Hesperian Health Guides

31-БӨЛҮМ: Дүлɵйлүк жана катнашуу

Бул бөлүмдө:

Кээ бир балдар толук дүлөй болушат. Демейде, ата-эне баласынын кулактары укпоосун баласы чакырылганда ал буга башын бурбаганынан жана абдан катуу добуштардан эч таасирденбегенинен эле эрте байкайт.

Балдарда кыйла көбүрөөк толук эмес дүлөйлүк кездешет. Бала катуу добушка таң калышы же башын бурушу мүмкүн, бирок акырыныраак добуштардан эч таасирденбеши ыктымал. Ал жоон (пас) добуштардан, мисалы, күндүн күркүрөшүнөн, добулбастан чыккан добуштан же уйдун мөөрөшүнөн таасирдениши мүмкүн, бирок ичке добуштарды, мисалы, ышкырыкты же короздун кыйкыруусун укпашы ыктымал. Бала, тескерисинче, ичке добуштарды угуп, бирок жоон добуштарды уга албашы сейрегирээк учурайт.


noise being made with pan and child is turned away from sound
Кулактары такыр укпаган бала атүгүл абдан катуу добуштардан да таасирденбейт. (Бирок ал кыймылды байкашы же катуу добуштардан болгон вибрацияларды сезиши мүмкүн. Мисалы, эгер баланын башынын арт жагынан алакандарыңызды бир бирине чапсаңыз, ал желкесинин жанынан аба кыймылдаганын сезип, артын карашы мүмкүн.)
dog barking and baby gets alerted
Дүлөйлүгү толук эмес бала айрым добуштарды угат, бирок белгилүү бир добуштарды же сөздөрдү бир биринен ажыратып түшүнө тургандай аларды уга албашы мүмкүн. Мындай учурларда ата-энелер баласы начар угарын көпкө чейин байкабашы ыктымал.

Дүлөйлүгү толук эмес балдардын айрымдары алар менен сүйлөшкөндөрдүн сөздөрүн бир аз угушат. Кыйынчылыктар менен болсо да, алар кээ бир сөздөрдү тааныганды үйрөнүп, аларга жооп кайтарышы мүмкүн. Бирок сөздөрдүн көпчүлүгүн алар түшүнө тургандай так угушпайт. Мындай балдар кеч сүйлөп башташат; көп учурда так сүйлөй алышпайт; кээ бир тыбыштарды чаташтырышат; же киңкилдеп (“мурду менен”) сүйлөшөт. Тилекке каршы, ата-энелери, башка балдар жана мугалимдери бала начар угарын байкабай, ага акылэсинин өнүгүүсү жагынан артта калган же “аңкоо” балага мамиле кылгандай мамиле кылышы мүмкүн. Мындай жагдай баланын ахывалын ого бетер кыйындатат

Угуусу бузук балдар тууралуу толугураак маалыматты Helping Children Who Are Deaf (Дүлөй балдарга жардам берүү) деп аталган китептен же 639-бетте аталган башка китептерден издеңиз.

СҮЙЛӨШҮҮ/КАТНАШУУ аркылуу башкалар бизге эмне айтып жатканын түшүнөбүз жана өзүбүз башкаларга ойлорубузду, муктаждыктарыбызды жана сезимдерибизди билдиребиз. Угуусу нормалдуу адамдар башкалар менен, негизинен, сүйлөө жолу аркылуу катнашат.


Угуу бузулганда, кандай көйгөйлөр пайда болот?

Чоңоюп келаткан балдар башкаларды жана айлана-чөйрөсүн түшүнүүсү жана алар менен катнашуусу үчүн, угуу жана сүйлөө абдан маанилүү.

Угуусу бузук баланын эң чоң көйгөйү – башкалар менен катнашуунун жолун үйрөнүү. Бала сөздөрдү так уга албагандыктан, сүйлөгөндү үйрөнүүдө кыйналышы мүмкүн. Айланасындагылар ага эмне деп жатканын түшүнүү да, оюндагысын аларга түшүндүрүү да ал үчүн бирдей оор. Мындай жагдай баланын өзүн да, айланасындагыларды да кейитип, түшүнбөстүктөргө алып келет. Угуусу бузук балдар башкалар менен катнашуу илимин кыйла жай өздөштүрөрү, өздөрүн жалгыз же кароосуз калгандай сезери, же алардын жүрүм-турумунда ар кандай “кыйшаюулар” калыптанары эч кимди таң калтырбайт.

