Hesperian Health Guides

Лепроздук реакция

Бул бөлүмдө:

Пес оорусу менен ооруган адамдарда кээде илдети капыстан күчөгөн мезгилдер орун алат. Муну дененин пес оорусунун микобактерияларына карата аллергиялык реакциясы катары баалоого болот. Лепроздук реакциялар илдеттен дарыланбаган адамдарда, дарылоо учурунда же дарылоо токтотулгандан кийин орун алышы ыктымал. Мындай реакциялар денеде өзгөрүүлөр болгондо, мисалы, эркек балдар жыныстык жактан жетиле баштаганда, кош бойлуулуктун акыркы мезгилинде же төрөттөн кийин, башка оору менен ооруганда, эмделгенден кийин же эмоционалдык стресске туш болгондо орун алышы мүмкүн.

Лепроздук реакциялар 2 типке бөлүнөт:

1-типтеги реакциялар пес оорусунун чек аралык түрү менен ооруган адамдарда алардын денеси пес оорусунун микобактерияларына каршы күрөшүн күчөткөн учурда орун алат. Дененин башка бөлүгүндөгү булчуңдардын да күчү кетип, аларда сезгичтик жоголуу коркунучу бар.

МААНИЛҮҮ! Лепроздук реакциялардан кээде булчуңдарда кайрадан алсыздык пайда болуп, сезгичтик жоголот, бирок нервдер кеткен жерлер оорубайт.

Төмөнкү белгилерге көңүл бурулушу керек:

  • теридеги тактар шишип жана кызарып кетиши мүмкүн;
  • алакан-манжалар жана бут кетмендери шишип кетүү;
  • алакан-манжалар жана бут кетмендери кайрадан сайгылашып баштоо же алардагы булчуңдардын күчү кетүү;
  • нервдер жайгашкан жерлер ооруу же алардан ыңгайсыздык сезилүү (Сейрек учурларда нервдер жаткан жерлердеги түйүндөр жараланып, ириңдей баштайт.)
An arm with swollen skin patches



2-типтеги реакциялар лепроматоздук пес оорусу менен ооруган адамдарда байкалат. Бул түрүндө дене пес оорусун козгогон микобактериялардын өтө көп болуусуна таасирленип, жооп кайтарат.

Төмөнкү белгилер байкалышы мүмкүн:

  • теринин астындагы (айрыкча бетте, колдордо жана буттарда) шишиген, кызгылт же каралжын тарткан дөмпөйүүлөр;
  • ысытма;
  • эркектик урук бездер, эмчектер же манжалар ооруу;
  • мурун бүтүү же андан кан агуу;
  • кɵздɵр кызаруу (бул ооруу менен коштолот же коштолбойт.)
ИРИТ (КАРЕКТИН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ТҮСТҮҮ ЧЕЛ СЕЗГЕНҮҮ)
карек
a normal eye
каректин айланасындагы түстүү чел
СОО КӨЗ
Каректин айланасындагы түстүү чел кызарып кеткен.
an eye with a deformed pupil and redness around iris
Карек кичинекей, көп учурда анын формасы туура эмес.
Катуу ооруйт
ИРИТИ БАР КӨЗ
Ооруу капыстан же бара-бара башталышы мүмкүн. Көздөн көп жаш агат. Күчтүү жарыкта ооруу күчөйт. Мында да конъюктивиттегидей ириңдебейт. Демейде көз алдындагы нерселер так көрүнбөйт.

Бул тезинен медициналык чараларды көрүүнү талап кылган абал. Курамында антибиотик бар майлар жардам бербейт. Медициналык кызматкерден жардам издеңиз..


Эскертүү! Булар, эгер эрте дарылабаса, иритке же көз такыр көрбөй калуусуна алып келиши мүмкүн.


Сейрек учурларда мындай реакциялар адамдын оозу, тамагы же өпкөлөрү шишип кетүүсүнөн же бөйрөктөрүнүн иши бузулуусунан улам аны өлүмгө алып келиши ыктымал.

Эгер адам дарыланып баштабаса, лепроздук реакциялар тез эле нервдердин биротоло жабыркоосуна, алакан-манжалардын, бут кетмендеринин же көз булчуңдарынын шалдыгынын күчөшүнө же көздөрдүн биротоло жабыркоосуна алып келиши мүмкүн

Лепроздук реакцияларды эрте дарылап баштоо шалдыкка, деформацияларга жана сокурдукка жол бербөө үчүн абдан маанилүү.


Лепроздук реакцияларды дарылоо тууралуу сөз болот ПЕС ООРУСУН ДАРЫЛОО ЖАНА БАШКА ЗАРЫЛ ЧАРАЛАРДЫ КӨРҮҮ.




This page was updated:30 Дек 2025