Hesperian Health Guides
ПОЛИОМИЕЛИТТИН АЛДЫН АЛУУ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 7-БӨЛҮМ: Полиомиелит: Балдардын инфекциялык шалдыгы > ПОЛИОМИЕЛИТТИН АЛДЫН АЛУУ
ПОЛИОМИЕЛИТКЕ КАРШЫ ВАКЦИНА – бул илдеттен сактануунун эң мыкты жолу. Вакцина дайыма төмөнкү температурада сакталуусун сөзсүз камсыз кылуу зарыл! | ![]() |
- Балдарды полиомиелитке каршы эмдөө керек. Негизи, вакцинанын биринчи дозасын дароо төрөттөн кийин берүүдөн артык нерсе жок. Көпчүлүк учурда балдар полиомиелитке каршы колдонулуучу вакцинаны жана көк жөтөлгө, дифтерияга жана селеймеге каршы колдонулуучу вакцинаны бир убакта кабыл алышат. Балдар 18 айга толгонго чейин анын 4 дозасын кабыл алышат. Вакцинанын 5-чи дозасы балдар 4–6 жашка чыкканда берилет.
- Балдардын мүмкүн болушунча көбүрөөгүн полиомилетке каршы эмдөөдөн өткөрүү зарыл. Ооз аркылуу кабыл алынуучу вакцина – «тирүү вакцина». Эгер балдардын көпчүлүгү мындай вакцина менен эмделсе, аны түз кабыл албаган балдарга да ал жайылып, аларды кошо илдеттен коргойт. ПОЛИОМИЕЛИТТИН АЛДЫН АЛУУ
- Вакцинаны муздак жерде (2°тан 8°ка чейинки температурада) сактоого аракет кылыңыз. Аны муздак абалында сактабасаңыз, ал тез эле бузулуп кетет

- Балдарды эмдөө жана вакциналарды муздак жерде сактоо маселелери боюнча жардам үчүн коомчоңуздун мүчөлөрүнө кайрылыңыз. Жергиликтүү медициналык жайларда муздаткычтардын жоктугунан улам вакциналар кээде айылдарга жетпей калат. Бирок көпчүлүк учурда дүкөн ээлеринин жана айрым үй-бүлөлөрдүн муздаткычтары бар. Жагдайды түшүндүрүү аркылуу алардын ылымына ээ болуп, кызматташтыкка тартыңыз
- Эмдөө илдеттен эң мыкты коргоону камсыз кылышы үчүн, аны баланын денесинин температурасы 38°- тан жогору болгондо же анын ичи өткөндө кылбаңыз. Бирок эгер бала бир аз эле сыркоолосо, ага полиомиелит вакцинасын бере берсе болот. Баланын бир аз сыркоолосунун айынан аны эмдебей койгондон көрө, адегенде 3 жолудан турган эмдөөнү, андан кийин дагы бир жолу эмдөөнү толук жүргүзүү кыйла маанилүүрөөк.
Жакыр өлкөлөрдө вакциналардын үчтөн биринен кем эмес бөлүгү балдарга жеткенде жараксыз болуп калары белгилүү. Андыктан, балдар эмдөөдөн өтсө деле, кошумча сактык чараларын көрүү зарыл:
ЭМЧЕК СҮТҮ ИНФЕКЦИЯЛАРДАН, АЛАРДЫН ИЧИНДЕ ПОЛИОМИЕЛИТТЕН КОРГОЙТ.

- Балаңызга эмчек эмизүүнү мүмкүн болушунча уланта бериңиз. Эненин эмчек сүтүндө баланы полиомиелиттен коргоочу «антителолор» бар. (Эмчектеги балдардын 8 айлык куракка чейин полиомиелит менен ооруп калышы сейрек, анткени алардын канында энесинин антителолору бар болот. Эмчек эмизүү мындай коргоону узартышы мүмкүн.)

- Эмдөөнүн жана эмчек эмизүүнүн маанилүүлүгүн эл арасында үгүттөңүз. Ушул маанилүү маселелер боюнча маалыматтарды театрлаштырылган көрсөтүүлөрдүн жана куурчак театрынын жардамы менен элге жеткирсе болот (48-бөлүмдү караңыз).
This page was updated:23 Май 2025