Hesperian Health Guides
Балдарды пес оорусунун белгилерине текшерүү
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 26-БӨЛҮМ: Пес оорусу > Балдарды пес оорусунун белгилерине текшерүү
БАШТАПКЫ БЕЛГИЛЕРИ
Териде кычышпаган же оорутпаган, жай өсүп кеңейген так пайда болуу. Мындай тактын өңү-түсү айланасындагы теринин өңү-түсүнөн бир аз айырмаланышы мүмкүн. (Пес оорусунан улам пайда болуучу тактардын түсү эч качан толук ак болбойт, алар кабырчыктанбайт (лепроздук реакцияны эсепке албаганда).
Эскертме: Мындай тактар жаңы пайда болгондо, көп учурда алардагы сезгичтик сакталат же бир аз бузулат. Эгер тактагы сезгичтик бузулганынан күмөн санабасаңыз, бул пес оорусу экени дээрлик анык.
ЭМНЕГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?
Бүтүндөй дененин терисин, айрыкча бетти, колдорду, арканы, эки жамбашты жана буттарды тактарга текшериңиз.
| Эгер чети даана билинбеген, бир аз бозоргон так тапсаңыз, ага байкоо жүргүзүүнү токтотпоңуз. Такта сезгичтик бузулбаса, пес оорусу деген тыянакка келерден мурун, башка белгилерин да издеңиз. (Көптөгөн балдардын беттеринде жана колдорунда буга окшогон боз тактар пес оорусуз эле боло берет.) | ||
| уркуюп чыгып турган четтери бар же мындай четтери жок, чакалайды (трихофития) элестеткен тактар |
КИЙИНЧЕРЭЭК ПАЙДА БОЛУУЧУ БЕЛГИЛЕРИ
ТЕРИДЕГИ ТАКТАРДАГЫ СЕЗГИЧТИК БУЗУЛУУСУНА ТЕКШЕРҮҮ
| 1. Алакан-манжаларда жана бут кетмендеринде сайгылашуу, сенейүү же сезгичтик бир аз бузулуу байкалуу. Же болбосо, теридеги тактарда сезгичтик жоголгону даана билинет. Куш канатынын бир талынын же катуу жиптин учу менен тактын өзүнө жана анын айланасындагы териге акырын тийип, денесинин кайсы жерине бир нерсе тийгенин баладан сураңыз (бала аны карабасын). | |||
| Эгер бала жиптин тийгенин сезбесе, стерилдүү ийне менен бир аз сайып көрүңүз. |
|
||
| Чыбыкка жип байланган. | Так ушул ыкманын жардамы менен алакан-манжаларын жана бут кетмендерин сенейүүгө жана сезгичтиги бузулбаганына текшериңиз. | ||
| 2. Алакан-манжаларда жана бут кетмендеринде бир аз алсыздык же деформация пайда болуу. |
| Бала манжаларын түздөп көрсүн. Эгер ал муну аткара албаса, бул пес оорусунан улам болуучу шалдыктын белгиси болушу мүмкүн. | Бала чыпалагы алаканына бириккен жерине бармагы менен жетүүгө да аракет кылып көрсүн. | Мындай кыймылдын оор болушу бул жердеги булчуңдун алсыздыгынан улам болушу мүмкүн. Бул пес оорусунун белгиси болушу ыктымал. | ||
|
ЭСКЕРТҮҮ! Дене мүчөлөрүнүн мындай алсыздыгы полиомиелит вирусунан, булчуңдар дистрофиясынан же башка илдеттерден улам болушу мүмкүн. | ||||
| 3. Кээ бир нервдер чоңоюп кетүү (бул ооруу менен коштолушу же коштолбошу, же бир аз ооруксунуу менен коштолушу мүмкүн. Жабыркап калган нерв теринин астында жоон боодой сезилет. Нерв бир топ жооноюп кеткенде, аны оңой эле көрүүгө болот. | |
Дененин бул жерлериндеги нервдер чоңоюп кеткен-кетпегенин текшериңиз.
Теридеги тактардын ичиндеги же айланасындагы нервдер чоңоюп кеткен-кетпегенин да текшериңиз. |
|
| Кулактын астындагы нерв жооноюп кеткен A Manual of Leprosy (Пес оорусу боюнча колдонмо) деп аталган китептен алынган. | |