Hesperian Health Guides
БАШТАПКЫ ЫК-ЖӨНДӨМДӨРДҮ ӨРЧҮТҮҮ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 9-БӨЛҮМ: Балдардын церебралдык шалдыгы > БАШТАПКЫ ЫК-ЖӨНДӨМДӨРДҮ ӨРЧҮТҮҮ
Бул бөлүмдө жаңы ык-жөндөмдөрдү үйрөнүүсүнө БЦШсы бар балага кантип жардам берсе болоруна арналган бир нече сунушту гана келтирдик.
Жаңы ык-жөндөмдөрдү үйрөнүүсүнө балага жардам берүү үчүн, адегенде балага дыкат байкоо жүргүзүп, ал эмне кыла алат, эмне кыла албайт экенин аныктаңыз. БЦШсы бар бала дени соо балдардай эле бир баскычтан кийинки баскычка өтүп өнүгүүгө тийиш. 292- жана 293-беттерде баланын нормада “өнүгүүсүнүн баскычтарынын чектерин” камтыган тизмек келтирилген. Андагы маалыматтарды бала кийинки баскычтардын же ык-жөндөмдөрдүн кайсынысын өздөштүрүүгө даяр экенин аныктоо үчүн пайдалансаңыз болот.
Балаңыздын өнүгүү деңгээлине туура келген ылдамдык менен – өтө тез эмес, өтө жай эмес – алдыга жылыңыз.
Зарыл ык-жөндөмдөрдү өздөштүрүүсүнө БЦШсы бар балага жардам берүү үчүн, көп убакыт, аракет, чыдамкайлык жана сүйүү талап кылынат. Бүтүндөй үй-бүлөсү, мындан тышкары, эгер мүмкүн болсо, жергиликтүү коомчодо жашаган адамдар жардам бериши керек. (33-бөлүмдү караңыз.)
Баланын денесин туура абалына келтирүү абдан маанилүү экенин унутпаңыз. Эгер денесин мыктыраак башкарууга мүмкүндүк берүүчү туура абалында жатууну, отурууну жана турууну үйрөнүүсүнө балага жардам берсеңиз, ал буга чейин үйрөнө албай койгон ык-жөндөмдөрдү өздөштүрө баштайт.
Денесинин тең салмактыгын жакшы сактоо ык-жөндөмү БЦШсы бар баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү максаттарынын бири болуп саналат. Ушул ык-жөндөмүн бекемдөөсүнө балага мүмкүн болушунча жашыраак кезинен тартып жардам берип баштоо абдан маанилүү. Баланын өнүгүүсүнүн ар бир (жаткан, отурган, төрт аяктап ары-бери которулган, буттарында турган жана баскан) баскычында денесинин тең салмактыгын жакшы сактоо ык-жөндөмү – өздөштүргөн баскычынан кийинки баскычка өтүүсү үчүн зарыл нерсе.
Мазмуну
ДЕНЕСИНИН ТЕҢ САЛМАКТЫГЫН САКТОО ЫК-ЖӨНДӨМҮН ТЕКШЕРҮҮ
Дененин тең салмактыгын сактоо ык-жөндөмүн бекемдөөгө багытталган иш-чаралар боюнча толук маалыматтуу сунуштар баланын өнүгүүсүнө эртелеп түрткү берүү иш-аракеттерине арналган 35-бөлүмгө кошулган. Ал эми бул жерде ошол негизги сунуштардын кээ бирлери менен кыскача тааныштырып өтөбүз.
НАЧАР | |
![]() | |
Эгер 10 айлык курактан өткөн баланы отургузуп, анан коё бергенде, ал тулкусун кармап калууга аракет кылбай эле капталына кулап калса, бул баланын тең салмактыгын сактоо ык-жөндөмү начар дегенди билдирет. | |
ЖАКШЫРААК | ЖАКШЫ |
![]() |
![]() |
Эгер баланы бир аз түрткөндө, ал колдорунун жардамы менен тең салмактыгын сактоого жарап кулап калбаса, бул, баланын тең салмактыгын сактоо ык-жөндөмү канааттандырарлык дегенди билдирет. | Эгер бала колдорун колдонбой эле, тулкусун ары-бери кыймылдатуу жолу менен тең салмактыгын сактоого жараса, анын бул ык-жөндөмү мыкты десек болот. |
Жаткан абалында
Тулкусунун салмагын бир колунан экинчи колуна өткөрүп келтирип туруусуна баланы кызыктырыңыз. Ал үчүн алдына, бирде бир колун, бирде экинчисин сунуп туруусу үчүн, ар кандай буюмдарды кармаңыз.
