Hesperian Health Guides

КАНДАЙ ЧАРА КӨРҮҮГӨ БОЛОТ?

Бул бөлүмдө:

ООРУНУН АКТИВДҮҮ МЕЗГИЛИ УЧУРУНДА, балада шалдыктын алгачкы белгилери пайда болгондо

  • Оорунун активдүү мезгилинде да, андан кийин да эч кандай дары жардам бербейт.
  • Бала үчүн эс алуу маанилүү. Күчкө салып көнүгүү аткаруудан оолак болуңуз, анткени мындан шалдык күчөп кетиши мүмкүн. Дарыларды ийне аркылуу берүүдөн да оолак болуңуз.
  • Айыгуу мезгили учурунда толук баалуу тамактануу баланын денесине демейки күч-кубатын калыбына келтирүүсүнө жардам берет. (Бирок бала чегинен аша тамактанып, толуп кетүүсүнө жол бербеңиз. Ашыкча салмагы бар болсо, бала үчүн кыймылдоо жана басуу кыйыныраак болот.)
  • Денесинин абалы бала үчүн ыңгайлуу болушу жана контрактуралардын пайда болуусуна жол бербеши зарыл. Адегенде баланын булчуңдары ооруй баштайт. Мындай ооруудан муундарын жазып түздөө бала үчүн кыйын болот. Баланын колдорун жана буттарын жай ылдамдык жана этияттык менен жазып, мүмкүн болушунча туура абалына келтирүүгө аракет кылыңыз (8-бөлүмдү караңыз).


ТУУРА АБАЛ ТУУРА ЭМЕС АБАЛ
niño con buena posición
niño con mala posición
Колдору, кашка жиликтеринин жамбаш сөөк менен ашташтары жана буттары мүмкүн болушунча түз абалында. Бут кетмендери жөлөнүп турат.. Колдору, кашка жиликтеринин жамбаш сөөк менен ашташтары жана буттары бүгүлгөн абалында. Бут кетмендери “аттын буттары” сыяктанып сунулган абалында.


Эскертме: Булчуңдардын оорушун басаңдатуу үчүн, тизелердин астына жаздыкчаларды төшөп койсоңуз болот, бирок ошол эле учурда тизелер мүмкүн болушунча түз кармалуусун камсыз кылыңыз.


ООРУНУН АКТИВДҮҮ МЕЗГИЛИНЕН КИЙИН:

  • Бала жакшылап (толук баалуу) тамактанып туруусун улантуусу зарыл жана анын денеси туура абалында кармалуусун камсыз кылыңыз.
  • Ысытмасы басылаары менен, контрактураларга жол бербөөгө жана булчуңдардын күч-кубатын калыбына келтирүүгө жардам берүүчү көнүгүүлөрдү жасай баштагыла. Муундардын толук көлөмүндө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоочу көнүгүүлөр 42-бөлүмдө сүрөттөлүп берилген. Көнүгүүлөрдү жасоонун өзүн мүмкүн болушунча көңүлдүү кылууга аракеттенгиле. Реабилитациялоодо активдүү оюндардын, сууда сүзүүнүн жана балага колдору менен буттарын мүмкүн болушунча көбүрөөк кыймылдатуусуна жардам берүүчү, бул сыяктуу башка кыймыл аракеттердин мааниси чоң.
DVC Ch7 Page 63-3.png
  • Балдактар, буттун ортездери (ордунда бекем кармоочу шарнирдик жасалгалар) жана башка көмөкчү каражаттар балага мыктыраак кыймылдоосуна жана контрактуралардын же деформациялардын пайда болуусуна жол бербөөгө жардам бериши мүмкүн.
  • Өзгөчө кырдаалдарда, контрактураларды оңдоо же күчтүү булчуңдар алсыз булчуңдардын кызматын өзүнө алуусу үчүн, алар бекиген жерди өзгөртүү максатында хирургиялык операция талап кылынышы мүмкүн. Эгер бут кетменинин ашташы өтө бошоң болсо же бут кетмени бир капталына кайрыла берсе, бут кетменинин кээ бир сөөктөрүн бир бирине бириктирүүчү хирургиялык операция жардам бериши мүмкүн. Бирок сөөккө жасалуучу хирургиялык операция бут кетменинин өсүүсүн токтотуп койгондуктан, негизи мындай операцияны бала 12 же 13 жашка чыкмайынча жасоого болбойт..
  • Денесин жана акыл-эсин мүмкүн болушунча көбүрөөк колдонууга, башка балдар менен активдүү оюндарды ойноого, өзүн тейлөөгө, ата-энесине иштеринде жардам берүүгө жана мектепте окууга түрткүлөп, баланы кызыктырыңыз. Кадимки эле дени соо балага кандай мамиле кылсаңыз, буга да мүмкүн болушунча так ошондой эле мамиле кылыңыз.



This page was updated:23 Май 2025