Hesperian Health Guides

Биз кантип жардам бере алабыз?

Бул бөлүмдө:

DVC Ch9 Page 94-1.jpg
Айылдык реабилитолог жана баланын атасы оор формадагы БЦШсы бар баланы чогуу текшерип жатышат.

Адегенде ата-энесинин жана үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнүн катышуусунда балага дыкат байкоо жүргүзүп, төмөнкүлөрдү айкындоо зарыл:

  • бала эмне кыла алат;
  • бала кыймылдай баштаганда, дагы башка нерселерди аткара баштаганда, анын денеси кандай абалга келет;
  • ал эмне кыла албайт жана буга эмне тоскоолдук кылат.

БАЛА ЭМНЕ КЫЛА АЛАТ?

Бала төмөнкүлөрдү аткара алабы:

  • башын көтөрө алабы? көтөргөн боюнча кармай алабы? көмкөрүлө алабы?
  • жер боюнча, кандайдыр бир ыкманы колдонуп, бир жерден башка жерге которула алабы? төрт аяктап жыла алабы? баса алабы?


Бала алакан-манжаларын канчалык эптүү пайдаланат?

  • Ал ар кандай буюмдарды колуна ала алабы, кармап тура алабы, анан коё бере алабы, эки колун бир убакта (же кезек-кезеги менен гана) колдоно алабы?
  • Ал майда бир нерсени – кичине таштарды же тамактын кичине бөлүктөрүн – манжалары менен кармай алабы?


Бала канчалык даражада өзүн тейлей алат?

  • Ал өз алдынча тамактана алабы, жууна алабы, кийине алабы, табигый муктаждыктарын дааратканада аткара алабы?


Бала, үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн, үйүндө же талаада эмне иштерди аткара алат?

Балага байкоо жүргүзүп, анан алынган маалыматты талкуулоонун негизинде ал эмнеге жөндөмдүү экенин айгинелөөдөн кийин, баладан булардын бардыгын иш жүзүндө өз алдынча аткаруусун күтсөк болот. Эгер ата-эне баласынын ордуна дээрлик бардыгын аткарып көнүп калган болсо, адегенде (ата-энеге да, балага да) оор болушу мүмкүн. Бирок эгер аракеттер токтотулбаса, көп өтпөй эле бала өзүнө ишене баштайт. Ата-эне баласы далай нерселерди өз алдынча аткарганына кубанып, аткара албаган нерселери тууралуу азыраак тынчсызданышат. Небереси бир аз көбүрөөк көз карандысыз болуусуна чоң апасы жардам берип жатканы төмөнкү сүрөттөрдө көрсөтүлгөн.

Pepe asks Granny to get him water
Pepe gets water for himself

Чоң апасы небересине суу алып берип жиберүүдөн, айрыкча, небереси ага жалынып-жалбарганда, өзүн араң кармады. Небереси бул иш-аракетти өзү аткаруусу анын келечеги үчүн пайдалуураак болорун чоң апасы түшүнгөн. Үй-бүлө БЦШсы бар баласына кандайча жардам бере алары жөнүндө башка идеяларды Мариселанын жана Энрикенин окуяларынан окуңуз.

ДЕНЕСИ ТУУРАРААК АБАЛДА КАРМАЛУУСУНА БАЛАГА КАНТИП ЖАРДАМ БЕРСЕ БОЛОТ?

Булчуңдарынын тартуусу текши эмес болгондуктан, БЦШсы бар балдардын денелери узак убакыт аномалдуу абалдарда кармалат. Колу-буттар жана дененин башка бөлүктөрү мындай аномалдуу абалдарда кармалуусуна мүмкүн болушунча жол бербеңиз, антпесе балада деформациялар калыптанышы мүмкүн. Мисалы:

