Hesperian Health Guides
БЦШ БОЮНЧА СУРООЛОР
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 9-БӨЛҮМ: Балдардын церебралдык шалдыгы > БЦШ БОЮНЧА СУРООЛОР
Мазмуну
1. Анын себеби эмнеде?
БЦШсы бар балдардын ар бирин өзүнчө алып карасак, мээнин жабыркаган бөлүктөрү ар башка болот. Көбүнчө мындай жабыркоолордун себептерин табуу кыйын.
Төрөткө чейинки мезгилде орун алган себептер:
- Аял кош бойлуу кезиндеги инфекциялык оорулары. Буларга кызамык, суу чечек, цитомегаловирус жана бактетериялык инфекциялардын кээ бирлери кирет.
- Эненин каны жана баласынын каны бир бирине дал келбестиги (резус-конфликт).
- Гестациондук диабет же преэклампсия сыяктуу, кош бойлуу аялдагы бузулуулар.
- Тукум куучулук. Бул сейрек учурайт, бирок “үй-бүлөлүк спастикалык параплегия” деп аталган бузулуу белгилүү.
- БЦШсы бар балдардын болжол менен 30%ында илдеттин себептери белгисиз.
Төрөттөн кийин орун алган себептер:
- Инфекциядан же дененин суусуздануусунан (ич өткөктүн айынан суюктук жоготуу) улам дене табы абдан катуу көтөрүлүү. Бөтөлкөдөн тамактанган ымыркайларда көбүрөөк учурайт.
- Мээ инфекциялары (менингит, энцефалит). Козгоочулары көп, алардын ичинде: церебралдык безгек жана кургак учук. Дарылоону кечеңдетүү мээнин жабыркап калуу ыктымалдыгын көбөйтөт.
- Эгер жаңы төрөлгөндөрдүн оор формадагы сарыгы бар ымыркайга тез жана эффективдүү медициналык жардам көрсөтүлбөсө, БЦШнын дискинетикалык формасы өрчүшү толук мүмкүн. Ымыркай сыртынан анчалык деле ооруп тургандай көрүнбөгөнү менен, ошол эле убакта анын мээсинин белгилүү бир бөлүктөрүндө бузулуулар орун алышы ыктымал. Мындай бузулуулар бала алты айга чыккандан кийин дискинезия түрүндө ачыкка чыга баштайт. БЦШнын бул формасынын баарынан көп учураган себеби – эненин каны менен баласынын канынын резус факторлору бир бирине туура келбейт.
Баш жаракаттары:
- Инфекциядан же дененин суусуздануусунан (ич өткөктүн айынан суюктук жоготуу) улам дене табы абдан катуу көтөрүлүү. Бөтөлкөдөн тамактанган ымыркайларда көбүрөөк учурайт.
- Мээ инфекциялары (менингит, энцефалит). Козгоочулары көп, алардын ичинде: церебралдык безгек жана кургак учук. Дарылоону кечеңдетүү мээнин жабыркап калуу ыктымалдыгын көбөйтөт.
- Эгер жаңы төрөлгөндөрдүн оор формадагы сарыгы бар ымыркайга тез жана эффективдүү медициналык жардам көрсөтүлбөсө, БЦШнын дискинетикалык формасы өрчүшү толук мүмкүн. Ымыркай сыртынан анчалык деле ооруп тургандай көрүнбөгөнү менен, ошол эле убакта анын мээсинин белгилүү бир бөлүктөрүндө бузулуулар орун алы- шы ыктымал. Мындай бузулуулар бала алты айга чыккандан кийин дискинезия түрүндө ачыкка чыга баштайт. БЦШнын бул формасынын баарынан көп учураган себеби – эненин каны менен баласынын канынын резус факторлору бир бирине туура келбейт.
- Баш жаракаттары.
- Сууга чөгүүдөн, газ менен уулануудан же башка себептерден улам кычкылтек жетпей калуу.
- Карапа идиштердин беттерине келтирилген боёктордогу коргошун, айыл чарбалык өсүмдүктөргө чачылган пестициддер жана башка уулар менен уулануу.
- Мээде кан кетүү же кан уюу. Көбүнчө, себептери белгисиз бойдон калат.
- Мээдеги шишиктер. Улам чоңойгон шишиктерден мээде бузулуулар орун алат. Мунун белгилери БЦШнын белгилерине окшош келиши мүмкүн, айырмасы – бузулуунун катаалдыгы тайбай улам күчөй берет.
The injured parts of the brain cannot be repaired, but often the child can learn to use the uninjured parts to do what she wants to do. It is important for parents to know more or less what to expect:

Балдары денесин жакшыраак башкарууну үйрөнүүсүнө жардам берүү үчүн, үй-бүлөлөрү көп нерселерди кыла алышат. Негизи, интеллекти жогорураак бала өзүнүн көйгөйлүү абалына ийгиликтүү ыңгайлашууга башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк жөндөмдүү болот. Ошентсе да, интеллекттин терс жактары да бар. Турмушта, интеллекти жогору балдардын кээ бирлеринин ындыны тез өчүп, көңүлү калып, аракет кылуусу токтоп калат. Мындай балдарды аракеттерин токтотпоого кызыктырууга багытталган жаңы жана кызыктуу ыкмаларды табуу үчүн, кошумча күч жумшоо талап кылынат. Далай учурларда, атүгүл акыл-эсинин өрчүүсү өтө артта калган балдар негизги ык-жөндөмдөрдү өздөштүрүп кете алышат. Мээси катуу жабыркап калгандыктан айланасындагы адамдарга жана нерселерге бала эч кандай жооп кайтарбай калганда гана, абалы сезилээр жакшыруусуна аз үмүт калат. Эч жооп кайтарбаган балага карата биротоло тыянак чыгаруудан мурун, ал дүлөй эмес жана сокур эмес экенин текшериңиз.