![]() |
Буюм – алды жагында. | ![]() |
Буюм – каптал жагында. |
Баланы курсагыңызга жаткырып, денесинин тең салмактыгын сактоого аракеттенүүсү үчүн, аны бир капталынан экинчи капталына акырындан жантайтыңыз. | |||
![]() |
Отурган абалында
Бала өзүн “кармап” калууну өзү баштоосу үчүн, кулап баштоосун мүмкүн кылыңыз. | Буттарын бир биринен алыстатып, баланы эки тизеңизге отургузуңуз. | |
![]() |
![]() Адегенде аны колтук-тарынан кармаңыз. |
![]() Анан колдоруңузду ылдыйыраак түшүрүңүз. |
Баланын денесинин тең салмактыгын сактоо ык-жөндөмү жакшырганда, термелүүчү тактаны колдонуңуз. | Тулкусун буруп, капталындагы буюмдарга колдорун сунуусуна баланы кызыктырыңыз. | Денени отурган абалында жөлөөчү жасалгалардан мүмкүн болушунча азыраак колдонуңуз. Денеси узунунан керилип катып калгансып чыңала берген бала үчүн, көп учурда, бел бөлүгүнө жөлөк эле жетиштүү. |
![]() |
![]() |
![]() |
Жөргөлөө жана төрт аяктап которулуу учурунда
Эскертме: Кээ бир балдар төрт аяктап которулуу баскычын “аттап” өтүшүп, дароо буттарына туруп көрүүнү башташат.
Тулкусунун салмагын бир колунан экинчисине өткөрүп келтирип туруусуна баланы кызыктырыңыз. Эгер керек болсо, адегенде жөлөк менен камсыз кылып, анан аны бара-бара алып салыңыз. | ![]() |
Бала денесинин салмагын бир бутунан экинчисине өткөрсүн. |
![]() |
![]() |
|
Баланы термелүүчү бетке коюңуз. Ал тең салмактыгын сактоого аракеттенсин. Муну оюнга айлантыңыз. | Бала төрт аяктап, алдыга, капталга жана артка жылсын. | төрт аяктап жылуу үчүн самокат |
![]() |
![]() |
![]() |
Турган абалында жана басуу учурунда
Бала тизелерине туруп, тең салмактыгын сактоого аракеттенсин. | Бала турайын деп тартынсын. | Бала буттарына туруп, бир колу менен кандайдыр бир таянычка карманып, бир нерсеге жетүүгө аракет кылсын. |
![]() |
![]() | ![]() |
ЭСКЕРТҮҮ! Бул көнүгүү тизеси бүгүлгөн абалында спастикасы кармаган бала үчүн жарабайт. | (Балага башка бирөө жардам бергенде эмес, ал өзү тартынып аракет кылганда, буттарына жакшыраак турат.) |
Буттарына турганды, андан соң басканды үйрөнүүсүнө балага жардам бериңиз. | Баланы бастырганда, аны колдоо даражасын бара-бара азайтыңыз. Мисалы, адегенде бала сактагыч курду карманып басса, андан соң ансыз эле басып баштасын. | Бала алдыга, артка жана капталга кадам шилтөөнү көп ирет кайталап машыксын. |
![]() |
![]() |
![]() |
Мүмкүн болсо, бул көнүгүүлөрдү дайыма оюнга айлантып, көңүлдүү өткөрүңүз. Бул көнүгүүлөрдү аткаруу учурунда, баланын сүйлөө ык-жөндөмүн да өрчүтүү үчүн, аны менен көп сүйлөшүңүз.