a child in an abnormal position
Дайыма бүгүлүп турган кырк муун же чыканак муунунда контрактуралар (булчуң кыскаруу) пайда болуп, кол такыр түздөлбөй калышы мүмкүн.
Алдын же капталын көздөй бүгүлүп кармалып калган, жамбаш сөөк - кашка жилик муундарында,
бир бирине басылып же ошо бойдон толугу менен жазылбай калган тизе муундарында,
“бут манжаларына туруу” абалында катып калгансып кармалып калган бут кетмендеринде контрактуралар калыптанышы мүмкүн. Мындай контрактуралар колубуттардын нормалдуу иштөөсүнө тоскоолдук кылат. Мунун айынан, жуунуу, кийинүү, табигый муктаждыктарын дааратканада аткаруу жана бир жерден башка жерге которулуу бала үчүн кыйла оорлошу ыктымал.
a child in an abnormal position
Тулкуну кыйшайтып кармоо омуртка тутуму ийрийип, жамбаш сөөк жантайып калуусуна алып келиши мүмкүн.
Эгер баш бурулган же капталына жантайган абалында дайыма кармалса, моюн биротоло ийрийип калышы ыктымал.
Тулкуга тыгыз басылып кармалган колду белгилүү бир убакыттан кийин көтөрүү кыйын болуп калат.

Бала денесин мүмкүн болгон сайын жогоруда келтирилгендей көйгөйлөргө алып келбөөчү абалдарга келтирип кармоого тийиш. Бала эмне гана кылбасын (жатканда, отурганда, төрт аяктап ары-бери которулганда, буттарында турганда), денесинин ар кайсы бөлүктөрүн төмөнкү саптарда сүрөттөлгөндөй кармоосуна жана кыймылдатуусуна шарт түзгөн абалдарга келтирүүсүнө баланы “түрткүлөөгө” аракет кылыңыз.

children in different positions to prevent problems
отуруу
төрт аяктап которулуу
жатуу
туруу
  • Бала башын өйдө жана ылдый көздөй кыймылдатуу учурунда түз кармасын;
  • Дене тик жана түз кармалсын (ийилбесин, бүкүрөйбөсүн, буралбасын);
  • Эки кол тең түздөлүп жана денеге жабыштырылбай кармалсын;
  • Эки кол тең баланын көз алдында иштесин;
  • Салмак дененин эки жагына – жамбаш сөөк - кашка жилик муундарына, тизе муундарына жана эки колго – текши бөлүштүрүлсүн.


Өнүгүүсүнүн учурдагы баскычында денесин башкарууну мүмкүн кылган абалдарга денесин келтирип туруусуна баланы “түрткүлөңүз”. Денесин ушундай абалдарга келтиртип, бала менен ойноңуз, сүйлөшүңүз жана ага кызыктуу тапшырмаларды аткартыңыз.

a child in a special chair
колду жазылган жана тынч абалында кармоого жардам берүүчү, кум салынган баштыкча
баш капталына жантаюусуна жол бербеген астарлык
тизелерди жана бут кетмендерин бир бирине жабыштырбай кармоого жардам берүүчү, бети капталган жасалгалар
бут кетмендери манжаларга туруп катыгансып кармалып калуусуна жол бербөөчү таканч
астарлык бекитилүүчү такта
тулкуну капталдарына жантайтпай кармоого жардам берүүчү, бети капталган жасалгалар

Кээ бир балдар денесин эч жөлөксүз туура абалда кармай алышпайт. Денени туура абалда кармоо үчүн, аларга атайын отургучтар, үстөлдөр, шынаалар, астарлыктар же таза кум салынган мүшөктөр керек болушу мүмкүн.

Мисалы, бул беттин үстүнкү бөлүгүндө сүрөтү келтирилген балага мындай отургуч керек болушу ыктымал.


АЛДЫН АЛА ЭСКЕРТҮҮ! Денесин узак убакыт бир абалда карматтырып калтырбаңыз, анткени анын булчуңушул абалында катып калгансып чыңалып калат. Денесинин абалын улам өзгөртүп туруңуз. Же денесинин абалын өзү өзгөртүп туруусуна баланы түрткүлөп турсаңыз, андан да жакшы болот. Эгер денесинин абалын өз алдынча өзгөртүп туруу баланын колунан келсе, отургучтар, алардын отуруу үчүн бөлүктөрү жана башка көмөкчү жасалгалар баланын кыймылдоосуна тоскоолдуктарды жаратпоого тийиш.

