Hesperian Health Guides
КЫЙМЫЛСЫЗ КӨНҮГҮҮЛӨР
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 16-БӨЛҮМ: Ювенилдик артрит: Балдардагы өнөкөт артрит > КЫЙМЫЛСЫЗ КӨНҮГҮҮЛӨР
Адегенде, кайсы булчуңдары денесин жана колу-буттарын кайсы багыттарда кыймылдатарын балага көрсөтүп түшүндүрүңүз.

Бала колун ордунан жылдырбай, бирок ошол эле учурда бул булчуңдарын бирде бошоңдотуп, бирде чыңалтып көнүктүрсүн.
Андан кийин, булчуңдарын кыймылдатуусуз эле бекемдөөгө жардам берүүчү көңүлдүү көнүгүүлөрдү табууга ага жардам бериңиз. Мисалы, ал көнүгүүсүн, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, тосмого жөлөнүп алып жасаса болот.

Бала тосмодон күндөн күнгө улам бир аз алысыраак туруу жолу менен колдоруна көбүрөөк күч келтирүү аркылуу аларды көнүктүрүп бекемдей алат.
“Лама менен тиктешүү” көнүгүүсү да баланын тизелерин жазуучу булчуңдарын бекемдөөгө жана кылталарын, кырк муундарын, жамбаш сөөк - кашка жилик муундарын, аркасын, мойнун чоюуга жардам берерине көңүл буруңуз.
Эскертме: Биз бул көнүгүүлөрдү контрактуралары калыптанып калган кыздын мисалында көрсөттүк. Бирок контрактуралар пайда боло электе эле көнүгүүлөрдү жасап баштаган оң.
Контрактуралардын калыптануусуна жол бербөө же аларды оңдоо максатында, күчтөнүүгө муктаж болгон бардык алсыз булчуңдар үчүн өз көнүгүүлөрүн тапсаңыз болот.
Мисалы, тизелерин жазуучу булчуңдарын бекемдөө үчүн, бала буттарын мүмкүн болушунча түздөп, чалкасынан жатышы керек. Санынын үстүнкү жагындагы булчуңдарын түйүп (ошол эле учурда, анын астынкы жагындагы булчуңдарын бош кармап), 25ке чейин санасын. Андан кийин, булчуңдарын бошоңдотуп, бул көнүгүүнү 10 жолу кайталасын. Бала бул көнүгүүнү күнүгө 3 же 4 маал аткарып турууга тийиш. Буга чейин айтылып өткөндөй, көнүгүүнү кызыктуу кылууга аракеттениңиз.
![]() |
![]() |
Бул булчуңу түйүлгөндө, тизе томугу тартылып, коңгуроо шыңгырайт. | Тизе томугу кыймылдаганда шыңгырап туруусу үчүн коңгуроону же желпилдеп туруусу үчүн желекти кур менен бутуна бекитип койсоңуз болот. |