Hesperian Health Guides

ПЕС ООРУСУН ДАРЫЛОО ЖАНА БАШКА ЗАРЫЛ ЧАРАЛАРДЫ КӨРҮҮ

Бул бөлүмдө:

Аны дарылоо жана башка зарыл чаралары 4 нерсени камтышы керек:

  1. Пес оорусун пайда кылуучу микобактериялардын башка адамдарга өтүп кетүүсүнө жол бербөө үчүн, узак мөөнөттүү дарылоо иш-аракеттери мүмкүн болушунча эрте башталышы керек.
  2. Лепроздук реакциялардын алдын алуу жолу аркылуу булардын денеге кошумча зыян келтирүүсүнө жол бербөө үчүн, чукул дарылоо чаралары талап кылынат.
  3. Денеде ар кандай деформациялардын (жаралар, күйүктөр, жаракаттар, контрактуралар) пайда болуусуна жол бербөө үчүн, сактык чараларын көрүү, көмөкчү жасалгаларды колдонуу, көнүгүүлөрдү аткарып туруу жана бул тууралуу зарыл билимге ээ болуу маанилүү.
  4. Социалдык реабилитация: Пес оорусу менен ооруган баланын же чоң кишинин толук баалуу, бактылуу, коомчосу үчүн маанилүү өмүр сүрүүсүнө мүмкүнчүлүгү болуш үчүн, ар бир жаран, ата-энелер, мектептер жана бүтүндөй коомчо менен тыгыз иштеп, алардын бул дартты мыктыраак түшүнүүсүн камсыз кылуу, ага карата болгон чочулоолорун азайтуу жана аны менен ооруган адамдарга карата болгон мамилесин оңдоо талап кылынат.

Дары-дармектер менен дарылоо

Учурда Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму (БДСУ) пес оорусун дароо эки дары – рифампицин жана дапсон менен дарылоону сунуш кылат. Бул дарылар чогуу (өзүнчө эмес) колдонулууга тийиш. Алар негизи бекер таратылат. Дарылана турган адамдын дарылоо курсуна ал бала же чоң киши же андагы пес оорусу олигобациллярдык же мультибациллярдык түрү экенине жараша дагы башка дарыны кошуу мүмкүн.

Көп жыл пес оорусуна каршы негизинен дапсон дарысын колдонуп келишкен. Тилекке каршы, айрым аймактарда пес оорусунун микобактериялары дапсонго “туруктуу” болуп кеткен (дары илдетти жок кыла албай калган).

Рифампицин дарысы пес оорусуна каршы кыйла тезирээк иштейт. Пес оорусунун микобактерияларында бул дарыга туруштук берүү жөндөмдүүлүгү пайда болуусуна жеткирбөө үчүн, рифампицин пес оорусуна каршы колдонулуучу башка дарылар менен чогуу берилет. Рифампицинди бир айда бир жолу гана берүү керек. Ушундай ыкмада берилгенде, чыгымы да, дарынын терс таасирлери да аз болот.

Пес оорусунун мультибациллярдык түрүнө жана 2-типтеги лепроздук реакцияларга каршы дарылоо курсуна клофазимин да кошулат.

Пес оорусунун олигобациллярдык түрүндө орун алган чакалайга (суу чекчекти козгоочу вирустан козголгон түрү) каршы бир нече дары чогуу колдонулат. Булар – 600 мг рифампицин, 400 мг офлоксацин жана 100 мг миноциклин. Балдарга берилүүчү дозасы – чоң кишилердин дозасынын жарымы.

Олигобациллярдык тибине каршы колдонулуучу дарылар (Дарылоо мөөнөтү 6 ай.)
10 жашка чейинки балдарга 10 жаштан 14 жашка чейинки балдарга чоң кишилерге
рифампицин, бир айлык дозасы 300 мг 450 мг 600 мг Дарылоо курсунун биринчи күнү бул эки дарынын бир айлык дозаларын (1-күнү), андан кийин бир айлык дозаларын ар 28 күн сайын, 6 ай бою кабыл алып туруңуз. Дарылоо курсу 9 айдан ашпоого тийиш.
дапсон, бир айлык дозасыe 25 мг 50 мг 100 мг
дапсондун суткалык дозасы 25 мг 50 мг 100 мг
Tratamiento por lepra lepromatosa (tratamiento es por 12 meses)
10 жашка чейинки балдарга 10 жаштан 14 жашка чейинки балдарга чоң кишилерге
рифампицин, бир айлык дозасы 300 мг 450 мг 600 мг Дарылоо курсунун биринчи күнү бул дарылардын бир айлык дозаларын (1-күнү), андан кийин бир айлык дозаларын ар 28 күн сайын, 12 ай бою кабыл алып туруңуз. Клофазиминдин бир айайлык дозасынан тышкары анын кичирээк дозасы бейтаптын курагына жана салмагына жараша кошумча берилип турат. Дарылоо курсу 18 айдан ашпоого тийиш.
клофазимин, бир айлык дозасы 100 мг 150 мг 300 мг
дапсон, бир айлык дозасы 25 мг 50 мг 100 мг
дапсондун суткалык дозасы 25 мг 50 мг 100 мг
клофазимин, бир күндүк дозасы 50 mg 2 veces por semana 50 mg cada otro día 50 mg



