын түшүрүп, курларын бошоңдотуп, узун байпактарын чечип салыңыз.
2. Дисрефлексиянын себебин издеңиз. Эгер мүмкүн болсо, аны жоюңуз.
Табарсык. Табарсыгынын толгон-толбогонун аныктоо үчүн, курсагынын төмөнкү бөлүгүн сыйпалап текшериңиз. Эгер катетер колдонулса, ал бүктөлүп калбаганын текшериңиз. Эгер катетер бүктөлүп калган болсо, заара эркин чыгып турушу үчүн, бүктөлгөн жерин түздөңүз. Эгер катетер тыгындалып торолуп калган болсо, аны тазалоо үчүн, ичине 30 мл кайнатылып суутулган сууну (же стерилдүү туз эритиндисин) басым менен киргизиңиз. Же катетерди чыгарыңыз. Эгер катетер ордунан жылып же чыгып кеткен болсо, жана адам заара кыла албай жатса, катетерди киргизип, табарсыгын бошотуңуз.
♦ Эгер дисрефлексия заара чыгаруу жолдорунун инфекциясынан улам болсо, табарсыкка катетер аркылуу оорууну басуучу эритиндини киргизиңиз. 20 мл кайнатылган сууга 10 мл 1%-дык лидокаин эритиндисин кошуп колдонуңуз. Катетердин оозун 20 мүнөткө жаап, андан кийин аны ачыңыз. Инфекцияны дарылаңыз.
Ичегилер. Эгер дисрефлексиянын себеби табарсыкта болбосо, ичегилери толуп кеткен-кетпегенин текшериңиз. Акыркы заңдоосунан бери канча убакыт өттү? Сөөмөйүңүзгө бир аз лидокаин гелин алып, ичегиси катып калган заң менен тыгындалып калбаганын текшериңиз. Эгер тыгындалып торолуп калган болсо, ичегисине дагы лидокаин гелин киргизиңиз. 15 мүнөт же баш ооруусу басаңдамайынча күтүңүз. Андан кийин заңды сөөмөйүңүз менен этияттап алып салыңыз.
Кысылуу. Сөөктөрү уркуйган жерлеринин кысылуусун азайтуу үчүн, денесинин абалын өзгөртүңүз. (Кээде, адамдын өтө узак убакыт бир абалда болуусу эле дисрефлексияга алып келиши мүмкүн.)
3. Эгер белгилери жоголбосо, мүмкүн болушунча тезирээк медициналык жардамга кайрылыңыз.
4. Эгер балада дисрефлексиянын белгилери тез-тез же күчтүү байкала турган болсо, же анын себебин аныктай албай койсоңуз, баланы жүлүн жабыркоо боюнча адис жана, мүмкүн болсо, уролог (заара чыгаруу системинин оорулары боюнча адис) карап көрүүсүнө аракеттениңиз.


Сунуш: Дисрефлексия учурунда тез жардам көрсөтүүнү мүмкүн кылуу үчүн, квадриплегиялык шалдыгы бар, айылда турган адамдар 1%-дык лидокаин (ксилокаин) эритиндисин жана лидокаин гелин даярдап, жанында алып жүрүүлөрү туура болот.





This page was updated:30 Дек 2025