Hesperian Health Guides

Биринчи оюндар жана оюнчуктар

Бул бөлүмдө:

Балдар бир нерсени оюн аркылуу эң мыкты үйрөнүшөт. Андыктан, балага карата жасалган ар бир иш-чараңызды оюндун бир түрүнө айлантууга аракет кылыңыз.

Бир нерсени оюнга айлантуу үчүн татаал нерселерди ойлоп чыгаруунун зарылдыгы жок, андан көрө ошол нерсени кантип аткарганда кызыктуу болору тууралуу ойлонуңуз. Кылган иш-аракеттери балага кызыктуу болуп бүтмөйүнчө жана аны аткаруудан тажамайынча, ошол иш-аракеттер бала үчүн оюн боюнча кала берет. Бирок ошол иш-аракеттер бала үчүн кызыктуу болбой калса, же бала аларды аргасыздан гана кылып жаткан болсо, анда ошол иш-аракеттер ага оюндай сезилбей калганы анык. Кичинекей балдарга (өнүгүүсү жай жүргөн чоңураак балдарга деле) бир эле нерсени аткара берүү кыска убакыт эле кызыктуу болот. Көп өтпөй бала андан тажай баштайт, ошондо үйрөнүүсү токтойт. Андыктан, көнүгүүлөр балага оюн болуп сезилип, бул жетишерлик узак убакыт созулуусу үчүн:

1. бир көнүгүүнү кыска убакыт аткарсын, жана
2. көнүгүүнү бир аз өзгөртүп “жаңылантуу” жолу аркылуу аны бала үчүн кайрадан кызыктуу кылуунун жолдорун издеңиз.
Бул эки сүрөттөгү эки бала окшош бир көнүгүүнү кылып жатышат. Бири үчүн бул көнүгүү - оюн, ал эми экинчиси үчүн ал такыр андай эмес. Эмне үчүн?
a man with a stick speaking to a boy who is moving items from 1 container to another.
a girl speaking to a boy while they both move items from 1 container to another.


Оюндардын бардыгын алдын ала уюштуруунун же пландоонун зарылчылыгы жок. Көп учурда бардыгы табигый нугу менен жүргөндө, бала жакшыраак үйрөнөт. Оюнда кызыктуу жоруктардын, капыстан орун алуучу нерселердин жана эркиндиктин элементтери болуш керек. Бала башка балдар менен ойногонду үйрөнүүсү маанилүү. Ошол эле учурда, ага өзүнчө ойноосуна да мүмкүнчүлүк берип туруу маанилүү.

Бала башкалар менен катнашып – жана өзүнчө убакыт өткөрүп – өмүр сүрүүнү жана жашоодон ырахат алууну үйрөнүүсү керек. Оюн – өзүнчө көнүгүү эмес, ал дээрлик бардык көнүгүүлөрдү аткаруунун эң мыкты ыкмасы. Бул бөлүмдө – жана дегеле бүтүндөй китепте – биз көнүгүүлөрдү, терапияны жана үйрөтүү иш-чараларын оюнга айлантуу сунушун улам бергенибиздин себеби мына ушунда.

Оюндарды, башка көнүгүүлөрдөй эле, баланын өнүгүү деңгээлине туура келгендей жана алдыга жылуусуна ага жардам бергендей кылып тандоо зарыл. Алар балага КЫЗЫКТУУ БОЛУШУ ҮЧҮН ЖЕТИШЕРЛИК ТАТААЛ, бирок ошол эле учурда АНЫ ЖАКШЫ АТКАРУУ МҮМКҮН БОЛУУСУ ҮЧҮН ЖЕТИШЕРЛИК ЖЕҢИЛ болууга тийиш. Мисалы:

Эгер баланын өнүгүүсүнүн деңгээли эмчек эмген баланыкындай болсо, анда балага көздөрүн колдонуусуна жана башын көтөрүп кармоосуна жардам берген оюндарды ойнотуңуз.
a boy sitting and laughing; an older child speaks to him while holding a mirror.
Эгер бала отура алса, бирок ал үчүн тең салмактыгын сактоо же тизелерин бир биринен ажыратып кармоо кыйын болсо, бул көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берген оюндарды караштырыңыз.
2 children speaking while they ride a "horse" made from a log.