Өлкөңүздүн Саламаттыкты Сактоо Министрлигинен жана БДСУнун жергиликтүү өкүлчүлүгүнөн пес оорусун дарылоо тууралуу тактап алыңыз.

Узак мөөнөттүү дарылоонун маанилүүлүгү тууралуу

Пес оорусунун дарылоо курсу узак: 6 айдан 1 жылга чейин же, илдеттин түрүнө жараша, мындан да көбүрөөк. Эгер дарылоо өтө эле эрте токтотулса же дарылары өз убагында кабыл алынбаса, пес оорусу кайрадан күч алат жана, андан тышкары, кээде лепроздук реакциялар орун алат. Мындай реакциялардан нервдер ого бетер жабыркап, адам шал же сокур болуп калышы мүмкүн.

Ошондуктан, пес оорусу менен ооруган адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү дарыларды үзгүлтүккө учуратпай өз убагында кабыл алып туруунун мааниси зор экенин түшүнүүсүн коомчолордогу медициналык-санитардык кызматчылар жана реабилитологдор камсыз кылуулары абдан маанилүү. Балага дарыларынын бир айлык дозалары берилерде, медициналык-санитардык кызматчы жанында болуп, буга көз салып койгону оң. Ошондо, ал оорудан дагы кошумча көйгөйлөр пайда болгон-болбогонун да текшерип тура алат.

ПЕС ООРУСУ МЕНЕН ООРУП КАЛГАН АДАМ ЭРТЕ ДАРЫЛАНЫП БАШТАСА, ИЛДЕТ ТҮРДҮҮ ДЕФОРМАЦИЯЛАРДЫ ПАЙДА КЫЛУУЧУ ЖАНА АДАМДЫН ДЕН СООЛУГУНУН МҮМКҮНЧҮЛҮКТƟРҮН ЧЕКТӨӨЧҮ ДАРТКА АЙЛАНБАЙТ.


Лепроздук реакцияларды дарылоо

айтылгандай, пес оорусу менен ооруп калган адам сезгичтиги жоголуусуна, шалдыкка жана деформацияларга жеткирбей эле койгону оң. Дартты эртесинде так аныктап, аны эрте дарылап баштоо жана лепроздук реакцияларына тез чара көрүү жолдору аркылуу денеде бул илдетке мүнөздүү болгон көптөгөн деформациялардын пайда болуусуна жол берилбеши керек.

Лепроздук реакцияны жөнгө салуу иш-аракеттери төмөнкү 4 максатты көздөйт:

  • Нервдер жабыркашына жол бербөө. Анткени мындан дененин бөлүктөрүндө сезгичтик жоголот, шалдык жана контрактуралара пайда болот.
  • Көздөр жабыркоосун токтотуп, сокурдуктун алдын алуу.
  • Оорууну басаңдатуу.
  • Пес оорусун козгоочу микобактерияларды дарылардын жардамы менен жок кылууну улантып, оорунун күчөп кетишине жол бербөө.


Медициналык жардам төмөнкүлөрдөн турат:

