Hesperian Health Guides
Дене бөлүктөрүндө сезгичтигин жана булчуңдарынын күчүн жоготкон адамдар ЖАРАКАТ АЛУУДАН САКТАНУУ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 26-БӨЛҮМ: Пес оорусу > Дене бөлүктөрүндө сезгичтигин жана булчуңдарынын күчүн жоготкон адамдар ЖАРАКАТ АЛУУДАН САКТАНУУ
Көздөр: Булчуңдар алсыздыгынан же сезгичтиги жоголгондуктан кабактардын ирмөө функциясы бузулганда, көздөр көп жабыркайт. Кабак ирмөө функциясынын жардамы менен көздөр нымдалып таза сакталат. Кабактарды ирмөө функциясы начарлаганда же көздөр кызарганда, төмөнкүлөрдү аткаруу сунуш кылынат:
- каптал жактары жабык күн көз айнектерин жана, балким, күндөн коргоочу баш кийимди колдонуу;
- күндүз көздөрдү бат-баттан жана тыгыз жаап туруу, айрыкча чаң көтөрүлгөндө;
- кабактарды тыгыз жабууга аракет кылуу учурунда каректерди өйдө каратуу;
- көздөрдү таза кармоо, айланасын жакшылап жууп туруу, аларга чымын жолотпоо жана аларды кир колдор менен кармабоо.
Алакан-манжалар:
Алакан-манжаларды пайдаланганда, мисалы, тамак жасоо учурунда, абдан этият болуу зарыл. Тамак жасалчу идиштерди дайыма колдорго калың кол каптарды кийип же бир нече жолу бүктөлгөн кездеме аркылуу гана кармагыла, анткени идиштер ысык болушу мүмкүн. Эгер мүмкүн болсо, курч же ысык буюмдар менен иштөөнү талап кылган жумуштарды аткарбай эле койгула. Тамеки чекпеңиз.
- Кармагычы жумшак жана кенен болгон аспаптарды колдонгула, же кармагычтарын кездеме менен ороп койгула.
| Манжалары алсыз же деформацияланып кеткен адам аспаптарды же ашкана шаймандарын кармоосуна жардам берүү үчүн, мындай шаймандардын кармагычтарын муштум кылып түйүлгөн колуна туура келгендей формада жасоого болот. | |
| Ал үчүн эпоксиддик пастаны же күчтүү жабышчаак желим кошулган гипсти колдонуңуз. Ал катып кала электе, пес оорусу менен ооруган адам аны кармасын. Андан кийин ал катый берсин. | |
| Кармоого жардам берүүчү көмөкчү жасалгалардын башка түрлөрүн караңыз."АЛАКАН-МАНЖАЛАРЫ АМПУТАЦИЯЛАНГАН БАЛА ҮЧҮН ЖАСАЛГАЛАР" жана 62-БӨЛҮМ. |
| Бут кетмендери: | ||
|
ТУУРА
ТУУРА ЭМЕС | |
|
ТУУРА
ТУУРА ЭМЕС | |
ЖАРАКАТТАРГА КАМ КӨРҮҮ
Көздөр: Көздөрдү бат-баттан жаап тургула. Эгер зарыл болсо, жөнөкөй көз таңгычты пайдалангыла. Эгер көз инфекцияланса (ириң пайда болсо), курамында антибиотик бар көз майын колдонуңуз. Көздүн өзүнө тийбей, майды астынкы кабактын ичине сүйкөңүз.
Алакан-манжалар жана бут кетмендери: Эгер дененин бул бөлүгүн кесип же ага башкача жаракат келтирип алсаңар, ал жер толук айыкмайынча аны абдан таза кармап, эс алдыргыла. Бул жерге кайрадан жаракат келтирип алуудан сактангыла.
Күнүгө аткарууну талап кылган нерселер
- Текшерүү: Күнүгө, жатар алдында (эгер кара жумуш аткарсаңыз же көп басууга аргасыз болсоңуз, күнүнө бир нече маал), алакан-манжаларыңызды жана бут кетмендериңизди кылдат текшерип туруңуз – же муну башка бирөөдөн өтүнүңүз. Денеңизден кесилген, көгөргөн же бир нерсе сайылып кирип кеткен жерлерди издеңиз. Мындан тышкары, алакан-манжалардан жана бут кетмендеринен кызарган, ысыган, шишиген же ыйлаактаган (суюктук толгон) жерлерди караңыз. Эгер буга окшогон жери табылса, ал жер толук калыбына келгиче, колду же бут кетменин эс алдырыңыз.
- Эгер тери кургап, жарылып баштаса, бут кетмендерин күнүгө, жок дегенде 20 мүнөкө сууга салып кармаңыз. Андан кийин аларга суу май, вазелин же ланолин кол майын сүйкөңүз (сүт майы же жаныбардын майы жарабайт, анткени булар өзүнө курт-кумурскаларды жана келемиштерди тартат).
- Алакан-манжаларыңызга жана бут кетмендериңизге май сүйкөгөндөн кийин, муундардын толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдигин сактоого жардам берүүчү көнүгүүлөрдү аткарыңыз.
Үзбөй күнүгө кам көрүү пес оорусу үчүн мүнөздүү болгон деформациялардын көпчүлүгүнүн алдын алууга жардам берет.