Hesperian Health Guides
Ювенилдик артритти дарылоо
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 16-БӨЛҮМ: Ювенилдик артрит: Балдардагы өнөкөт артрит > Ювенилдик артритти дарылоо
Балага төмөнкүлөр керек:
- муун оорууну басуучу жана муундардын бузулушуна жол бербөөчү дарылар;
- денени жана колу-буттарды туура абалына келтирип эс алуу;
- контрактураларга жана деформацияларга жол бербөөчү физикалык көнүгүүлөр жана кыймылдоо, булчуңдардагы тонусту сактоо;
- баланын турмушу түрдүү нерселерге бай жана кызыктуу болушу үчүн интеллектуалдык, физикалык жана социалдык активдүүлүк.
ДАРЫ-ДАРМЕКТЕР Аспирин жана ибупрофен, негизи, эң коопсуз жана эң эффективдүү дарылар. Булар муун оорууну басуудан тышкары, муундардын шишүүсүн жана бузулуусун да азайтат. Сактык чаралары жана дозалары тууралуу маалыматты караңыз.
Индометацинди (Индоцинди), фенилбутазонду жана бул топко кирген башка дарыларды балдарга берүүгө болбойт. Булар ашказандын жараланышына алып келет. Мындан тышкары, эффективдүүлүгү боюнча булар аспиринден жана ибупрофенден деле ашпайт. Эгер доктур ушул дарылардын бирин балаңызга дайындаса, башка доктурлар менен кеңешиңиз.
Аспирин жана ибупрофен такыр жардам бербегенде, сульфасалазин, алтын препараттарын, гидроксихлорохин, метотрексат жана лефлуномид сыяктуу башка дарыларды дайындаса болот. Бул дарыларды колдонууга артритти дарылоо тармагында тажрыйбасы бар адистерге гана уруксат берилет.

Кортикостероиддердин сезгенүүгө каршы таасири күчтүү, бирок аларды колдонуу кооптуу болушу мүмкүн. Стероиддер дененин инфекцияларга каршы күрөшүү жөндөмүн начарлатат, дененин өсүүсүн токтотот, сөөктөрдү морт кылып, натыйжада алар оңой эле сына турган абалына келет. Эгер бала стероиддерди чоң дозаларда кабыл алса, анын беттери шишигенсип томпоюп кетет, мойнунун жана ийиндеринин арт жагын май басат. Негизи, стероиддерди баланын өмүрүнө же көздөрүнүн көрүү жөндөмдүүлүгүнө коркунуч туулганда гана колдонуу зарыл. Стероиддер негизин түзгөн көз тамчычыларын, баланын көздөрү сокур болуп калбашы үчүн, ирит оорусунун баштапкы белгилери пайда болору менен колдонуп баштоо керек.