Hesperian Health Guides
Тыбыштарды чыгарууну жана сүйлөөнү үйрөнүүсүнө балага жардам берүү
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 31-БӨЛҮМ: Дүлɵйлүк жана катнашуу > Тыбыштарды чыгарууну жана сүйлөөнү үйрөнүүсүнө балага жардам берүү
| 1. Эгер баланын кулактары кичине болсо да укса, ал ар түрдүү добуштарга көңүл буруп, аларга, сүрөттөлгөндөй, кунт коюп кулак салып туруусун камсыз кылыңыз. | |
| 2. Оозун, тилин жана эриндерин башкарууну үйрөнүүсүнө жардам берүүчү оюндарды ойноп, көнүгүүлөрдү аткарыңыз. | |
| Эриндерин “ммм” тыбышын чыгарып жаткансып бир бирине бассын, | |
| оозун “О” тамгасындай тегерек кылсын жана | |
| оозун “иии” тыбышын чыгарып жаткансып чоюп жылмайсын. | |
| Бала тили менен мурдуна, ээгине жана жаагына тийе алар-албарын текшериңиз. Ал самын көбүкчөлөрүн үйлөп чыгарсын же шамды үйлөп өчүрсүн. Балага чайноону жана сорууну талап кылган тамак бериңиз. |
| 3. Ар түрдүү тыбыштарды чыгаруусуна баланы шыктандырыңыз. “ммм” тыбышынан баштаган жакшы, анткени аны чыгаруу оңоюраак. Зарыл болсо, балага, бул тыбышты чыгаруу үчүн, эриндерин кантип бир бирине басышы керек экенин көрсөтүңүз. Бала сизди көрүп (жана угуп?) туурай алгыдай болушу үчүн, жанына отуруңуз. Демейде оңой өздөштүрүлүүчү дагы башка тыбыштарга: “а”, “э”, “и”, “о”, “л”, “б”, “т” жана “д” кирет. “в”, “й”, “с”, “н”, “р” жана “з” сыяктуу татаалыраак тыбыштарды кийинкиге калтыргыла.) |
|
|
| 4. Эгер бала оозун жана эриндерин башкара алса, бирок үнүн чыгара албаса, өзүңүз ар түрдүү тыбыштарды чыгарып жатканда, тамагыңыздын кыймылдоосун же дирилдөөсүн сезип көрүүсүнө ага мүмкүнчүлүк бериңиз. Ал үчүн анын колдорун жаактарыңызга, эриндериңизге, тамагыңызга жана көкүрөгүңүзгө басыңыз. Андан кийин, бала сизди туурап, тыбыш чыгарып жатып, өзүнүн колун тамагына бассын. |
|
|
|
5. “ха”, “хи”, “хо”, “м”, “п”, “б” жана “ф” сыяктуу тыбыштарды чыгаруу учурунда, оозунан чыккан абанын кыймылын сиздин оозуңуздан чыккан абанын кыймылы менен колу аркылуу салыштырсын. Бала оозун жаап “чимкирген” учурда так эле ушул ыкманын жардамы менен абанын кыймылын сезип көрсүн. Ушул ыкманын жардамы менен ага “н” жана “л” тыбыштарын чыгарууну үйрөтүүгө аракет кылыңыз. |
| 6. Учурда үйрөнүп жаткан тыбыштарын колдонуп, балага сөздөрдү айтууну үйрөтө баштаңыз. Адегенде сөздү тыбыштарына ажыратыңыз. “МА” деп айтуусу үчүн, бала адегенде эриндерин бир бирине басуу жолу менен “М” десин. Андан кийин оозун ачып, “А” десин. Анан, адегенде сиз “МА” деңиз, андан соң бала ушул эки тыбышты артыңыздан кайталоого аракет кылсын. | |
| 7. Бала сөздөрдү айтууну үйрөнгөн сайын, ага алардын маанисин түшүндүрүңүз жана ал аларды колдонуп туруусун камсыз кылыңыз. Мисалы, балага “ооз” деген сөздү үйрөтүү үчүн, “о”, “о” жана “з” тыбыштарын адегенде өз-өзүнчө чыгарып, андан кийин аларды бириктирип айтсын. Бала бул сөздү айтып жатып, сөөмөйү менен оозуна тийсин. Сиздин кыймылдарыңызды туурасын. Аны мактап, муну оюнга айлантыңыз. |
|
| 8. Кичинеден улам жаңы сөздөрдү үйрөнүүсүнө жана күндөлүк тиричилигинде (мисалы, оюн же сабак учурунда) колдонуп, аларга көнүүсүнө балага жардам бериңиз. Бала өзүнүн, үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнүн жана досторунун аттарын айтууну үйрөнсүн. Үйрөнүү үчүн сөздөрдүн тизмесин . Алдыга тез жылууга аракет кылбай эле коюңуз. Кийинкилерине өтүүдөн мурун, учурдагы бир нече сөздү так айтууну жакшылап үйрөнүүсүнө балага убакыт бериңиз | |
This page was updated:30 Дек 2025