Өздөрүн тынчсыздандырган ойлорун башкаларга жеткирүү дүлөй балдар үчүн оор болгондуктан, алар сексуалдык зомбулукка башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк кабылышат. (Helping Children Who Are Deaf (Дүлөй балдарга жардам берүү) деп аталган китептин 167-бетин караңыз.)

Башкалар менен катнашуунун тигил же бул жолу аркылуу өз ойлору жана маалымат менен бөлүшүп туруу баланын акыл-эсинин өнүгүп өрчүүсү үчүн маанилүү. Акыл-эсин өрчүтүүгө дени соо балдарда кандай жөндөмдүүлүктөр бар болсо, дүлөй балдарда деле так ошондой жөндөмдүүлүктөр бар. Бирок ар тараптуу өнүгүп чоңоюусу үчүн, алар башкалар менен нормалдуу деңгээлде катнашууну кичинекейинен тартып эле үйрөнө башташы керек.

Дүлөйлүктүн балага таасири канчалык? Бул төмөнкү факторлордон көз каранды:

  1. Кулактары качан укпай калган? Сүйлөп калгандан кийин кулактары укпай калган балага салыштырмалуу төрөлгөнүнөн бери дүлөй же сүйлөй электе кулактары укпай калган бала үчүн сүйлөгөндү же сүйлөгөн адамдын “эриндеринен окуганды” үйрөнүү кыйла кыйыныраак.
  2. Азыр кулактары канчалык даражада уга алат? Баланын кулактары канчалык көбүрөөк уга алса, сүйлөгөндү, башка бирөөнүн сүйлөгөнүн түшүнгөндү жана анын “эриндеринен окуганды” үйрөнө алуусунун мүмкүндүгү ошончолук.
  3. Мүмкүнчүлүктөрдү чектеген башка да бузулуулары барбы? Угуусу бузулган балдардын айрымдарынын башка да көйгөйлөрү болушу мүмкүн. Кулактары укпагандан тышкары акылэсинин өрчүүсү артта калган, көздөрү көрбөгөн же буга окшогон бузулуулардын дароо бир нечесинен жапаа чеккен бала үчүн башкалар менен катнашууну үйрөнүү, кулактары укпаган гана балага салыштырмалуу, кыйыныраак болот. (“Дүлөйлүктүн себептерин” караңыз.)
  4. Кулактарынын укпашы канчалык тез байкалган?
  5. Айланасындагылардын балага карата мамилеси канчалык жакшы жана кылдат? Башкалар менен катнашуунун башка жолдорун үйрөнүп алуусуна алар ага канчалык эрте жардам берип башташты?
  6. Балага башкалар менен катнашуунун кайсы (“оозэки” же “комплекстүү”) системасы үйрөтүлөт?

Дүлөйлүктү эрте аныктоонун маанилүүлүгү

Баланын өмүрүнүн биринчи жылдарында анын мээси губка сыяктуу: ал жаңы маалыматтарды тез сиңирип, тилди бат үйрөнөт. Эгер баланын угуусунун начардыгы эрте аныкталып, ага натыйжалуу жардам көрсөтүлбөсө, башкалар менен катнашуу ык-жөндөмдөрүн үйрөнүүсү үчүн эң мыкты убакытты (төрөлгөндөн тартып 7 жашка чейин) өткөрүп жиберүү мүмкүн. Атайы үйрөтүү иш-чаралары канчалык эрте башталса, башкалар менен катнашууну бала ошончолук жакшыраак үйрөнөт.

Ата-энелер балдарында угуусу бузуктугунун белгилери бар же жогуна кылдат байкоо жүргүзүп туруулары зарыл. Бала капыстан орун алган катуу добушка таң калабы же көздөрүн ирмейби? Чоңоюп калган бала тааныш үндөрдү укканда, буга башын бурабы же жылмаябы? Ал бир жарым жашка чейин кайсы бир сөздөрдү сүйлөп баштадыбы? 3–4 жашка чыгып калган бала көп сөз жана жетишерлик так сүйлөй алабы? Эгер сүйлөй албаса, балким, угуусунда көйгөйлөр бар болушу ыктымал. Буга шек санаарыңыз менен баланын угуусун дароо текшериңиз.

Угууну текшерүүнүн жөнөкөй ыкмалары келтирилген. Эгер бала начар уккандай элес калтырса, аны адиске алып барып текшертиңиз.