КӨМӨКЧҮ ЖАСАЛГАЛАР БАЛАНЫН КЫЙМЫЛДАРЫН МҮМКҮН БОЛУШУНЧА АЗЫРААК ЧЕКТЕГЕНДЕЙ БОЛУУГА ТИЙИШ.


БЦШсы бар баланын басканы сыртынан абдан кызыктай же аномалдуу көрүнүшү мүмкүн. Эгер аткара алган нерселерин ушундай жол менен мүмкүн болушунча мыктыраак аткара алса, анда буга белгилүү бир даражада уруксат берилүүгө тийиш. Бирок ошол эле учурда, дененин улам кайталанып турган кээ бир аномалдуу абалдарын оңдоого жардам берүүчү, кыймылдоонун башка ыкмаларын да көрсөтүп туруңуз. Мисалы,

Эгер баланын колу улам өйдө көздөй бүгүлө берсе, колун сунуп, ар кандай буюмдарды кармоого аны кызыктырып түрткүлөп туруңуз. Же бала кармангыдай таяныч же тутка жасап бериңиз.
child draws a picture in different positions
Эгер баланын омуртка тутумунун бел бөлүгү артты көздөй катуу ийиле берсе, ал башын, тулкусун жана ийиндерин, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, алдыга эңкейтип туруучу үй жумуштарын аткарып туруусу зарыл.
child hoes the ground and washes dishes

Дененин абалын оңдоочу кыймылдарды жана абалдарды талаада, үйдө иштеп же ага, ини, эже же сиңди менен ойноп жатып табууга жана пайдаланууга болот. Төмөндө, дененин абалын оңдоо үчүн айрым ойлор келтирилген (Нэнси Финник жана Софи Левитт аттуу физиотерапевттерден алынган).

Жаткан абалында (уйку учурунда дагы)

Дененин аномалдуу абалдарын оңдоочу же аларга карамакаршы келүүчү абалдарына денесин келтирүүчү ыкмаларды ойлоп чыгарууга аракет кылыңыз.
baby with crossed legs
Мисалы, эгер баланын тизелери бир бирине басылып кармалса же буттары кайчылашып калса,
baby lies down with legs pinned apart
балага бир нече кабат жалаякшым кийгизүү ыкмасы аркылуу анын буттарын эки жакка ачып жазууга болот.
Эгер баланын денеси артын көздөй улам жаадай ийиле берсе, аны капталына жаткыкырып, ушул абалында аны менен ойноп көрүңүз.
DVC Ch9 Page 96-6.png DVC Ch9 Page 96-7.png


Мисалы, баланы аркасы менен гамакка, денесин алдыны көздөй ийүү жолу менен булчуңдарындагы спастиканы жеңип чыгууга жардам берүүчү ыкмаларды издеңиз. же курсагы менен челекке (же чоң топко, чоң ташка ж.б.у.с.) жаткырып, же автоунаанын дөңгөлөгүнөн турган селкинчекке отургузуп,
child lays in a hammock DVC Ch9 Page 96-9.png DVC Ch9 Page 96-10.png
Эгер бала ушул абалында колдорун алдында жаткан буюмдарга суна албаса, колдорун пайдаланып, башын көтөрө тургандай абалга денесин келтирип, ага жардам бериңиз. “Бут манжаларына туруу” контрактуралары калыптануусуна жол бербөө үчүн чакан чуңкур
child lies face down child plays on a lying board child plays with chest propped up on a rock and feet in a hole
Эгер бала ушул абалында буюмдарга жетүү үчүн колдорун суна албаса, айланасында эмне болуп жатканын кароо үчүн башын ушул жагына бургандай кылып, баланы жаткырбаңыз. Тескерисинче, башын карамакаршы жагына бургандай кылып жаткырыңыз.
DVC Ch9 Page 96-14.png
DVC Ch9 Page 96-15.png
DVC Ch9 Page 96-16.png
ТУУРА ЭМЕС ТУУРА


Баштын абалын башкарууга арналган башка сунуштар келтирилген Баштын кыймылдарын башкаруу ык-жөндөмүн, көрүүнү жана угууну пайдалануунун өнүктүрүүчү көнүгүүлөр.


