Көбүнчө, БЦШсы бар ымыркай алсыз, булчуңдары бошоң болуп төрөлөт, же болбосо, анын сырткы көрүнүшү кадимкидей эле болушу мүмкүн.
НОРМА
БОШОҢ (булчуң гипотониясы)
Бала коңторулган англис “U” тамгасын элестетет. Ал бир аз кыймылдай алат же такыр кыймылдай албайт.
Бири төрөлөрү менен дароо дем алып баштайт, башкасы бир канча убакыт дем ала албай, денеси көгөрүп, шөлбүрөп калат. Кеч дем алып баштоодон мээнин жабыркап бузулуусу көп учурайт.
Жай өнүгүү. БЦШсы бар бала башка балдардан айырмаланып, башын көтөрүп кармаганды, отурганды же ары-бери жылганды кеч үйрөнөт.
Бала колдорун колдонбошу мүмкүн, же бир гана колун колдонуп, экөөнү бирдей колдонууга аракеттенбеши ыктымал.
Тамактандыруу көйгөйлөрү. Ымыркай эмчек сүтүн соро албай, жута албай, тамагын чайнай албай кыйналышы мүмкүн. Ал тамагына көп чачашы же какашы ыктымал. Атүгүл улам чоңойгонуна карабастан, тамактануусуна байланыштуу ушул жана дагы башка көйгөйлөрү сакталышы мүмкүн. Бала пневмония илдети менен көп оорушу ыктымал.
Балага кам көрүүдөгү кыйынчылыктар. Баланы колго алганда, кийинтээрде, киринтээрде же аны ойнотуп жатканда, денеси катып калгансып кыймылдабай калышы мүмкүн. Кийин бала өз алдынча тамактанганды, кийингенди, жуунганды, табигый муктаждыктарын дааратканада аткарганды же башкалар менен ойноп көңүл ачканды үйрөнө албай кыйналышы ыктымал. Бул денесинин күтүлбөгөн жерден катып калгансып кыймылдабай калуусуна же булчуңдары бала тез эле кулап калгыдай бошоң болгондугуна байланыштуу болушу мүмкүн.
Ымыркайдын денеси ушунчалык алсыз болгондуктан, анын башы мына-мына үзүлүп кетчүдөй таасир калтырышы мүмкүн. Же күтүлбөгөн жерден денеси аны эч ким колуна ала албагандай же кучактай албагандай болуп катып калышы ыктымал.
Ымыркай көпкө дейре ыйлай бериши жана абдан тынчы жоктой же оңой кыжырланмадай таасир калтырышы мүмкүн. Же тескерисинче ал абдан жоош (пассивдүү) болуп, дээрлик эч качан ыйлабашы же жылмайбашы ыктымал.
Катнашуудагы кыйынчылыктар. Ымыркай айланасындагыга башка ымыркайлардай жооп кайтара албашы мүмкүн. Бир четинен, бул анын булчуңдарынын бошоңдугуна (гипотонус) же, тескерисинче, катыгансып калуусуна (спастика), же колдорун кыймылдата албоосуна же бет булчуңдарын башкара албоосуна байланыштуу болушу ыктымал. Мындан тышкары, көпкө дейре баланын тили чыкпашы мүмкүн. Мындай балдардын айрымдары так эмес, чулдурап сүйлөп башташат, же сүйлөө багытында аларда башка кыйынчылыктар пайда болот.
Баласы эмне кааларын так билүү ата-энеси үчүн кыйын болот, бирок алар баласынын муктаждыктарынын далайын түшүнүү жолдорун бара-бара табышат. Адегенде бала эмне кааларын айланасындагыларга жеткизе албай, далай ыйлайт. Кийин ал эмне кааларын колунун, бутунун же көздөрүнүн жардамы менен көрсөтүп билдиргенди үйрөнүп алышы мүмкүн.