Эгер башкалар менен катнашуу ык-жөндөмдөрүн үйрөнүүсүнө балага эң кичинекейинен тартып жетиштүү көңүл бурулуп жана жардам көрсөтүлүп башталбаса, дүлөйлүк ал үчүн эң татаал, жалгыздыкка жана анын жагдайын түшүнбөстүккө алып келүүчү көйгөйлөрүнүн бирине айланышы мүмкүн. Төмөнкү эки окуя баланын угуусунун бузуктугун мүмкүн болушунча эртерээк аныктоо жана ага жардам берип баштоо канчалык маанилүү экенин жакшы көрсөтөт.

ТОНИО

Тонионун кулактары төрөлгөнүнөн тартып эле абдан начар укса да, ал 4 жашка чыкканга чейин ата-энеси муну эч шекшиген эмес. Алар көпкө чейин аны болгону жай кыймылдаган же өзүнүкүн бербеген эле бала деп эсептешкен.


Бир жашка чейин Тонио кадимкидей эле өрчүгөн. Ал басканды, оюнчуктар менен ойногонду үйрөнгөн. Андан кийин Лота деген карындашы төрөлгөн. Энеси балдары менен сүйлөшкөндө же ыр ырдап бергенде, Тониого караганда Лота көбүрөөк жылмайып, көбүрөөк күлчү. Андыктан энеси кызына көбүрөөк сүйлөп, ага ырдап берип жүрдү.


Лота бир жашка чыккыча айрым сөздөрдү айтканды үйрөнүүгө жетишкен. Ошол эле учурда, Тонио эмдигиче сүйлөп баштаган эмес. Бир күнү кошунасы: “Кулагы угарын так билесиңерби?” деп сурады. “Албетте”, – деп энеси жооп берди. Ал атынан атап, уулуна катуу кыйкырганда, Тонио энесине башын бурган.


Тонио 3 жашка чыкканда, болгону 2–3 эле сөз айта алчу. Ошол эле учурда, 2 жаштагы Лота 200дөн ашык сөз үйрөнгөн. Ал каалап турганын сурап, жөнөкөй ырларды ырдап, башка балдар менен көңүлдүү ойноп калган. Тонио болсо бир нерсеге кабатыр болгонсуп жүрдү. Ал көбүнчө жалгыз отуруп алып ойночу. Кээде башка балдар менен ойногондо, баары мушташуу же көз жаш менен бүтчү.


Лота Тониого караганда өзүн жакшыраак алып жүрдү. Демейде, энеси кызына белгилүү бир нерсеге тыюу салып, аны эмне себептен кылууга болбойт экенин түшүндүргөндө, Лота аны түшүнүп, энесине баш ийчү. Ал эми Тониону тил алдыруу үчүн, көп учурда аны жамбашынан чаап жиберүүгө аргасыз болгон.


Бир күнү айылындагы базарда жүрүшкөндө, Лота банан жегиси келип жатканын айтканда, энеси ага бир банан сатып алып берген. Бир мүнөт кечирээк Тонио сатылып жаткан жерден бир мангону сурабай алып, аны жей баштады. Муну байкаган энесинин ачуусу келип, ал уулун чаап жиберди. Ошондо Тонио жерге жатып алып, жерди тепкилеп, озондоп ыйлап баштаган.


Базарда эмне болгонун Тонионун атасы укканда, ал уулун ачуулуу карап: “Качан бир нерсе кылардын алдында сураганды үйрөнөсүң? 4 жашка толдуң, бирок сүйлөйүн деп эмдигиче аракеттенбейсиң. Мээң иштебейби, же жөн эле жалкоолонуп жатасыңбы?” деп сурады.


 father yelling at a crying Tonio while his mother and Lota looked on

Тонио атасын тиктеп турду, анын көздөрүнөн жаш агып жатты. Ал атасы эмне дегенин уккан жок, бирок атасынын ачуусу келип турганын көрдү. Атасы ачуусун басып, Тониону колуна алды. Тонионун жүрүм-туруму барган сайын начарлай берди. Ал 4 жашка чыкканда, энеси аны доктурга алып барды. Доктур Тонионун угуусун текшерип, бала дүлөй экенин аныктады.


Эми Тонионун ата-энеси убагында кылынбай калган нерселердин ордун толтурууга шашышты. Алар уулу менен сүйлөшкөндө, сөздөрдү жарык жакшы тийген жерден жай жана так айтууга жана, ошол эле учурда, колдору менен көрсөтүп жардам берип түшүндүрүүгө аракет кылышат. Тонионун жүрүм-туруму бир аз оңолуп, көңүлү ачылып, ал дагы бир нече сөз айтканды үйрөндү. Бирок Тонио оюндагысын башкаларга эмдигиче жакшы жеткире албай кыйналып жүрдү.