Тулкуну буруу жана көмкөрүлүү

БЦШсы бар бала тулкусун буруп же көмкөрүлүп баштаганда, көп учурда денеси катып калгансып, катуу чыңалып калат. Ошентсе да, тулкуну буруу ык-жөндөмү балага басканды үйрөнүүсүнө керек. Көмкөрүлүү ыкжөндөмү да тулкусун бир капталынан экинчи капталына бурганды үйрөнүүсүнө жардам берет.

Эгер баланын булчуңдары катып калгансып, катуу чыңалып калса, буттарын артка жана алдыга термелтүү жолу аркылуу булчуңдарын бошоңдотууга ага жардам бериңиз. Андан кийин балага тулкусун бурганды жана көмкөрүлгөндү үйрөтүңүз. Тулкусун бурууну каалаткан жана муну башка бирөөнүн жардамысыз эле аткарууну мүмкүн кылган оюндарды ойлоп чыгарыңыз.
a woman talks to a child


Тулкуну буруу жана көмкөрүлүү ык-жөндөмдөрүн жакшыртуу боюнча башка ойлорду караңыз Оодарылуу жана бир капталдан экинчи капталга буруу ык-жөндөмдөрүн өнүктүрүүчү көнүгүүлөр.

Отуруу абалы

Баланы туура отургузуу ыкмалары бала отурганда денеси канчалык аномалдуу абалга келтирилип кармаларынан көз каранды. Мисалы:


Эгер баланын буттары бир бирин көздөй бурулуп, басылып, ийиндери түшүп, колдору да бир бирине бурулуп турса, буттарын бир биринен алыстатып, сыртты көздөй буруп отургузуңуз. Ийиндерин көтөрүп, колдорун да сыртты көздөй буруңуз. Жакшыртылган ушул жаңы абалында башка бирөөнүн жардамысыз калуусуна жана ойноосуна жардам берүүчү жөнөкөй ыкмаларды ойлоп чыгарыңыз Буттарды шакекке окшотуп бүгүп кармоо сандардын сыртты көздөй бурулуусуна жардам берет
DVC Ch9 Page 97-2.png woman helps a child sit up and water flowers a child plays in a special seat a child plays sitting against a backboard
Эгер балада спастика бар болсо жана ал отура албай кыйналса, буттарын сүрөттө көрсөтүлгөндөй басып алсаңыз болот. Бул ыкма колдоруңузду бошотуп, колдорун пайдаланганды үйрөнүүсүнө балага жардам берүүгө сизге мүмкүндүк берет. Бетинин түрдүү бөлүктөрүнө тийип, аларды сезүүсүнө балага жардам бериңиз. Буттарын бир биринен алыстатып, тамандарын жерге толук коюп, баланы курсагыңызга отургузуңуз. Эгер керек болсо, тизелериңиз менен баланын аркасына жөлөнгүч жаратыңыз. Бала колдорун бетине тарта баштаганда, ийиндери, колдору жана алакан-манжалары туурараак абалда кармалуусуна жардам бериңиз. Бетинин түрдүү бөлүктөрүнө тийип, аларды кармалайм деген аракеттерин оюнга айлантыңыз. УБАКЫТЫ КӨҢҮЛДҮҮ ӨТСҮН!
woman rests her legs on top of child's spread legs
woman talks to a boy