Денесин мыктыраак башкарууну үйрөнүүсүнө жардам берүүчү жана контрактуралар сыяктуу жаңы көйгөйлөрдүн пайда болуусуна жол бербөөчү ыкмаларды колдонуп, баласын ойнотууну жана аны менен чогуу күндөлүк жумуштарды аткарууну үй-бүлөсү үйрөнүп алса болот.
Ата-энеси (чоң апа, чоң атасы дагы) бардыгын эле баласынын ордуна аткара бербөөнү адат кылып алуусу абдан маанилүү. Өзүн тейлегенди үйрөнүүсүнө көмөк бергендей көлөмдө гана балага жардам берип туруңуз.
Мисалы, эгер балаңыз башын көтөргөн абалында кармай баштаса жана ар кандай буюмдарды оозуна тарта баштаса, анда...
![]() |
![]() |
баланы дайыма кашыктан тамактандыргандын ордуна | өз алдынча тамактанып баштоосун ага үйрөтүүгө аракет кылыңыз |
6. Балам келечекте өз алдынча басып кете алабы?
- Өзүнө ишенүү жана өзүн сыйлоо;
- Башкалар менен катнашуу жана мамиле куруу;
- Өзүн тейлөө: тамактануу, кийинүү, табигый муктаждыктарын дааратканада аткаруу;
- Бир жерден башка жерге которулуу;
- (Эгер мүмкүн болсо) басуу.
Басуу – балага зарыл ык-жөндөмдөрдүн эң маанилүүсү эмес экенин жана маанилүүлүк иретинде биринчи эмес экенин бардыгыбыз жакшылап түшүнүп кабыл алуубуз кажет. Бала басканды үйрөнүүгө даяр болушу үчүн, адегенде башын көтөрүп кармаганды, башка бирөөнүн жардамысыз отурганды жана турган абалында денесинин тең салмактыгын сактаганды үйрөнүүсү зарыл.
БЦШсы бар балдардын көпчүлүгү басуу ык-жөндөмүн дени соо балдарга салыштырмалуу кыйла кечирээк болсо да өздөштүрүшөт. Негизи, баланын мээсиндеги бузулуу канчалык азыраак болсо жана башка бирөөнүн жардамысыз отуруу ык-жөндөмүн ал канчалык эртерээк өздөштүрсө, басып кетүү ыктымалдыгы ошончолук көбүрөөк. Эгер бала 2 жашка чыккыча башка бирөөнүн жардамысыз отурганды үйрөнүп алса, басканды үйрөнүү мүмкүндүгү жетишерлик жогору болот – бирок башка көп факторлордун да таасирин эсепке алуу керек. Кээ бир балдар 7, 10 жашында же атүгүл мындан да кеч басып башташат.
Негизи, гемиплегиялык жана диплегиялык шалдыгы бар балдар басуу ык-жөндөмүн өздөштүрүүгө жөндөмдүү эле болушат, бирок ал үчүн булардын айрымдарына балдактар, ортопедиялык аппараттар же башка көмөкчү каражаттар керек болот.
Мээси катуу жабыркаган балдардын көбү басканды эч качан үйрөнбөшү мүмкүн. Муну “андан эч айла жок” деп кабыл алып, аракеттердин баарын башка маанилүү максаттарга багыттоо зарыл. Бала келечекте басып кете алабы же жокпу – белгисиз, бирок бир жерден башка жерге эптеп которулуп турууга ал муктаж болот. Турмуштан алынган төмөнкү окуя басуудан кыйла маанилүүрөөк нерселер бар экенин түшүнүүгө бизге жардам берди.
Мексикадагы айылдардын биринде 2 бир тууган жашайт. Экөөнүн тең БЦШсы бар.
Петронио баса алат, бирок чоң кыйынчылыктар менен басат. Ал басуудан ушунчалык чарчагандыктан жана басканда өзүн ушунчалык копол сезгендиктен, башка балдар менен ойнобой, иштебей, убактысынын басымдуу бөлүгүн үйүндө өткөрөт. Ал өзүн абдан начар сезет. | ![]() |
Анын иниси, аты Луис, баса албайт, бирок эшекке минип алып, ары-бери жүргөндү кымындайынан жакшы көрөт. Ал дубалга жөлөнүп, эшегине өзү минет, андан өзү түшөт. Луис эшегине минип алып, күн сайын чоң аралыктарды басып өтүп, суу ташып, акча табат. Луис өзүн жетишерлик бактылуу эле сезет. | ![]() |
(Эшеги Луисти каалаган жерине жеткирип туруудан сырткары, баланын буттарын бир бирине жакындатпай кармоо аркылуу буттарында Х-кейпилүү контрактуралардын калыптануусуна жол бербейт. Мына ушундай таң каларлык жол менен “терапиялык нерсе” анын күндөлүк тиричилигине кошулуп калган.) |
Баса албаган же кыйынчылык менен баскан балага каалаган жерине жетип алуусуна жардам берүүнүн көп түрдүү ыкмалары бар. Дөңгөлөктүү отургучтун негизги 6 модели. Ал үчүн дөңгөлөктөрү бар такталарды, арабаларды, дөңгөлөктүү отургучтарды, атайын бастыргычтарды жана эки колдун күчү менен кыймылга келүүчү, үч дөңгөлөктүү велосипеддерди колдонсо болот. Ушул сыяктуу каражаттардын көбү ушул китептин 3-БӨЛҮГҮНДӨ сүрөттөлөт.