САНДРА

Сандра 10 айга толгондо, анын 7 жаштагы Лино аттуу байкеси мектебинен “БАЛА балага” программасы (450-бет) менен таанышып, балдарды дүлөйлүккө кантип текшерүү керектигин үйрөнгөн. Ал карындашынын угуусун текшерүүнү чечти. Лино карындашынын артына туруп, атынан атаганда же коңгуроо какканда, Сандра бир да жолу башын буруп же көздөрүн ирмеп койгон жок. Мискейди катуу чапканда гана, карындашы буга таң калып, көңүлүн бурган. Ошондо ал ата-энесине Сандра начар угат болуш керек экенин айткан. Ата-энеси Сандраны чоң эмес реабилитациялык борборго алып барган. Ал жерден кыздын угуусу текшерилгенде, угуусу абдан начар экени аныкталган. Айылдагы медициналык кызматкер Сандранын өнүгүүсүнө жана башкалар менен катнашууну үйрөнүүсүнө үй-бүлөсү кантип жардам бере аларын түшүндүрүп берген. Ал эң көп колдонулган сөздөрдү “билдирүүчү”, колдордун түрдүү абалдары көрсөтүлгөн сүрөттөр жыйнагын кыздын үй-бүлөсүнө берген.


“Кызыңар менен сүйлөшкөндө, эмне деп айтып жатканыңарды дайыма колдоруңардын жардамы менен “белги” түрүндө көрсөтүп тургула. Бул ыкманы бардык балдарга үйрөтүп койгула. Муну оюнга айланткыла. Башында Сандра муну түшүнбөйт, бирок улам аны көрүп отуруп үйрөнүп кетет. Кийинчерээк ал мындай белгилөөнү өзү пайдалана баштайт”.


“Бирок эгер белгилөө ыкмасына көнүп алса, кийин сүйлөгөндү үйрөнүүсүнө бул тоскоол болбойбу?” – деп атасы кызыкты. “Жок, – деди медициналык кызматкер, – эгер мындай белгилөө учурунда дайыма сөздөрдү айтып да турсаңар, тоскоол болбойт.


Белгилер айтылган сөздөрдү түшүнүүсүнө жардам берет. Ал атүгүл тезирээк сүйлөгөндү үйрөнөт. Бирок сүйлөгөндүн эриндеринен “окуганды” үйрөнүү үчүн көп жыл керек. Адегенде кызыңар оюндагысын мындай белгилөөнүн жардамы менен башкаларга жеткиргенди үйрөнүүсү зарыл. Бул анын жалпы өнүгүүсү үчүн да пайдалуу”.


Сандранын үй-бүлөсү бир бири менен сүйлөшкөндө белгилөөнү да колдонуп баштаган. Арадан бир нече ай өттү, бирок Сандра сүйлөп да, белгилөөнүн жардамы менен катнашып да баштаган жок. Бирок ал жакындарынын сүйлөшүп жатып белгилешүүлөрүнө көбүрөөк көңүл бура баштаган.


3 жашка чыгып калганда, Сандра оюндагысын белгилөө жолу аркылуу көрсөтө баштаган. 4 жашка чыгып калганда, ал мындай белгилөөнүн жардамы менен далай нерселерди айтканды жана түшүнгөндү, атүгүл сүйлөгөндүн эриндеринен “ооба”, “жок”, “Лино” сыяктуу сөздөрдү “окуганды” үйрөнгөн. 5 жашка чыгып калганда, Сандра сүйлөгөндүн эриндеринен бир нече гана сөздү “окуганды” өздөштүрүүгө жетишкен. Бирок белгилөө ыкмасы аркылуу ал 1000ден ашык сөз жана далай жөнөкөй сүйлөм түзүп айтканды үйрөнгөн.


a boy making sign for cat and Sandra holding up a cat

Сандра жандуу жана шайыр кыз болуп чоңойду. Ал сүрөттөрдү боёгонду жана табышмак табуу оюнун абдан жактырат. Лино карындашына тамгаларды тартканды үйрөтө баштады. Бир күнү Сандра агасынан ал мектепке качан бара баштарын сурады.




This page was updated:30 Дек 2025