Hesperian Health Guides
БЦШНЫН ТИПТЕРИ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 9-БӨЛҮМ: Балдардын церебралдык шалдыгы > БЦШНЫН ТИПТЕРИ
БЦШ ар бир балада ар түрдүүчө өрчүп байкалат. Мындан тышкары, түрдүү адистер бул абалды сүрөттөө үчүн түрдүү ыкмаларды колдонушат. Бирок балада БЦШнын так кайсы тиби бар экенин аныктоонун анчалык деле зарылчылыгы жок. Негизи, бул дарылоо ыкмаларынын эң натыйжалуусун тандап алууга жардам бербейт.
Ошентсе да, БЦШдагы бузулуулардын негизги 3 тибин билип алган пайдалуу. Конкреттүү балада бул 3 типтин бири же экинчиси, бирок көбүнчө булар бир бири менен айкалышып чогуу байкалуусу орун алат.
Мазмуну
1. БУЛЧУҢДАРДЫН КАТЫП КАЛГАНСЫГАН АБАЛЫ ЖЕ “СПАСТИКА”
“Спастикасы” бар деген булчуңдары катып калгансып же “чыңалып” турат дегенди билдирет. Бул дененин кайсы бир бөлүгү катып калгансып, кыймылдабай калуусуна алып келет. Мындан улам дене жай жана копол кыймылдайт. Көпчүлүк учурда баштын абалынын өзгөрүүсү бүтүндөй дененин абалынын аномалдуу түрдө өзгөрүүсүнө алып келет. Баланын маанайы бузулганда же көңүлү бир нерсеге желиккенде же денеси белгилүү бир абалдарында болгондо, булчуңдарынын катып калгансыган абалы күчөйт. Дененин катып калгансыган абалы ар бир балада ар түрдүү болот.1. ЧАЛКАЛАП ЖАТКАНДАГЫ БУЛЧУҢДАР СПАСТИКАСЫНА МҮНӨЗДҮҮ АБАЛДАР:
![]() Башы капталына бурулуп калат.
Бул колу сунулган боюнча катып калгансып калышы мүмкүн
Тизелери бир бирине басылган боюнча буттары катып калгансыйт.
Бул колу бүгүлгөн боюнча катып калгансыйт |
![]() Бармак ичинде болуп, муштум түйүлүп кармалат
Ийиндери жана башы чалкалап калат.
Буттары бир бирин көздөй бурулуп калат. | ||
![]() | |||
Денеси катып калгансыган абал тизелери бүгүлүп же буттары эки жакка ачылып кармалуусу менен бир байкалуу булчуңдар спастикасы менен атетоз чогуу байкалган балдарда көбүрөөк учурайт (төмөндү караңыз). | |||
![]() |
![]() | ||
Башы жана ийиндери алдыга бүгүлгөн абалында ... | ... же колдору тулкусун бойлой кайчылашып, ал эми башы чалкалаган абалында булчуңдары чыңалып катып калгансыган абалы сейрегирээк учурайт. |
Баланы буттарына тургузууга аракет кылганда, көп учурда буттары катып калгансып чыңалып же кайчылашып калат | ![]() |
Бала басканды үйрөнүп жатканда, денесинин абалы катык, тизелери бир бирине басылып бүгүлгөн, кыймылдары копол болушу мүмкүн. Бут кетмендери көбүнчө бир бирин көздөй бурулуп калат. |
2. ӨЗҮНӨН ӨЗҮ БОЛУУЧУ (БАШКАРУУГА МҮМКҮН БОЛБОГОН) КЫЙМЫЛДАР ЖЕ “АТЕТОЗ”
Булар – баланын бут кетмендеринин, колдорунун, алакан-манжаларынын же бет булчуңдарынын жай, ийрибуйру же капыстан болуучу жулкунуу кыймылдары. Колдор жана буттар улам жулкунуп жаткандай таасир калтырып, туш келди кыймылдашы мүмкүн, же алакан-манжалар же бут манжалары себепсиз кыймылдай бериши ыктымал. Бала денесинин бөлүктөрүн өзү кыймылдатканда, алар өтө тез жана абдан тартайып кыймылдай баштайт. Жогоруда сүрөттөлүп келтирилгендей, спастикалык кыймылдар жана абалдар узак убакыт ичинде бирде пайда болуп, бирде жоголуп турушу мүмкүн (булчуңдардын чыңалуусунун даражасы тынымсыз өзгөрүп турат). Бала үчүн денесинин тең салмактыгын сактоо кыйын болгондуктан, ал оңой эле жыгылып калышы мүмкүн.
