Hesperian Health Guides
ДЕНЕНИ ТУУРА КАРМОО
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 23-БӨЛҮМ: Жүлүн жабыркоо > ДЕНЕНИ ТУУРА КАРМОО
Контрактуралар пайда болуусуна жол бербөө үчүн, дене күндүз жана түнү бою кандай абалда кармалышы маанилүү.
Бут кетмендери сан жана буттун шыйрак бөлүгү менен бир сызыкка түздөлүү (“аттын буту”) контрактуралары, айрыкча булчуңдар спастикасы бар болгондо, тез эле пайда болот. Бут кетмендерин жөлөлөтүп, ушундай туура абалында мүмкүн болушунча узагыраак убакыт кармаңыз:
| жаткан абалда, отурган абалда. | ||
|
ЭСКЕРТҮҮ! Мындай жөлөк “салаңдап” калмайы бар бут кетмендерине жакшы жардам берет, бирок булчуңдар спастикасын же алардын тарткылоосун пайда кылыш мүмкүн. Бут кетмендерин бул абалга жай ылдамдык менен келтириңиз.
|
||
Балага бут кетмендерин туура абалда кармоону үйрөтүңүз.
Атүгүл ушул бойдон эч качан баспаган бала үчүн да бут кетмендерин ушундай туура абалда кармоо дөңгөлөктүү отургучунан керебетине, ажатканага, чөмүлмөгө жана кайра отургучуна которулуусун жеңилдетет.
Булчуңдар спастикасы бар балдардын дагы бир жалпы көйгөйү бар: адегенде булардын тизелери бир бирине тартылып калат, андан кийин бара-бара калыптанган контрактуралардан буттарын эки жакка буруу мүмкүн болбой калат. Буга жеткирбөө үчүн, бала капталдап жатканда:
| эки бутунун ортосуна жаздык салып, убактысынын көпчүлүгүн аны ошол жеринен албоосу зарыл. | ||||||||||
| Дөңгөлөктүү отургучту пайдалангандардын жалпы көйгөйү: алар бүкүрөйүп (тулкусунун өйдөкү бөлүгүн алдыга эңкейтип) отурушат. Мындай абал бир канча убакыттан кийин омуртка тутумунун деформацияланышына алып келиши мүмкүн.
Дөңгөлөктүү отургучтарды өзгөртүп ыңгайлоо боюнча кошумча сунуштарды 64- жана 65-бөлүмдөрдөн, отургучтар үчүн жаздыктар боюнча башка ойлорду караңыз.
This page was updated:30 Дек 2025 |
||||||||||