Өнүгүүсүндө улам илгерилеген сайын, оюндардын жана тууроо көнүгүүлөрүнүн жардамы менен колдорун жана бүтүндөй денесин туурараак абалдарына келтирип кармоосуна баланы түрткүлөңүз Денесинин тең салмактыгын (БЦШдан, полиомиелиттен же башка бузулуудан улам) жакшы сактай албаган балдар, отурган абалынан кулап калбаш үчүн, буттарын англис “W” тамгасына окшотуп кармашат.
child imitates another child's position
DVC Ch9 Page 97-9.png
Негизи, балага ушин- издеңиз. тип отурууга уруксат бербей эле койгон оң, анткени андан контрактуралар күчөшү жана кашка сөөктөрдүн жамбаш сөөк менен ашташтары, тизе муундары бошоп кетиши мүмкүн. Бирок эгер бала ушинтип отурганда гана колдорун пайдалана алса, мындай отурууга ага уруксат берүү керек.
Буттарын бир биринен алыстатып, алдыга сунуп алып отурууга мүмкүнчүлүк берген жолдорду издеңиз. 2 мисал:
DVC Ch9 Page 97-10.png
Карапа же устун тизелерди бир биринен алыстатып кармоого жардам берет. Согончокторду ордунан жылдырбай кармоого жардам берүүчү чуңкурчалар да пайдалуу.
DVC Ch9 Page 97-11.png
Эгер отурганда буттары бир биринен алыстап, жамбашы артты көздөй уркуюп, ийиндери артты көздөй тартылып калса, адегенде тулкусун алдыга эңкейтип, буттарын бир бирине жакындатып отургузуңуз. Андан кийин ийиндерин алдына келтирип, ичти көздөй буруңуз.
DVC Ch9 Page 98-1.png DVC Ch9 Page 98-2.png
Баланы буудай салынган мүшөккө отургузуп койсо болот. Мүшөк баланын буттарын бир биринен алыстатып кармайт. Сүрөттө атасы кызынын тизелерин басып турат. Мындан кыздын тамандарды жерге толугу менен коюлуп, түзүрөөк отуруусу мүмкүн болот. (PROJIMO) Бала башка бирөөнүн жардамысыз эле туурараак отуруп ойной алуусуна жардам берген мүмкүнчүлүктөрдү издеңиз.
DVC Ch9 Page 98-3.jpg
DVC Ch9 Page 98-4.png
Бала менен үстөл үстүндө ойноңуз. Эки колун тең оюнчуктарга сунууга аргасыз болушу үчүн, баланын алды жагына отуруңуз. Баланын тамандары тегиз бетке толугу менен коюлуусун камсыз кылыңыз.

Буттарда Х-кейпилүү контрактуралардын калыптануусуна жол бербөөчү атайын отургучтардын жана отуруу абалдарынын мисалдарын төмөндөн караңыз. БЦШсы бар балдар үчүн атайын отургучтардын башка мисалдары:

Ары-бери которулуу

БЦШсы бар балдар үчүн басканды үйрөнүү, негизинен, оңой эмес болгондуктан, алар бир жерден башка жерге которулуунун башка ыкмаларына муктаж болушат. Мындай ыкмалардын кайсынысы балага туура келери анын муктаждыктарынан жана мүмкүнчүлүктөрүнөн, андан тышкары, үй-бүлөсүнүн, досторунун жана жергиликтүү усталардын каражаттарынан, ык-жөндөмдөрүнөн жана ойлоп чыгаруу жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды.

Балага бир жерден экинчи жерге которулуусуна жардам берүүчү каражаттар денеси туура абалда кармалуусун камсыз кылууга тийиш.

Төмөндө келтирилген, мындай каражаттардын үлгүлөрүнүн баары буттарда Х-кейпилүү контрактуралардын калыптануусуна жол бербеген түрүндө атайын жасалган.

child rides on someone's back
"the locomotive", a toy car
эски чаканын же добулбастын жарымы
“фаралар”
(каңылтырдан жасалган идиштин капкагы)
астарлык
кичинекей (капталдарына да бурулуучу) дөңгөлөктөр
child rides on "the locomotive"
коңгуроо
кур (эгер керек болсо)