Атетозу бар балдардын көпчүлүгүнүн интеллекти сакталуу эле болот, бирок эгер сүйлөөгө керектүү булчуңдары жабыркап калган болсо, өз ойлорун жана муктаждыктарын башкаларга жеткирүү мындай балдар үчүн оор болушу мүмкүн.
Колдун жана алакан-манжалардын атетозго мүнөздүү кыймылдары кадимки кол булгалоого же капыстан болгон “спазмдарга” окшош болушу ыктымал. Көбүнчө, эркке баш ийбеген мындай кыймылдар баланын көңүлү бир нерсеге желиккенде же ал бир нерсени кылам деп аракеттенгенде күчөйт. | ![]() |

3. ТЕҢ САЛМАКТЫКТЫ САКТОО ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮ БУЗУЛУУ ЖЕ “АТАКСИЯ”
АТАКСИЯГА ТЕКШЕРҮҮ: | |
![]() |
![]() |
Атаксиясы бар бала, денесинин тең салмактыгын сактоо үчүн, тулкусун алдыга эңкейтип жана буттарын талтайтып алып басат. Ал толкундуу деңиздеги кемеде бара жаткан бирөөдөй же мас кишидей болуп, бирдей эмес кадамдарды шилтеп басат. | Баланын көз алдына сөөмөйүңүздү же оюнчук кармаңыз. Бала колу менен ошол оюнчукка дароо тийип көрсүн. Атаксиясы бар бала муну аткара албайт. |
Булчуңдар спастикасы же атетозу бар балдардын да далайы тең салмактыгын жакшы сактай албоо көйгөйүнөн жапаа чегет. Басканды үйрөнүүдө бул негизги тоскоолдукка айланышы мүмкүн. Ошентсе да, денесинин тең салмактыгын сактоону үйрөнүүсүнө балага жардам берүү үчүн, көп учурда далай нерселерди кылууга болот.
Эскертме: БЦШнын кайсы тиби болбосун, ымыркайларда жана жаш балдарда башында булчуңдарынын бошоң жана алсыз болуусу гана байкалат. Булчуңдары чыңалып катып калгансыган абалы же баланын эркине баш ийбеген кыймылмылдар бара-бара күч алып баштайт. Кээ бир балдардын булчуңдары дененин бир абалдарында бош болуп кармалат, башка абалдарында катып калгансыйт.
Дененин жабырлануучу бөлүктөрү
ДЕНЕНИН КАЙСЫ БӨЛҮКТӨРҮ ЖАБЫРКАГАНЫНА ЖАРАША, БЦШ-НЫН МҮНӨЗДҮҮ 3 ТҮРҮ БАЙКАЛАТ:
БИР ЖАГЫНДАГЫ КОЛ ЖАНА БУТ (ГЕМИПЛЕГИЯ) |
![]() Кол бүгүлүп кармалат; алакан-манжаларда спастика бар же алар салаңдап калат; көп учурда алардан дээрлик пайда жок.
Бала жабыркаган жагындагы бут манжаларына же бут кетменинин сырткы кырына туруп басат.
Бул жак толугу менен (же дээрлик) соо. |
ЭКИ БУТ (ПАРАПЛЕГИЯ) же дененин дагы башка бөлүктөрү бир аз жабыркоо менен айкалышат (ДИПЛЕГИЯ) | ЭКИ КОЛ ЖАНА ЭКИ БУТ (КВАДРИПЛЕГИЯ) |
![]() Негизи дененин үстүнкү бөлүгү жабыркабайт же анда билинер-билинбес белгилер гана байкалат.
Баланын таман сөөк - жото жилик муундарында жана бут кетмендеринде контрактуралар калыптанышы мүмкүн.
Бала басканда, анын колдору, башы жана атүгүл оозу кызыкча кыйшайып калат.
Бардык 4 аягы жабыркаган балдардын мээси ушунчалык катуу бузулууга дуушар болгондуктан, мындай балдар басканды ошо бойдон эч качан үйрөнө алышпайт.
Тизелер бир бирине басылып кармалат.
Буттар жана бут кетмендери бир бирин көздөй бурулуп калат. |
БЦШсы бар балдардын көпчүлүгүнө ушул 3 башка түрдүн бири дал келген күндө деле, дененин башка бөлүктөрүн дагы кичирээк көйгөйлөргө текшерип чыгуу туура болот