Hesperian Health Guides

26-БӨЛҮМ: Пес оорусу

Бул бөлүмдө:

Пес оорусу деген эмне? Бул абдан жай өрчүүчү жугуштуу илдет. Аны көбүнчө терини жана нервдерди жабыркатуучу микрожандыктар (микобактериялар) пайда кылат. Пес оорусу териде ар кандай көйгөйлөр пайда болуусуна, сезгичтик жоголуусуна, алакан-манжалар жана бут кетмендери шал болуп калуусуна алып келет:

A finger being burned while holding a cigarette
сезгичтик жоголуу (күйүктөр, тырыктар)
A weak looking man with skin problems
каштар түшүү
кулактардын көнчөктөрү жооноюп же бодуракай болуп кетүү
нервдер жооноюп кетүү
сезгичтиги жоголгон тактар же тегерекчелер пайда болуу
A deformed hand and a foot with an ulcer on the sole
алакан-манжалар жана бут кетмендери деформациялануу
тамандарда оорубаган жаралар пайда болуу


Адамдар пес оорусун кантип жуктуруп алышат? Ал дарыланбаган пес оорусу бар адамдардан гана “денесинин бул ооруга туруштук берүү жөндөмдүүлүгү төмөн” болгон адамдарга гана өтө алат. Пес оорусу, аны менен ооруган адам чүчкүргөндө же жөтөлгөндө, же териси менен тийгенде, башкаларга жугушу ыктымал. Адамдардын көпчүлүгүнүн денесинде бул ооруга табигый туруштук бар, андыктан бул илдетти козгоочу бактериялар аларга эч таасирин тийгизбейт, же таасир тийгизген күндө деле, аларда инфекциялануунун билинер-билинбес белгилери гана байкалып, ал көп өтпөй толук жоголот.

Көп учурда, пес оорусунун биринчи белгилери адам аны пайда кылуучу бактерияларды жуктуруп алганынан 3 же 4 жыл өткөндөн кийин пайда болот.

Пес оорусу кара ниеттүү арбактардан, жаман иш жасоодон, белгилүү бир азыктарды жеөдөн же дарыянын суусуна түшүүдөн, кээ бирлер буларга ишенсе да, пайда болбойт. Бул илдет тукум куума илдет эмес, башкача айтканда, пес оорулуу энеден пес оорулуу бала төрөлбөйт. Бирок пес оорусу бар жана анысы дарыланбай жүргөн адам менен чогуу жашаган жана ал менен тыгыз байланышта болгон балдардын бул илдет менен ооруп калуу ыктымалдыгы жогору.

Пес оорусу канчалык көп учурайт? Ал дүйнө жүзүнүн айрым аймактарында башка жерлерге салыштырмалуу кыйла көбүрөөк кездешет. Пес оорусу чектелүү мейкиндикте өтө көп адам жашаган, санитардык-гигиеналык шарттары начар жерлерде көбүрөөк учурайт. Бирок бай адамдар деле аны жуктуруп алышы мүмкүн.

Дүйнө жүзү боюнча, негизинен, Азия өлкөлөрүндө 1 миллиондон ашык адам пес оорусу менен ооруйт. Ошол эле убакта, акыркы 20 жыл ичинде андан 16 миллион адам толук айыкты.

Пес оорусунан айыгууга болобу? Аны козгогон бактерияларды жок кыла ала турган дарылар бар. Демейде, илдетти дарылап баштагандан бир нече күн өткөндөн кийин, аны менен ооруган адам башкалар үчүн жугуштуу болбой калат. (Иш жүзүндө, көпчүлүк адамдар аларда пес оорусу бар деген диагноз алгач коюлгандан тартып эле илдетти башкаларга жуктурбай калышат.) Бирок оору кайтуусуна жол бербөө үчүн, кээ бир адамдарды дагы бир нече жыл бою дарылоо талап кылынат.

Аны эртесинде дарылап баштоо маанилүүбү? Албетте. Аны менен ооруган адамды эрте дарылап баштоо илдет башка адамдарга өтүп кетүүсүнө жол бербейт. Мындан тышкары, эгер дарылоо сезгичтик жоголгонго, шалдык жана деформациялар пайда болгонго чейин башталса, оорудан айыгуу демейде толук болот, адамдын физикалык же социалдык мүмкүнкүлүктөрү чектелип калуусуна жетпейт.

Такай жана эффективдүү дарыланып турган адамдар пес оорусун башкаларга жугузушпайт.





This page was updated:30 Дек 2025