  1. Оорууну жана сезгенүүнү азайтуучу дарыларды колдонуу.
    Жеңил реакцияларына (тери сезгенүү бар, бирок ооруу же нервдер ооруксунуу жок) каршы аспиринди же ибупрофенди колдонуңуз. Булардын дозалары жана колдонуудагы сактык чаралары тууралуу караңыз.
    Күчтүү реакцияларына (нервдер өткөн жерлер ооруйт, булчуңдар сайгылашуу, “уктап” калуу же алсыздоо күчөйт, көздөр дүүлүгөт, же эркектик урук бездер ооруйт) каршы кортикостероиддерди (преднизолон) колдонуу зарыл болушу мүмкүн. Мындай жагдай медициналык чукул кырдаал болгондуктан, ал эми кортикостероиддер олуттуу көп терс таасирлери бар кооптуу дарылардын катарына киргендиктен жана аларды туура эмес колдонуу көп кездешкендиктен, бул дарыларды колдонуудан мурун, мүмкүн болушунча, тажрыйбалуу медициналык кызматкер менен акылдашыңыз.
  2. Пес оорусуна каршы колдонулуучу дарыларды лепроздук реакциянын бүтүндөй мезгили бою кабыл алуу зарыл.
    Клофазимин дарысы 2-типтеги лепроздук реакциялардын терс таасирлерин азайтууга жана пес оорусунун мультибациллярдык түрүнө каршы күрөшүүгө жардам берет. Клофазиминдин дозасын көп учурда (чоң кишилер үчүн күнүнө 200 мг-га чейин) көбөйтүп, кийин, лепроздук реакциянын күчү басаңдаганда, азайтып койсо болот. Бирок нервдер жабыркоосу менен коштолгон, илдеттин күчтүү реакцияларында преднизолонду колдонуу талап кылынат.
  3. Шакшак колдонуу жана көнүгүүлөрдү аткаруу
    Күчтүү лепроздук реакцияларда, жабырланган колду же бутту шакшактын жардамы менен карматып коюу жолу оорушун азайтууга, нервдер жабыркап калуусуна жана контрактуралар пайда болуусуна жеткирбөөгө жардам берет. (8-бөлүмдү караңыз.)
    A hand with a splint attached with the hand in the shape of a C
    Мында, колдо контрактуралар пайда болуусуна жеткирбей, анын туура абалын сактоого жардам берүүчү мыкты шакшак сүрөттөлгөн.
    Муундарды шакшактын жардамы менен эң ыңгайлуу (физиологиялык) абалында карматуу зарыл. Шакшактарды гипстен же атайын калыптанган пластмассадан жасоого болот (54-бетти караңыз). Сезгичтиги жоголгон колду (же бутту) шакшактын жардамы менен карматуудан мурун, анын ички бетин жумшак материал менен каптап коюңуз.
    Шакшакты, колдо (же бутта) ооруу жана сезгенүү басылмайынча, күндүз да, түнкүсүн да чечпөө керек. Аны муундардын толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдигин сактоого жардам берүүчү көнүгүүлөрдү этияттап аткаруу үчүн гана чечиңиз. (42-бөлүмдү караңыз.)

Деформациялардын пайда болуу себептери

Адамдардын көпчүлүгүнүн оюна пес оорусу келгенде, алар илдеттин кийинки баскычтарына мүнөздүү болгон, денедеги өтүшүп кеткен деформацияларды: ачылып калган, терең жараларды; манжалар жырткыч айбанаттардын манжаларына окшошуп калуусун; кол (же бут) манжаларынын кичирейип бара-бара жоголуусун; жана сокурдукка чейин алып келүүчү, көздөрдүн жабыркоосун элестетишет. Чынында, мындай деформациялар түздөн-түз пес оорусунун микобактерияларынан пайда болбойт. Булар нервдер жабыркап калуусунан улам өрчүйт. Нервдер жабыркоо биринен кийин кийинкиси болуучу 3 баскычка бөлүнөт:

Ky DVC Ch26 Page 222-1.png


Эгер 1-баскычындагы көйгөйлөр пайда болсо, булар 2- жана 3-баскычтардагы көйгөйлөргө өтүп кетүү коркунучу туулат, жана бул коркунуч өмүр бою сакталат. Сезгичтиги жоголгондуктан, адам денесин ар кандай кокустуктардан (бир жерин кесип, сайып, оорутуп алуудан жана башка жаракаттардан) автоматтык түрдө коргой албай калат. Дененин жаракат алган жерлери оорубагандыктан, көп учурда аларга тийиштүү көңүл бурулбай калат.

Мисалы, эгер сезгичтиги нормалдуу болгон адамдын бутунда көп баскандыктан жара пайда болсо, ал оорутат. Ошондо адам басуусун токтотот же аксап баса баштайт.

Бирок пес оорусу менен ооруган адамдын буту жараланса, жара оорутпайт. Жарасы адегенде суюктукка толуп, анан жарылып инфекцияланып кеткенче адам эч нерсени байкабай жүрө берет. Пайда болгон инфекция жумшак ткандарга терең кирип, сөөккө жетип, аны буза баштайт. Бул оорутуу менен коштолбойт. Убакыт өткөн сайын сөөк бузулуп отуруп, бут кетмени ого бетер деформацияланып кетет.
 a blister on the sole of the foot
A burst blister in the sole of the foot
a burst blister infection going into the bone in the sole of the foot
a deformed stump like foot


Демейде мындай ачык жараларда пес оорусунун микобактерияларын табуу мүмкүн эмес. Анткени мындай жараларды пес оорусунун микобактериялары пайда кылбайт. Алар кысылуудан (басым), жаракат алуудан жана башка инфекциялардан пайда болот.



This page was updated:30 Дек 2025