Hesperian Health Guides
КОШУМЧА КӨЙГӨЙЛӨРДҮН ПАЙДА БОЛУУСУНА ЖОЛ БЕРБӨӨ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 7-БӨЛҮМ: Полиомиелит: Балдардын инфекциялык шалдыгы > КОШУМЧА КӨЙГӨЙЛӨРДҮН ПАЙДА БОЛУУСУНА ЖОЛ БЕРБӨӨ
Денесинде шалдыгы бар балада ден соолугуна байланыштуу кошумча көйгөйлөрдүн пайда болуусуна жол бербөөгө жардам бере турган айрым ыкмаларды буга чейин карадык. Кыскача айтканда, маанилүү алдын алуу чараларына төмөнкүлөр кирет:
- Контрактуралардын жана деформациялардын алдын алуу. Денеде шалдык пайда болгондон кийин мүмкүн болушунча дароо муундардын толук көлөмүндө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоого жардам берүүчү көнүгүүлөрдү жасай баштаңыз.
- Кайсы бир муунда контрактуранын биринчи белгиси пайда болору менен күнүгө – күнүнө 2 же 3 маал – чоюу көнүгүүлөрүн жасаңыз.
Муунга туруктуу басым менен бир нече мүнөт бою чоюу аракети колдонулганда, чоюу көнүгүүлөрүнөн көбүрөөк пайда алса болот.

... Бутту өйдө-ылдый “теңселтүү” жарабайт.

Бул тууралуу толугураак маалыматты “Контрактуралар” деп аталган 8-бөлүмдөн издеңиз:
- Балада кандай муктаждыктар бар экенине дайыма көңүл буруп, пайда болгон жаңы муктаждыктарына жараша көмөкчү каражаттарын, ортопедиялык аппараттарын жана физикалык көнүгүүлөрдү өзгөртүп же ылайыкташтырып туруңуз. Ортопедиялык жасалгаларды жетишсиз же чегинен ашыра колдонуу баланын физикалык жактан өрчүп өсүүсүн токтотуп коюшу же жаңы көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.

- Балдактар баланын колтуктарына ашыкча басым келтирбөөсүн камсыз кылыңыз, антпесе, андан баланын алакан-манжаларында шалдык пайда болушу мүмкүн.
- Баланын физикалык көйгөйлөрү анын жалпы физикалык, психикалык жана социалдык жактан өнүгүүсүнө тоскоол болбоосун камсыз кылыңыз. Активдүү өмүр сүрүүсүнө, башка балдар менен чогуу оюндарга катышып жана биргелешкен иштерди аткарып туруусуна, мектепте окуусуна балага шарт түзүңүз. Бул китептин 2-бөлүгүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын муктаждыктарын канааттандырууга жергиликтүү коомчого көмөк көрсөтүүнүн жолдору каралат.
ПОЛИОМИЕЛИТТЕН ЖАБЫРКАГАН ЖАШ ЖИГИТ ДЕН СООЛУК ЖАНА РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА АЛДЫНКЫ КЫЗМАТЧЫ БОЛУУГА ЖЕТИШТИ
Марсело Ацеведо полиомиелиттен жабыркаган. Ал үй-бүлөсү менен жакынкы жолдон 2 күндүк аралыкта жайгашкан айылда жашачу. Пиакстла долбоорунун айылдык медициналык-санитардык кызматчылары, тизесиндеги контрактураларды оңдоо үчүн, Марселого хирургиялык операция жасатууга жардам беришкен. Операциядан кийин Марселого ортездер даярдалып, ал мектепке бара баштаган. Андан соң Марсело атайын даярдоодон өтүп, медициналык-санитардык кызматчынын квалификациясына ээ болуп, өз айылына кызмат кылуу үчүн кайткан.
4 жаштагы Марсело дарактан кулап бутун жабыркатып алган агасы менен чогуу. | ![]() |
Марсело Пиакстла долбоорунда атайын даярдоодон өтүп жаткан учуру. | ![]() |
![]() |
PROJIMO долбоору ишин баштаганда, Марсело анда айылдык реабилитолог катары иштеп баштаган. Ал Мехико шаарында ортопедиялык аппараттарды жасоочу эки устаканага шакирт болуп кирип, ортопедиялык каражаттарды жасоону үйрөнүп алган. |
![]() |
![]() |
Марсело айылдын башка тургундары менен бирге гипстен баланын көкүрөгүнүн калыбын даярдап жатат. Бала полиомиелит менен ооруп калып, андан анын омуртка тутуму катуу ийрийип кеткен. | Марсело пластиктен жасаган, тулкуга кийилүүчү ортопедиялык корсеттин жардамы менен баланын түзүрөөк отура алуусу мүмкүн болот |
Учурда Марсело PROJIMO долбоорунун алдынкы кызматчыларынын бири болуп эсептелет. Ал өзүнүн айылынын тургундарынын сый-урматына ээ болууга жетишти. Марсело айылында жашаган бир айымга үйлөнгөн. |