Hesperian Health Guides
БЦШ ҮЧҮН МҮНӨЗДҮҮ КОНТРАКТУРАЛАР
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 9-БӨЛҮМ: Балдардын церебралдык шалдыгы > БЦШ ҮЧҮН МҮНӨЗДҮҮ КОНТРАКТУРАЛАР
Булчуңдардагы аномалдуу чыңалуу көпчүлүк учурда контрактуралардын (булчуңдардын кыскарып кетүүсүнө жана муундардын кыймылдоо ийкемдүүлүгүнүн азаюсуна, 8-бөлүмдү караңыз) калыптануусуна алып келет. Колду же бутту бүгүлгөн абалында кармаган булчуңдар бара-бара кыскарып, натыйжада кол же бут, атүгүл андагы булчуңдар бош кармалганда деле, түздөлбөй калышы мүмкүн. Бирок көпчүлүк учурда мындай контрактуралардын калыптануусун тийиштүү чараларды алдын ала көрүү жолу аркылуу болтурбоого болот.
СПАСТИКА | буга алып келет | КОНТРАКТУРАЛАР |
(булчуңдар өзүнөн өзү чыңалып калуу) | ——— > | (булчуңдар туруктуу түрдө кыскарып кетүү) |
БЦШ үчүн мүнөздүү контрактуралар БЦШдагы дененин аномалдуу абалдарына дал келет. Буларга төмөнкүлөр кириши мүмкүн:

8-бөлүм контрактураларга, алардын алдын алууга жана аларды оңдоого арналган. булчуңдар спастикасын контрактурадан кантип айырмалоого мүмкүн экендиги түшүндүрүлгөн.
Булчуңдар спастикасы жана контрактуралар айкалышуу
Муундардын кыймылдоо ийкемдүүлүгүнүн азаюсуна, бир четинен, булчуңдар спастикасы, бир четинен, контрактуралар алып келиши мүмкүн. Андыктан эгер баланын булчуңдарында спастика пайда болсо, контрактуралар да калыптанып жаткан-жатпаганын, эгер калыптанып жатса, канчалык даражада калыптанып жатканын текшериңиз.
БЦШсы бар бул кыздын булчуңдарында спастика бар болгондуктан, тизелери бир бирине тыгыз басылып кармалат. | ![]() Балага булчуңдарын бош кармоосуна жардам берип, буттарын бир биринен жай ылдамдык менен алыстата баштаганда, буттары ушунчалык гана алыстары айкын болот. |
|
Нормада баланын буттарын бир биринен мынчалык алыстатуу мүмкүн. Бирок сүрөттөгү баланын сандарынын ички беттеринде (чатта) контрактуралар бар. |
Булчуңдардагы спастиканы жана контрактураларды каттоо ыкмаларынын бири: | ||
![]() | ||
Норма | Контрактура бар | Булчуңдарда спастика бар |
Дене бөлүктөрүнүн аномалдуу абалдарын каттоо үчүн, муундары ийкемдүү куурчакты колдонсо болот. | ![]() |