Hesperian Health Guides
ЖЕСИКАНЫН ОКУЯСЫ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 23-БӨЛҮМ: Жүлүн жабыркоо > ЖЕСИКАНЫН ОКУЯСЫ
ЖЕСИКАНЫН ОКУЯСЫ
| Жесика – төрөлгөнүнөн 3 күн өткөндө ага ийне аркылуу киргизилген дарыдан шал болуп калган, 3 жаштагы кыз. Апасы кызына кайсы дары сайылганын жана ал эмне үчүн сайылганын билбейт. Бул жерде Жесиканын PROJIMO долбоорунда өткөн реабилитациясы тууралуу айтылат. | |
| Дары саюу инфекцияланууга алып келип, инфекция омуртка тутумуна жетип, андан Жесиканын буттарын биротоло шал болуп калган. | |
|
Дары-дармектерди, айрыкча ийне аркылуу берилүүчү түрлөрүн туура эмес колдонуу жок жерден пайда болгон майыптыктын көп учуроочу себеби болуп эсептелет (3-бөлүмдү караңыз). | |
| Жесиканын бут кетмендери маймак болуп кеткен. Жесика турууга улам аракет кыла бергендиктен, анын тизелеринде жана бут кетмендеринде инфекцияланган кең эт оюлуулар пайда болгон. <-- эт оюлуу | |
![]() |
Жесика 4 жашында биринчи жолу PROJIMO борборуна келгенде, биринчи кезекте анын инфекцияланган эт оюлуулары айыктырылган. Андан кийин гипстөө серияларынын жардамы менен барабара бут кетмендери түздөлгөн (60-бөлүм) |
![]() |
Эт оюлууларын дарылоону улантуу үчүн, гипстелген таңууларында ачык жерлер калтырылган. |
| Кичинеден, барабара эт оюлуулары айыгып, Жесиканын бут кетмендери түздөлгөн. Сүрөттө, кызматчылардын бири Жесиканын гипстелген таңуусун алмаштырып жатат. |
|
Андан тышкары, Жесика табарсыгын жана ичегилерин жетиштүү даражада башкара албайт. Заарасы улам чыгып кетип атып, алаасында эт оюлуулар пайда болгон. Параплегиялык шалдыгы бар, 8 жаштагы Вания аттуу кыз Жесикага эт оюлууларын айыктырууга жардам берген. Мындан тышкары, ал Жесикага ичегилерин үзгүлтүксүз түрдө жана убагында бошотуп туруу режимин иштеп чыгууга да жардам берген (ЖҮЛҮН ЖАБЫРКАГАНДА ЖЕ ЖҮЛҮН ЧУРКУСУ БАР БОЛГОНДО ИЧЕГИЛЕРДИН ФУНКЦИЯСЫН БАШКАРУУ караңыз). Мунун баары Жесиканын күндөлүк турмушун жана мектепте окуусун жеңилдетет. | |
| Вания Жесиканын бут кетмениндеги эт оюлууну дарылап жатат. | |
|
|
Мында, Вания Жесиканын алаасындагы эт оюлууларды тазалап, таңып жатат. |
| Бут кетмендери түзүрөөк болуп калганда, айылдык борбордун кызматчылары Жесикага буттун бүт узундугуна созулган ортопедиялык аппараттарды жана жыгачтан жөнөкөй бастыргыч жасап беришкен. Бир нече жумадан кийин Жесика баса баштаган. | |
| Көнүгүп отуруп, Жесика адегенде балдактардын, андан кийин ортопедиялык аппараттарынын жардамы менен басканды үйрөнүп алган. | |
| Азыр Жесика мектепте окуйт. Ал PROJIMO борборунда бактылуу, активдүү жана коомчолорунда кадыр-баркка ээ болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды көрүп, бул жашоого жана келечекке чоң үмүт, ишеним жана кызыгуу менен карап баштоосуна түрткү болду. | |
![]() |
| Параплегиялык шалдыгы бар Мари – PROJIMOнун иш тобундагы лидерлеринин бири. Мында, ал пластиктен бутту бир калыбында бекем кармоочу жасалганы даярдоодо керектүү болгон, буттун гипстелген көчүрмөсүнүн үстүнөн иштеп жатат. Маринин окуясын 45-БӨЛҮМ окуңуз |
![]() |
| Виктор аттуу жаш доктур автоунаа кырсыгында квадриплегиялык шалдыкка кабылып калган. PROJIMO борборуна биринчи жолу келгенде, ал кымындай нерсеге да жарачу эмес. Борбордун кызматчылары Викторго күч-кубатын толуктоого жана көптөгөн ык-жөндөмдөрдү үйрөнүүгө жардам беришкен. Көп өтпөй ал PROJIMO иш тобунун мүчөсү болуп, айылда доктур катары иштеп баштаган. |
| Сүрөттөгү, квадриплегиялык шалдыгы бар жаш жигиттин омуртка тутумунун түбүндөгү бул эт оюлуу 2 жыл бою калыптанган. Анын тери астындагы диаметри 15 см-ге жетип, ал омуртка тутумунун төмөнкү бөлүгүн биротоло кыйраткан. |
| PROJIMO борборунун айылдык кызматчылары эт оюлууну тазалап, таңып жатышат. |
| Мында, кызматчылардын бири эт оюлууга шекер менен балдын аралашмасын сүйкөп жатат. Мындай дарылоонун (күнүгө 2 маал) жардамы менен эт оюлуу таза жана инфекциясы жок бойдон сакталып, тез эле (болжол менен 6 ай ичинде) айыгып кеткен. |