Дөңгөлөктөрү бар такта Тегиз эмес беттер боюнча жүрүүгө ылайыкталган, дөңгөлөктөрү бар такта Кээ бир балдар дөңгөлөктүү отургучтарга муктаж.
wheelboard without padding
wheelboard with padding and large wheels
астарлык
DVC Ch9 Page 98-10.png
Бул жөлөгүнүн бетин жумшак материал менен каптаңыз же ага жаздык коюңуз. (Кээ бир балдар мындай жөлөккө муктаж эмес.) Алдынкы кичине дөңгөлөгү тыгылып, жылбай калганда, тактанын болжол менен ортосунда орнотулган чоң дөңгөлөктөрү балага колдорун көтөрүү жолу аркылуу тоскоолдуктан чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Же эгер алдынкы дөңгөлөгү бурулбаса, бала аны жерден көтөрүп, тактаны бура алат. Топурак жер же бамбуктун сабактары төшөлгөн жер боюнча жылуу үчүн, ирирээк дөңгөлөктөр керек болот. Алардын түзүлүштөрүн .бөлүмдөрдөн64, 65, 66. Жамбаш сөөктү туура жана тизелерди бир биринен алыстатып кармоого жардам берүүчү отургучта колдонуу үчүн атайын жаздыкчаларды АТАЙЫН ЖАЗДЫКЧАЛАР издеңиз.

Дөңгөлөктөрү бар такталардын башка түзүлүштөрүн ЖАТУУ ҮЧҮН ТАКТАСЫ БАР ДӨҢГӨЛӨКТҮҮ ОТУРГУЧd.

Турган абалы

БЦШсы бар балдардын көбү денелерин аномалдуу абалдарда кармап турушат жана басышат. Бала үчүн денесинин тең салмактыгын сактоо кыйын. Мындан белгилүү бир булчуңдарынын өзүнөн өзү чыңалуусу ого бетер күчөп, тең салмактыкты сактоо ого бетер кыйындайт.


Натыйжада бала денесин копол абалда кармап турууга аргасыз болот. Бул деформацияларга жана контрактураларга алып келиши мүмкүн. Денесинин тең салмактыгын сактоосуна балага жардам берилгенде, булчуңдарынын чыңалусу азаят – ошондо бала үчүн түзүрөөк туруу мүмкүн болот..
a child standing in an awkward position
Жамбаш уркуюп туратk
Муундарды бүгүлгөн абалында кармоо контрактураларга алып келет
бут манжаларына туруу
child holds a bar to balance



Ойноо жана башка ишмердиктери учурунда балага буга окшош жардам көрсөтүүнүн жолдорун издеңиз.
DVC Ch9 Page 99-3.png
Араба, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, денесинин тең салмактыгын азыраак күч жумшоо менен эле сактоосуна жана колдорун түз кармоосуна балага мүмкүнчүлүк берет.


DVC Ch9 Page 99-4.jpg
DVC Ch9 Page 99-5.jpg
DVC Ch9 Page 99-6.jpg
Мигелито 8 жашында – адегенде параллелдүү брустарды карманып. көп эмес убакыттан кийин балдактарды пайдаланганды үйрөнгөн. Бул сүрөттө Мигелито жана басканды үйрөнүп жаткан башка бала жарышып келе жатышат. Ал эми мында ал өз алдынча эле басып жүрөт.
DVC Ch9 Page 99-7.png
Бала турган абалында тең салмактыгын сактаганды бир аз үйрөнөр замат эки таякты колдонуп көрсө болот. Адегенде таяктардын баштарынан кармап, балага жардам берсеңиз деле эч нерсе эмес. Бирок башка бирөөнүн жардамысыз туруу мүмкүн болору менен бала муну өз алдынча кыла баштасын.
ЭСКЕРТҮҮ! Жыгылып кетип, бир жерине жаракат келтирип албашы үчүн, таяктар баланын боюнан узунураак болууга тийиш.

