Hesperian Health Guides

Пес оорусунун типтери

Бул бөлүмдө:

Адамдын денесинин пес оорусуна каршы табигый туруштугу канчалык күчтүү экенине жараша бул илдет эки түрдүү формага бөлүнүп каралат. Адамда пес оорусунун кайсы түрү бар экенин анын денесинде пайда болгон тактарды саноо жолу менен билүүгө болот. Илдеттин олигобациллярдык тибинде адамдын денесинде бешке чейин, ал эми мультибациллярдык тибинде бештен ашык так бар болот.

ОЛИГОБАЦИЛЛЯРДЫК ТИБИ
  • Денесинин илдетке каршы туруштугу салыштырмалуу күчтүү болгон адамдарда
  • Теридеги тактардан алынган бөлүкчөлөрдө микобактериялар табылбайт.
  • Адам илдетти башкаларга жугузбайт.
A skin patch with raised margins
  • Теридеги тактардын саны бештен ашпайт, сырткы көрүнүшү ар түрдүү, бирок көп учурда тактардын четтери көтөрүлүп турат, ортолору жалпак келет.
  • Мындай тактардын ичиндеги сезгичтик бузулган же таптакыр жоголуп кеткен болот.
A boy with a skin patch near his bottom
  • Беттеги тери калыңдап кетпейт.
  • Нервдер эрте жабыркайт, бирок, негизинен, териде пайда болгон тактардын ичиндеги гана сезгичтик жоголуу түрүндө орун алат. Негизи, көздөр, алакан-манжалар же бут кетмендери жабыркабайт. Бирок эгер булар жабыркаса, бул көбүнчө эрте орун алат, жана бир колдун гана алакан-манжаларында же бир бут кетменинде гана сезгичтик же алардагы булчуңдардын күчү жоголуусу менен коштолот.
МУЛЬТИБАЦИЛЛЯРДЫК ТИБИ
  • Денесинин илдетке каршы туруштугу төмөн болгон адамдарда
  • Теридеги тактардан алынган бөлүкчөлөрдөгү пес оорусунун микобактерияларынын саны бир нечеден баштап көпкө чейин деп аныкталат.
  • Бейтап илдетти башкаларга (дарыланып баштамайынча) жугузушу мүмкүн.
A boy facing back  with skin patches all over his backside
  • Теридеги тактардын саны бештен ашык, четтери тегиз эмес болот, тактар көтөрүлүп турат же жалпак келет. Демейде сезгичтиги бир аз жоголот. Дененин эки жагында тактар болжол менен бирдей болот.
  • Беттеги тери (айрыкча каш өскөн жерлери, жаактар, мурун жана кулактар) калыңдап, бодуракай болуп, кызгылт тартып кетиши мүмкүн.
a boy with an abnormal face
Каштар түшүп калган.
Кулактын көнчөгү жооноюп, бодуракай болуп кетет.
Таноолор кээде деформацияланып кетет
ЛЕПРОМАТОЗДУК ПЕС ООРУСУНДА АДАМДЫН ЖҮЗҮ “АРСТАНДЫН ЖҮЗҮНӨ” ОКШОП КАЛУУ
  • Көп учурда нервдер катуу жабыркап, эки колдун тең алакан-манжаларында жана эки бут кетменинде тең сезгичтик жогожоголот жана деформациялар орун алат.




This page was updated:30 Дек 2025