Күндөлүк тиричилик жана өзүн тейлөө үчүн ык-жөндөмдөр
БЦШсы бар бала керектүү ык-жөндөмдөрдү башка балдарга салыштырмалуу кечирээк өздөштүрөт – бирок ал аларды сөзсүз өздөштүрөт! Балким, мындай бала ык-жөндөмдөрдүн бардыгын өздөштүрө албашы мүмкүн же ушул бойдон өмүрүнүн акырына чейин басканды үйрөнбөшү ыктымал. Кантсе да, бала өнүгүүсүнүн маанилүү багыттарынын ар бири боюнча тийиштүү жардам алуусун жана мүмкүн болушунча сезилерлик ийгиликтерге жетүүсүн камсыз кылыңыз.
![]() |
![]() |
Бала сүйлөө жана башкалар менен катнашуу ык-жөндөмдөрүн өрчүтүүсү үчүн, көп учурда, чоң жардамга муктаж болот. Ушул ык-жөндөмдөрдү мүмкүн болгон бардык жолдор менен: сөздөрдү, жаңдоо ыкмасын, же болбосо, колдун, буттун, баштын, көздөрдүн же башкалар менен катнашууда колдонулуучу маалымат баракчаларынын жардамы менен көрсөтүү жолун пайдаланып өрчүтүңүз.
Тамактануу, кийинүү, жуунуу, даараткананы пайдалануу жана дагы башка күндөлүк муктаждыктарды канааттандыруу сыяктуу ык-жөндөмдөрдө башкалардан мүмкүн болушунча көбүрөөк көз карандысыз болуусуна балага жардам бериңиз. Буга максаттуу машыгууларды аткаруу, башкаларды тууроодон турган көнүгүүлөрдү кылуу жана баскычтуу үйрөтүү жолдору аркылуу жетиңиз. Өзүн тейлөөгө арналган мындай ыкжөндөмдөр 36–39-бөлүмдөрдө талкууланат.
Бир жерден экинчи жерге которулууга жардам берген ыкма иштеп чыгыңыз. Ал үчүн, эгер керек болсо, дөңгөлөктөрү бар такталарды, дөңгөлөктүү отургучтарды, колдун күчү менен кыймылга келүүчү үч дөңгөлөктүү велосипеддерди, бастыргычгычтарды, балдактарды же башка жасалгаларды пайдаланыңыз. (63-, 64-, 65- жана 66-бөлүмдөрдү караңыз.)
Арасынан баарынан эң ыңгайлуусун тапмайынча, улам жаңы ыкмаларды колдонуп көрө берүүнү улантыңыз. | |||
Мисалы, жамбаш сөөк - кашка жилик муундары бекем эмес жана денесин жакшы башкара албаган бул кыз кармагычтары тигинен орнотулган бастыргычындагы эки түркүктүн ортосуна кирип кетип кулап калчу. | ![]() |
Бийигирээк кылып орнотулган түркүктөргө горизонталдуу бекитилген узун кармагычты карманганда, ал үчүн бир топ ыңгайлуураак болот. | ![]() |
Көбүнчө, ортездер БЦШсы бар балдарга жакшыраак басуусуна жардам бербейт, бирок кээ бир учурларда жардам берет. Эгер күмөн туулса, мүмкүндүү көйгөйлөрүн ачыкка чыгаруу үчүн, адегенде арзан түрлөрүн колдонуп көрүңүз. Мисалы:
Карла денесинин бөлүктөрүн өтө бүгүп алып басат. | Ага бут кетмендерин дээрлик 90° бурчта кармоочу, тизеге чейин ортездер. | же тизелерин дээрлик толугу менен түз абалында кармоочу, тизеден ашкан ортездер жардам бериши мүмкүн. | Бирок тизеге чейин ортездер бала денесинин тең салмактыгын жоготуусуна алып келиши, | |
![]() |
||||
ал эми тизеден ашкан ортездер тең салмактыгын сактоону ого бетер кыйындатышы мүмкүн. Ар бирин пайдаланып көрүү жолу аркылуу эң ылайыктуусун табыңыз! | ||||
![]() |
Атүгүл басууга көмөк берүүчү ортездер жардам бербеген күндө деле, түнкүсүн кийилүүчү, тизелерди жазылган абалында кармоочу жана контрактуралардын калыптануусуна жол бербөөчү шакшактар Карланын түзүрөөк басуусуна жардам бериши ыктымал. |