Өз алдынча турганды үйрөнө элек баланы күндө бир же эки саатка тик тургузуучу жасалгага – вертикализаторго жайгаштырып койсо болот.

child eats at a table with a standing frame
үстөлгө жөлөтүлгөн такта же фанера
кур (эгер керек болсо)
картондон, пенопласттан же башка материалдан шынаа формасында жасалган бөлүк
child in a standing frame plays by other children

Вертикализатордо туруу атүгүл башка бирөөнүн жардамысыз эч качан тура албайт же баса албайт деп саналган балада деформациялардын пайда болуусуна жол бербеши мүмкүн. Бул бут сөөктөрүнүн өсүүсүнө жана бекем бойдон сакталуусуна да жардам берет. Мындай жасалганы балдардын көпчүлүгү буттарына тура баштаган куракта – болжол менен бир жашка чыкканда – колдонуп баштагыла.

"ВЕРТИКАЛДУУ ТАКТАСЫ БАР ЖАСАЛГА".

Колдорду пайдалануу ык-жөндөмү

Отурганын, турганын же жатканын оңдоочу абалдарында ойноосун же колдорунун жардамы менен түрдүү нерселерди аткаруусун мүмкүн кылуучу жолдорду табууга аракет кылыңыз.

Формалары жана беттери ар түрдүү (чоң, кичине, жылуу, муздак, жабышчаак, жылмакай, тикенектүү, катуу, жумшак, ичке, жоон) келген буюмдарга мүмкүн болушунча көбүрөөк тийип, кармалап жана колуна алып изилдөөсүнө баланы түрткүлөңүз.

DVC Ch9 Page 100-1.jpg
DVC Ch9 Page 100-2.jpg
Бул кыз Таиланддагы Као-и-данг деп аталган качкындар лагеринин реабилитациялык борборунда таякча боюнча түстүү шакектерди арыбери жылдырып, колдорун башкарганды үйрөнүп өнүгүп жатат. PROJIMO реабилитациялык борборунда БЦШсы бар бала отургучтун сүлдөрүн боёп жардам берип жатат.

Колдорун пайдаланганды балага үйрөтүү боюнча башка сунуштарды караңыз.

БАЛАНЫ ТУУРА КӨТӨРҮП АЛУУ

Бардык башка учурлардагыдай эле, баланы көтөрүп жүргөндө да, денесинин аномалдуу кармалуусун оңдоого жардам берүүчү абалына келтирип алып, баланы көтөрүп алууга аракет кылыңыз.

DVC Ch9 Page 100-3.png
crossed out image of woman carrying child in an unhealthy position
анда аны мындай көтөрүп жүрүүгө болбойт
Эгер жаткан абалында, баланын колдору бүгүлүп, буттары түздөлүп кармалса,
DVC Ch9 Page 100-5.png
Колдору түздөлүп, буттары тизелеринен жана жамбаш сөөк - кашка жилик муундарынан бүгүлүп кармалгыдай кылып, баланы көтөрүп алыңыз.
Бала денесин улам жакшыраак башкара баштаган сайын аны кармап ага жардам берүү даражасын бара-бара азайтсаңыз болот. Түпкүчтөй ийилип алып отурган, спастикасы бар баланы, минтип көтөрүп алууга болот.
woman carries child with one arm
DVC Ch9 Page 100-7.png
woman carries child by holding the arms apart with one arm and spreading the legs with the other
Денеси керилип, жаага окшошуп артын көздөй ийиле берген, булчуңдарында күчтүү спастикасы бар баланы сүрөттө көрсөтүлгөндөй көтөрүп алууга болот.
DVC Ch9 Page 100-10.png
Баланын ийиндерин көтөрүү бут булчуңдарындагы спазмды азайтууга жардам берет. someone holdsa child with severe spasticity Буттарын бир биринен алыстатуу учурунда аларды сандарынын ички беттеринен кармоо жолу аркылуу буттарын сыртты көздөй каратып буруусуна жардам берсе болот
DVC Ch9 Page 100-11.png
Иш аткарганда, буттарын эки жакка каратып, баланы курсагыңызга же белиңизге кыса байлап көтөрүп алсаңыз болот.

Баланы кантип туура көтөрүп алуу керектиги тууралуу башка сунуштарды караңыз.



This page was updated:23 Май 2025