Hesperian Health Guides

Пес оорусун так аныктоо (диагноз коюу)

Бул бөлүмдө:

Териде тактар пайда болуу көп учурда пес оорусунун баштапкы белгилерине кирсе да, буга окшогон тактар башка көптөгөн ооруларда деле пайда болот. Тактын айланасындагы сезгичтик бузулбай, анын ичиндеги сезгичтик бузулганда гана, бул пес оорусу экенине биз дээрлик ынансак болот. Бирок пес оорусунун кээ бир түрлөрүндө тактардын ичиндеги сезгичтик бир нече жылдан кийин гана бузулушу же такыр бузулбашы мүмкүн. Андыктан, пес оорусунун башка белгилерин да издөө керек.

Пес оорусунун башка белгилери дагы – сайгылашуу, сенейүү же алакан-манжаларда жана бут кетмендеринде сезгичтик бузулуу – башка себептерден улам болушу мүмкүн.

“Бул – пес оорусу” деген тыянак чыгаруу үчүн, адамда негизги деп эсептелген төмөнкү 3 белгинин жок дегенде бирөөсү болууга тийиш::

1. теридеги тактарда сезгичтик жоголгону же өзгөргөнү даана билинүү
A girl having a skin patch on her back being tested with feather
Эскертме. Пес оорусунан улам бетте пайда болгон тактардагы сезгичтик, көп учурда, ушул эле оорудан бирок дененин башка бөлүктөрүндө пайда болгон тактардагы сезгичтикке салыштырмалуу анчалык бузулбайт.

2. нервдер жооноюп кеткени даана билинүү

(Кайсы нервдерди текшерүү керектигин караңыз.)
An outstretched arm showing an enlarged nerve
3. ошол тактардан алынган бөлүкчөлөрдө пес оорусунун микобактериялары болуу

Тактын мындай бөлүкчөсү теридеги ошол тактын жука катмарын кесип алуу жолу менен даярдалат. Мурундун (дененин ушул бөлүгү көп учурда катуу инфекцияланат) ичиндеги нымдуу териден алуу ыкмасы сейрегирээк колдонулат. Андан кийин, бул бөлүкчө айнекке коюлуп, атайын боёк менен боёлуп, микроскоп аркылуу изилденет.

Пес оорусунун микобактерияларын (эгер бар болсо) микроскоп аркылуу көрүүгө болот.
a scapula taking sample of skin patch from hand and a petri dish with that sample
sample of skin patch under the microscope with bacilli present
микроскоп аркылуу көрүнгөн пес оорусунун микобактериялары.
Теридеги тактан бөлүгү алынат
A microscope


Пес оорусу шектелгенде, эгер так аныктала элек болсо, атайын даярдыктан өткөн кызматчы тарабынан теридеги тактан бөлүкчөсү сөзсүз алынып изилдениши керек.


Эскертме: Пес оорусу менен ооруган адамдардын көбүндө ушул 3 белгинин баары тең байкалбайт. Терисинде пайда болгон тактарда сезгичтиги жоголгон адамдардын ошол тактарынан бөлүкчөлөрдү алып текшергенде, демейде аларда пес оорусунун микобактериялары табылбайт.




This page was updated:30 Дек 2025