Hesperian Health Guides

КӨНҮГҮҮЛӨР ЖАНА КЫЙМЫЛДОО

Бул бөлүмдө:

Биздин максат – контрактуралар калыптануусуна жана сөөктөр ашташтарынан чыгып кетүүсүнө жол бербөө, мындан тышкары, муундардын толук көлөмүндө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн мүмкүн болушунча сактоо. Ал үчүн муундарды жазуучу булчуңдарды бекемдөөгө жардам берүүчү көнүгүүлөрдү аткарып туруу керек.

МУУН ООРУУ КОНТРАКТУРАЛАРДЫН КАЛЫПТАНУУСУНА КАНТИП АЛЫП КЕЛЕТ

Бул булчуңдар тартылып кыскарганда, тизе түздөлөт. Артрит менен ооруган бала тизесин жазып түздөгөндө, тизеси ооругандыктан, ал бул булчуңдарын колдонбоого аракет кылат. Натыйжада алар абдан алсыз болуп кетет.
arrows point to the muscles on top and below the thigh
arrows point to the muscles on top and below the thigh
Ал эми бул булчуңдар тизени бүгөт. Бирок бул булчуңдар тартылып кыскарган абалында калып, тизени бүгүлгөн абалында кармап, муундун оорушуна жол бербейт. Натыйжада бул булчуңдар күчтүүрөөк болуп кетет.
Алдынкы булчуңдар арткы булчуңдардан алсызыраак болуп кеткендиктен, булчуңдардын мындай тең салмаксыздыгы тизенин ого бетер бүгүлүүсүнө алып келет (атүгүл уйку учурунда дагы).
DVC Ch16 Page 138-7.png

Эскертме: Булчуңдардын күчүнүн мындай бирдей эместиги булчуңдардын тең салмаксыздыгы деп аталат.


Артрит оорусунда контрактуралар булчуңдардын тең салмаксыздыгынан улам калыптангандыктан, бардык көнүгүүлөрдү жана кыймыл аракеттерди муундарды бүгүүчү эмес, муундарды жазуучу булчуңдарды көбүрөөк бекемдеп күчтөндүргөн түрүндө аткарууну балага үйрөтүү маанилүү. Мисалы:

Бул булчуңду иштетүүчү көнүгүүлөрдү аткарыңыз. Бул булчуңду иштетүүчү көнүгүүлөрдү аткарбаңыз.
child exercises the muscle on top of the thigh
ТУУРА
Бул булчуң тизени жазып, контрактуралардын калыптануусуна жол бербейт.
crossed out image of the child exercising the muscle below the thigh
ТУУРА ЭМЕС
Бул булчуң тизени бүгөт. Аны бекемдөө контрактуралардын калыптануусуна алып келиши мүмкүн.
МУУНДУ ЖАЗУУЧУ БУЛЧУҢДАРДЫ БЕКЕМДЕҢИЗ. МУУНДУ БҮГҮҮЧҮ БУЛЧУҢДАРДЫ БЕКЕМДЕБЕҢИЗ.

Бардык көнүгүүлөрдү жана иш-чараларды аткарууда дал ушул эрежени сактаңыз. Мындан тышкары, көнүгүүлөрдү пайдалуу жана кызыктуу кылуунун жолдорун издеңиз.

Мисалы, артрити бар болгондуктан, Алисия өз алдынча баса албайт жана колу-буттарын толук жаза албайт. Бир жерден экинчи жерге которулуу жана айрым көнүгүүлөрдү аткаруу үчүн, ал төмөндөгү сүрөттөгүдөй дөңгөлөктөрү бар отургучту пайдаланат. Бирок Алисия этият болуп, контрактуралар пайда болбогондой кыймылдоого тийиш.

crossed out image of a child pulling herself forward
ТУУРА ЭМЕС
Колдордун жана буттардын жардамы менен тартынып, алдыга жылуу ыкмасы, негизинен, муундарды бүгүүчү булчуңдарды машыктырат.
child pushes herself backwards
ТУУРА
Колдордун жана буттардын жардамы менен түртүнүп, артка жылуу ыкмасы, негизинен, муундарды жазуучу булчуңдарды машыктырат.
Мындай ыкма контрактураларды күчөтүп жибериши мүмкүн. Мындай ыкма контрактуралардын алдын алууга жардам берет..

Тийиштүү булчуңдарын бекемдөөгө балага кантип жардам берсе болот

Көнүгүүлөрдүн бир көйгөйү бар: сиз же балаңыз муунду жазууга аракет кылганда, анын оорушу же анын оорушунан чочулоо муунду бүгүүчү булчуңдардын чыңалуусуна алып келет. Мисалы:

Эгер баланын колун төмөнкү сүрөттө көрсөтүлгөндөй тартсаңыз, чыканакты бүгүүчү булчуңдары чыңалып, мындай кыймылга каршылык кылат. Натыйжада ушул булчуңдары ого бетер күчтүү болуп кетет. Эгер бала колун өзү жазып түздөөгө аракет кылса деле, пайда болгон ооруудан күчтүүрөөк келген, колду бүгүүчү булчуңдар чыңала берет.
child talks while straightening arm
DVC Ch16 Page 140-2.png
Ошол эле учурда, чыканакты жазып түздөөчү булчуңдары иштетилбей, ого бетер алсыз болуп кетет. Натыйжада мындай көнүгүүлөр колду түздөөчү алсыз булчуңдарды эмес, аны бүгүүчү булчуңдарды гана күчтөнтүп бекемдеши мүмкүн. Бул “мындай көнүгүүлөр контрактураларды күчөтүшү мүмкүн” дегеди билдирет!




This page was updated:23 Май 2025