Hesperian Health Guides
ПОЛИОМИЕЛИТТИК ШАЛДЫКТЫ КОШТООЧУ КОШУМЧА КӨЙГӨЙЛӨР
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 7-БӨЛҮМ: Полиомиелит: Балдардын инфекциялык шалдыгы > ПОЛИОМИЕЛИТТИК ШАЛДЫКТЫ КОШТООЧУ КОШУМЧА КӨЙГӨЙЛӨР
Мазмуну
ПОЛИОМИЕЛИТТИК ШАЛДЫККА МҮНӨЗДҮҮ КОНТРАКТУРАЛАР
Сүрөттөгүдөй төрт аяктап ары-бери жылган жана буттарын такыр түздөбөгөн, шалдыгы бар балада бара-бара контрактуралар калыптанып, кашка жиликтеринин жамбаш сөөк менен ашташтары жана тезелери жазылып түздөлбөй калат, ал эми бут кетмендери бүгүлбөй калат.

ТАМАН СӨӨКТӨРҮНҮН ШЫЙРАК МЕНЕН АШТАШЫНА ЖАНА БУТ КЕТМЕНИНЕ МҮНӨЗДҮҮ ДЕФОРМАЦИЯЛАР
![]() |
![]() |
![]() |
![]() |
бут кетмени түздөлүп калуу (“аттын буту” түрүндөгү контрактура) | бут кетменинин таман ортосу ийилүү | бут кетмен ашташы сыртты көздөй бүгүлүү | бут кетмен ашташы ичти көздөй бүгүлүү |
МУУНДАРДЫН КОНТРАКТУРАЛАРЫ
Контрактура – бул, муундун толук кыймылдоосу мүмкүн болбой калгандай, булчуңдардын жана тарамыштардын (байламталардын) кыскарып кетүүсү.
Эгер тийиштүү алдын алуу чаралары көрүлбөсө, контрактуралар шалдыгы бар балдардын көбүндө калыптанат. Бала ортопедиялык аппараттардын жардамы менен басууга жарамдуу болуусу үчүн, калыптанып калган контрактуралар көпчүлүк учурда оңдолууга тийиш. Өтүшүп кеткен контрактураларды көнүгүүлөрдүн, гипстеп таңуунун же хирургиялык операциянын жардамы менен (же ушул ыкмаларды айкалыштырып) дарылоо – узакка созулуучу, көп чыгымдуу, ыңгайсыздыктарды жаратуучу процесс. Ошондуктан илдеттин эң башынан тартып эле контрактуралардын алдын алуу абдан маанилүү.
Контрактуралар, алардын пайда болуу себептери, аларга жол бербөө ыкмалары жана аларды дарылоо тууралуу толугураак кийинки бөлүмдөн (8-бөлүм) караңыз. Контрактураларды оңдоо үчүн ыкмалар жана көмөкчү каражаттар 59-бөлүмдө сүрөттөлгөн.
КӨП КЕЗДЕШҮҮЧҮ БАШКА ДЕФОРМАЦИЯЛАР
Тулкунун салмагы алсыз муундарга таасирин тийгизип, аларда түрдүү деформациялар пайда болушу мүмкүн. Буларга төмөнкүлөр кирет:
ЧЕГИНЕН АША ЧОЮЛГАН МУУНДАР
![]() Тизе кайкалап калган.
Бут кетмени кеткен. тизе менен бир түз сызыкта эмес (тизе алдын “караганда”, бут кетмени капталын “карап” калат)
|
![]() Омуртка тутуму алдыга чегинен аша ийилип кармалат (лордоз).
Тизе артты көздөй кайкалап калган
|
СӨӨК АШТАШЫНАН ЧЫГЫП КЕТҮҮ
![]() Сөөктөр ашташтарынан жарым-жартылай же толук чыгып кетет (айрыкча тизеде, бут кетменинде, кашка жиликтин жамбаш сөөк менен ашташында, ийинде, чыканакта, бармак).
Жото жилик тизедеги ашташынан жарым-жартылай чыгып |
![]() |
Таман сөөктөр кызыл ашыктагы ашташынан жарым-жартылай чыгып кеткен. |
АЛДЫН АЛА ЭСКЕРТҮҮ! Сөөктөрдүн ашташтарынан мындай чыгып кетүүлөрү контрактураларды туура эмес чоюудан улам кээде орун алат.
ОМУРТКА ТУТУМУ ИЙРИЙҮҮ | ||
Омуртка тутумунун бир аз ийрийүүсү бир буттун кыскараак болуусунан улам жамбаш сөөктүн бир жагына жантайып калуусуна байланыштуу болушу мүмкүн. | ![]() |
Омуртка тутумунун олуттуураак ийрийип кетүүсүнө арканын же бүт дененин булчуңдарынын алсыздыгы алып келет. Мындай ийрийүү өтө чоң болгондо, өпкөлөр жана жүрөк кысылып, баланын өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн. |
Оор формадагы шалдыгы бар бала | |
![]() Күң жилик ашташынан чыгып кеткен
Чыканак кайкалап калган
Кабыргалар уркуюп калган
Чыканакта контрактура бар
Кашка жилик жамбаш сөөк менен ашташынан чыгып кеткен |
Баланын денесин туура абалына келтиргенде, адегенде омуртка тутумунун ийрийүүсү түздөлөт. Бирок убакыт өткөн сайын мындай ийрийүүнүн туруктуулугу улам күчөй берет – омуртка тутуму түздөлбөй калат. Омуртка тутумдун ийрийүүлөрү тууралуу 20-бөлүмдөн караңыз. |