Hesperian Health Guides
7-БӨЛҮМ: Полиомиелит: Балдардын инфекциялык шалдыгы
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 7-БӨЛҮМ: Полиомиелит: Балдардын инфекциялык шалдыгы
ПОЛИОМИЕЛИТТИК ШАЛДЫКТЫ КАНТИП АНЫКТООГО БОЛОТ?

ПОЛИОМИЕЛИТТЕН КӨБҮНЧӨ ТӨМӨНКҮ БУЛЧУҢДАР ЖАБЫРКАЙТ
кашка жиликтин жамбаш сөөк менен ашташын жазуучу же бүгүүчү, же буттарды эки жакка жазуучу же бир бирине жакындатуучу булчуңдар
тизени түздөөчү булчуңдар
бут кетменин көтөрүүчү булчуңдар
ийин булчуңдары
колдун арткы жагындагы булчуңдар (колду жазып түздөө алсыздыгы)
арка булчуңдары (омуртка тутумдун эки тарабындагы кайсы болбосун булчуңдары)
бармак булчуңдары
Контрактуралар тарамыштардын тартылып калуусуна алып келет
- Шалдык (булчуңдардын алсыздыгы) демейде баланын кичине кезинде, ысытма жана кээде ич өткөк менен коштолгон катуулаган суук тийүү учурунда көбүнчө башталат.
- Шалдыктан дененин кайсы гана болбосун булчуңу жабыркашы мүмкүн, бирок баарынан көбүрөөк бут булчуңдары жабыркайт. Баарынан көбүрөөк жабыркаган булчуңдар сүрөттө көрсөтүлгөн.
- Шалдык түрү – “жүүн бош” (спастикалык эмес). Айрым булчуңдар жарым-жартылай гана алсыз, башкалары даана алсыз болушу же аларда даана гипотонус байкалышы мүмкүн.
- Бир канча убакыттан кийин, жабыркаган мүчө кээ бир булчуңдардын кыскарып кеткендигинен же “контрактураларынан” улам толук жазылбагандай болуп калышы мүмкүн.
- Дененин жабыркаган мүчөсүнүн булчуңдары жана сөөктөрү соо мүчөлөрдүкүнө салыштырмалуу ичкерип кетет. Жабыркаган мүчө соо мүчөдөй тез өспөгөндүктөн, кыскараак болот.
- Жабыркабаган колдор же буттар дененин алсыз мүчөлөрүнүн кызматын да өзүнө алуу үчүн көп учурда өзгөчө күчтүү болуп кетет.
- Акыл-эс жана ой жүгүртүү жабыркабайт.
- Сезгичтик сакталат.

Тарамыш рефлекстери басаңдайт.
- Жабыркаган мүчөдө “тизе рефлекси” жана башка тарамыш рефлекстери басаңдайт же такыр жоголот. (Балдардын церебралдык шалдыгында “тизе рефлекси” көп учурда демейдегиден күчтүүрөөк болуп байкалат. Мындан тышкары, полиомиелиттен болгон шалдыкта мүчөлөр “жүүнү бош” болсо, балдардын церебралдык шалдыгында мүчөлөр катып калгансып,аларды түздөө же бүгүү оор болот.
- Шалдык убакыт өткөн сайын күчөбөйт. Бирок контрактуралар, омуртка тутум ийрийүү жана сөөктөр муундарынан чыгып кетүү сыяктуу кошумча көйгөйлөр орун алышы мүмкүн.
Полиомиелиттен шал болгон балдардын:
30%ы алгачкы бир нече жуманын же айдын ичинде толук айыгып кетет. | ![]() |
30%ында шалдыктын жеңил формасы байкалат. | ![]() |
30%ында катаалдыгы орточо болгон же оор формадагы шалдык орун алат. | ![]() |
10%ы чарчап калат (көпчүлүк учурда, дем алуу же жутуу функциясынын бузулуусунан улам).![]() |
This page was updated:23 Май 2025