Эгер турганды жана басканды үйрөнө баштоодон мурун, салмагын бир тизесинен экинчисине улам которуп машыгуу зарыл болсо, башкаларды тууроодон турган оюндарды колдонуп көрүңүз. Мисалы:

1 child standing and speaking to 3 others who are on their hands and knees.
a child speaking while pretending to be a dog and lifting 1 leg.

СЕЗҮҮ ОРГАНДАРЫН ӨРЧҮТҮҮЧҮ ОЮНДАРДА КОЛДОНУУГА МҮМКҮН БОЛГОН ОЮНЧУКТАР ЖАНА ОШОЛ СЫМАЛ БУЮМДАР

Оюн оюнчуктарга салыштырмалуу маанилүүрөөк. Дээрлик бардыгын – карапаны, гүлдөрдү, жайкы жеңил бут кийимди, мөмөлөрдү, ачкычтарды, аттын эски такасын – оюнда оюнчук катары пайдаланса болот.

Оюнчуктарды – же оюнда колдонууга мүмкүн болгон буюмдарды – баланын өнүгүүсүнө түрткү берүү үчүн, ал өзү жалгыз ойногондо да, башкалар менен чогуу ойногондо да колдонсо болот. Үйдөгү кадимки буюмдардын көбү оюнчук катары пайдаланылууга жарайт, же аларды оюнчук кылып өзгөртүп жасоого болот.

hanging toys made from simple materials.


DVC Ch35 Page 317-3.png
Мээримдүү, ак көңүл бала ымыркайды багуудан далай нерселерди үйрөнө алат – бул ал үчүн жумуш да болуп, оюн да болуп сезилет.
ЭСКЕРТҮҮ! Оюнчуктары таза жана коопсуз болуусун камсыз кылыңыз.

Ойлоп чыгаруу жөндөмдүүлүгүңүздү пайдаланып, колдо бар материалдардан балаңызга оюнчуктарды жасап бере аласыз. Мында бир нече мисал келтирилген:

Тийип сезүүсүн өрчүтүү үчүн оюнчуктар

  • жумшак кийим же жууркан
  • жаныбарлардын балдары
  • жүгөрүнүн сотосу
  • манжалар менен тартууга
  • ылайыктуу боёктор
  • сууга түшүү үчүн автоунаанын же велосипеддин камерасы
  • үлүктөр жана бурамалар
  • бут жана кол манжалары
  • саадактар
  • пюре түрүндөгү тамак
  • кездемеден тигилген
  • куурчак
  • ашкабактан жасалган
  • бөтөлкө
  • кум
  • чопо
  • боо
  • чынжыр
  • шкив
  • таштар
  • мончоктор
  • мөмөлөр
  • ылай
  • гүлдөр
  • камыр
DVC Ch35 Page 317-4.png


DVC Ch35 Page 317-6.png
illustration of the below: toys tied to strings.
Эгер бала үчүн кыймылдарын башкаруу оор болуп, ал оюнчуктарын улам колунан түшүрүп же жоготуп турса, аларды, сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып, жип менен байлап койсо болот.

Жыттап жана даам татып таануусун өрчүтүү үчүн оюнчуктар

тамак, гүлдөр, мөмөлөр, жаныбарлар, тамакка даам, берүүчү кошулмалар, атырлар
fruits, a flower, a fish, a pig.

Көрүүсүн өрчүтүү үчүн оюнчуктар

күзгү, боёктор, түстүү кагаз же фольга, үйдөгү буюмдар, марионетка куурчактары, сүрөттүү эски журналдар, түркүн түстүү айнектер (калейдоскоп), колчырак
DVC Ch35 Page 317-5.png
манжаларга кийгизилүүчү марионетка куурчактары

Дененин тең салмактыгын сактоону ыкжөндөмүн өрчүтүү үчүн оюнчуктар

DVC Ch35 Page 317-7.png
селкинчек, амак (асма керебет), термелме такта, термелме оюнчук ат