Интеллект. Кээ бир балдар физикалык жактан ушунчалык алсыз болуп, жай кыймылдагандыктан, акыл-эси кемдей таасир калтырышы мүмкүн. Ал эми башкалары ушунчалык көп жана ушунчалык копол кыймылдагандыктан, акылы тайкыны элестетиши ыктымал. Беттери мыйрыйып калат. Бет булчуңдарынын алсыздыгынан же ооздогусун жутууда кыйналгандыктан, шилекейи чубалып агып турушу мүмкүн. Ушул себептерден атүгүл интеллекти нормалдуу бала акыл-эси кемдей таасир калтырышы ыктымал.
БЦШсы бар балдардын болжол менен жарымынын акыл-эсинин өнүгүүсү артта калып калат, бирок мындай тыянакты шашып чыгарууга да болбойт. Бала чынында эмнеге жарайт экенин түшүнүү үчүн, адегенде ага жардам берип, аны окутуп үйрөтүү керек. Бала көрсөтө алаарына салыштырмалуу кыйла көбүрөөктү түшүнөөрү тууралуу анын ата-энеси далай ирет айтып келет.
Кээде илдеттен баланын угуусу жана көрүүсү жабыркайт. Эгер бул көйгөйлөрү ата-энесине белгилүү болбосо, алар баласынын интеллекти тайкы деп ойлошу мүмкүн. Балага дыкат байкоо жүргүзүп, ал канчалык жакшы уга алат жана көрө алат экендигин текшериңиз.
Бала катуу добуштарды уга алса деле, анын угуусу сөздөрдү бир биринен ажыратып түшүнүү үчүн жетишсиз болушу мүмкүн.
БЦШсы бар балдардын болжол менен 40%ында карыштыруучу талма (эпилепсия, туталак, карышуу) кармайт. (29-бөлүмдү караңыз.)
Тынчы жок жүрүм-турум. Баланын маанайынын капыстан өзгөрүүлөрү, мисалы, күлүүдөн ыйлоого, коркууга, туткакка же дагы башка ушул сыяктууларга өтүп кетүүлөр байкалышы мүмкүн. Бир четинен бул бала денесин өзү каалагандай башкара албагандыгынан улам айласы түгөнгөндүгүнө байланыштуу болушу ыктымал. Бала айланасындагы катуу ызы-чуу, кым-кууттан чочуп кетиши же маанайы бузулушу мүмкүн. Мээ жабыркоо да жүрүм-турумга таасир тийгизет. Мындай балдар, аларды коркуткан нерселерди жана жүрүм-турумунун буга окшогон башка “кыйшаюуларын” жеңип чыгуу үчүн, үзгүлтүксүз жардамга жана чоң чыдамкайлыкка муктаж болушат. (40-бөлүмдү караңыз.)
Тийүүнү, оорууну, ысыкты, муздакты жана дененин абалы өзгөрүүсүн сезүү функциялары жоголбойт. Бирок балдар денесинин кыймылдоосун башкара албай жана тең салмактыгын сактай албай кыйналуусу мүмкүн. Мээси жабыркагандыгынан улам бул ык-жөндөмдөрдү өздөштүрүү алар үчүн кыйын болушу ыктымал. Мындай жагдайда чыдамкайлык менен куралданып, көп ирет кайталап үйрөтүү ыкмасы жардам берет.
Аномалдуу рефлекстер. Жаңы төрөлгөн балада белгилүү бир “баштапкы рефлекстер” же дененин автоматтык кыймылдоолору бар болот. Булар дени соо балада алгачкы бир нече жума же бир нече ай ичинде басылып отуруп жоголуп кетет. Мээси жабыркаган ымыркайларда мындай рефлекстер бир топ узагыраак сакталышы мүмкүн. Бирок бул, баланын кыймылдоо жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизгенде гана, мааниге ээ болуп, көңүл бурууну талап кылат. “Тизе рефлекси” жана тарамыштардын башка терең рефлекстери негизинен чегинен аша активдүү болот (бут демейкиден көбүрөөк жулкунат). Эгер илдетти аныктоодо күмөн туулса, аномалдуу рефлекстерди так аныктоо БЦШны полиомиелиттен айырмалоого жардам бериши мүмкүн. (КАТТОО БАРАКТАРЫ караңыз.)