Угуусун өрчүтүү үчүн оюнчуктар

шылдырак, гитара, чоор, добулбас, коңгуроо
DVC Ch35 Page 317-9.png
маримба же, ксилофон, коңгуроолордун, түрлөрү, ышкырык, бөлмө канаттуулары, жаныбарлар чыгарган добуштар, жаңырык жаратуучу деңиз үлүлкабыгы же ушул сымал оюнчуктар, адамдар сүйлөшүү күлүү жана каткыруу, ырдоо, бала кыймыл даганда үн чыгарып туруучу, кырк муунуна же кызыл ашыгына тагылуучу билерик
DVC Ch35 Page 317-10.png
мискейди добулбас катары колдонуу


children using a "telephone" made from tin cans on a tightly stretched string.
консервдик банкадан жасалган телефон
катуу тартылган сым же боо


АКЫЛ-ЭСТИ ЖАНА КӨЗДӨР МЕНЕН КОЛДОРДУН БИРГЕЛЕШИП ИШТӨӨСҮН ӨРЧҮТҮҮЧҮ ОЮНЧУКТАР

Бир буюмду башка буюмга киргизүү ык-жөндөмүн өздөштүрүү

Жөнөкөй кыймылдан баштагыла: кумурага буюмдарды ыргытып, анан аларды кайра чыгарсын.
DVC Ch35 Page 318-1.png
a child placing rings onto corncobs attached to a wooden base.
жыгачтан, өрүлгөн жиптен, күйгүзүлгөн чоподон, эски сөөктөн же каамыттан жасалган шакектер
Астынкы бөлүгү жыгачтан же кат-кат салынган картон кагаздардан жасалган.
жыгач же жүгөрүнүн сотосу

Эскертме: Буюмдарды бир бирине тууралоону үйрөнүүсү үчүн, шакектердин чоңдугу, түсү же формасы түрдүү болсо, жакшы болот.


Колдору жана манжалары так кыймылдоосун өрчүтүү үчүн, бала мончокторду же жыгачтан жасалган майда оюнчуктарды боо же сым боюнча ары-бери жылдырып көнүксө болот.
DVC Ch35 Page 318-3.png
Эгер жаныбарлардын же тамашалуу каармандардын фигуркаларын колдонсо, көнүгүү өзү кызыктуу болот. Ошондо башка балдар да оюнга катышкысы келет.
DVC Ch35 Page 318-4.png



Бир бирине окшош буюмдарды табуу оюндары

Бала бир бирине формасы, чоңдугу жана түсү менен окшош буюмдарды таап көнүгүп машыкса болот.
DVC Ch35 Page 318-5.png
Кесилип алынган бөлүкчөлөргө жабыштырылган кыска таякчалар манжаларын так кыймылдатканды үйрөнүүсүнө балага жардам берет.
cut-out shapes with small pegs glued to 1 side.
таякча
Жөнөкөйүрөөк оюндардан (төрт бурчтуу же тегерек фигуркалардан) баштагыла.
a child putting round and square objects into round and square holes in the top of a cardboard box.
топ, тоголок мөмө же дары куюлчу бөтөлкө
картон кагаздан жасалган жащик
кубиктер же ширенкенин кутулары
Андан кийин түрдүү формадагы фигуркаларды колдонууну талап кылган, татаалыраак оюндарга өткүлө.
blocks of different shapes and colors made to fit through holes in a wooden lid on a big tin can.
чоң калай чака
түрдүү түстөгү жана формадагы 3 фигурка
жыгачтан же катталган картон кагаздан жасалган капкак
капкак (астынан көрүнүшү)
Ички тегереги чакага тыгыз отурат.


DVC Ch35 Page 318-9.png

“Баш катырмалар”

Чогултулма баш катырмалар жана бир бирине тургузулуп курулуучу кубиктер да түрдүү формалар жана түстөр бир бирине кандайча дал келерин үйрөнүүсүнө балага жардам берет.

Жөнөкөй оюнчуктарды жасоо боюнча башка сунуштар “Оюнчуктарды жасоо үчүн балдар устаканасы” деп аталган 49-бөлүмдө.


This page was updated:30 Дек 2025