Hesperian Health Guides
ШАЛДЫГЫ БАР БАЛАНЫ РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 7-БӨЛҮМ: Полиомиелит: Балдардын инфекциялык шалдыгы > ШАЛДЫГЫ БАР БАЛАНЫ РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО
![]() |
Бул бала үчүн басуу – буттарынын жана бут кетмендеринин булчуңдарын чоюп турууга жана контрактураларга жол бербөөгө жардам берүүчү көнүгүү. (Тилония, Индия) |
Полиомиелиттен шал болгон балдардын бардыгына тең белгилүү бир негизги реабилитациялык иш чараларды, мисалы, муундардын толук көлөмүндө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоочу көнүгүүлөрдү колдонуу аркылуу жардам берсе болот.
Бирок балдардын кайсы булчуңдары жабыркагандыгына жана шалдыгы канчалык оор экендигине жараша булардын ар биринин муктаждыктары ар башка болот.
Балдардын айрымдары үчүн кадимки эле физикалык көнүгүүлөр жана оюндар жетиштүү. Башкаларына атайын көнүгүүлөр жана оюндарда пайдаланылуучу буюмдар керек болушу мүмкүн. Дагы башкаларына жакшыраак ары-бери жылууга, түрдүү кыймыл аракеттерди аткарууга жана денени туура абалында кармоого жардам берүүчү ортопедиялык аппараттар же башка көмөкчү каражаттар керек. Оор формадагы шалдыгы бар балдарга дөңгөлөктөрү бар такта же дөңгөлөктүү отургуч көбүрөөк жардам берет.
Муктаждыктарын болушунча канааттандырууга жарай турган ыкмаларды аныктоо үчүн, балдардын ар бирин кылдаттык менен карап текшерүү зарыл. Баланын муктаждыктары аныкталып, тийиштүү чаралар канчалык эрте көрүлүп баштаса, натыйжа ошончолук жакшыраак болот.
![]() |
![]() |
Ымыркай кезинде полиомиелиттен шал болуп калган бул баланын кашка жиликтеринин жамбаш сөөк менен ашташтарында, тизелеринде жана таман сөөктөрүнүн жото жиликтери менен ашташтарында олуттуу контрактуралар калыптанып калган. (PROJIMO) | Бул бала ортездерди пайдаланып басууга жарактуу болуусу үчүн, контрактураларын жоюу максатында бир нече ай бою адегенде үйүнөн аны менен атайын көнүгүүлөрдү жасоого, андан кийин айылындагы реабилитациялык борбордо аны гипстеп таңуулар менен улам ороп турууга туура келген. |
Тилекке каршы, полиомиелит эмдигиче көп учураган аймактардын көпчүлүгүндө реабилитациялык программалар такыр жок же жаңыдан эле иштеп баштады. Көп убакыттан бери шалдыгы бар балдардын (жана чоңдордун) көбүнүн денелеринде деформациялар же контрактуралар калыптанып калган. Бала ортездерди пайдаланып баса баштоосу үчүн, көпчүлүк учурда, буларды оңдоо керек болот.
Контрактуралар бир эле полиомиелитте эмес, башка көптөгөн илдеттерде да көп учураган көйгөй болгондуктан, биз аларды кийинки бөлүмдө өзүнчө карайбыз. Полиомиелиттен шал болгон баланын жалпы абалына баа берүүдөн мурун, контрактураларга арналган 8-бөлүмдү сөзсүз окуп чыгууңуз сунуш кылынат.
АЛДЫН АЛА ЭСКЕРТҮҮ! Кайсы бир көмөкчү жасалганы же жол-жобону балага колдонордон мурун, анын бардык артыкчылыктарын жана кемчиликтерин кылдат таразалаңыз. Мисалы, деформациялардын кээ бирлерин, алар шалдыгы бар балага түзүрөөк туруусуна же мыктыраак басуусуна жардам бергендиктен, балким, ошол боюнча эле калтырган оң. Ал эми айрым көмөкчү жасалгалар же ортопедиялык аппараттар баланын булчуңдарынын күчкубаты бекемдөөсүнө тоскоол болуп, натыйжада, бала мындай каражаттарсыз ары-бери такыр жыла албаган абалында калышы мүмкүн. Көмөкчү жасалгалардын же жолжоболордун кайсынысын колдонуу чечимин кабыл алуудан мурун, “Көмөкчү жасалгалар жана жол-жоболор зыян эмес, пайда алып келүүсү керек” деп аталган 56-бөлүмдү окуп чыгууну сунуш кылабыз.
ПОЛИОМИЕЛИТТЕН ЖАБЫРКАГАН БАЛАНЫН АБАЛЫН ЖАКШЫРТУУ:
КӨМӨКЧҮ ЖАСАЛГАЛАРГА ЖАНА ЖАРДАМГА БОЛГОН МУКТАЖДЫКТАРЫ ӨЗГӨРҮП ТУРУУ
1. Муундардын толук көлөмүндө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоочу көнүгүүлөр. Буларды шалдык пайда болгондон бир нече күн өткөндөн кийин баштап, бүтүндөй реабилитациялоо мезгили бою улантуу зарыл. | 2. Баланын денесин контрактуралардын пайда болуусуна жол бербөөчү абалына келтирип жөлөнтүп отургузуу | ||
![]() |
![]() |
||
3. Булчуңдардын күч-кубатын калыбына келтирүү жана муундардын толук көлөмүндө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоо үчүн, колду же бутту ордунда бекем кармоо менен коштолуучу активдүү көнүгүүлөр | ![]() |
4. Сууда аткарылуучу көнүгүүлөр: басуу, денени суу бетинде кармоо, сууда сүзүү. Колу-буттардын салмагын көтөрүүгө суу өзү жардам берет. | ![]() | ||||
5. Контрактуралардын пайда болуусуна жол бербөөгө же жакында эле пайда болгондорун оңдоого жардам берүүчү жасалгалары бар дөңгөлөктүү такта же отургуч. | |||||
![]() |
![]() |
![]() | |||
Эскертме: Булар баланын колдорун күчтөнтүп, аларды балдактарга таянып басууга да даярдайт. |
6. Контрактуралардын пайда болуусуна жол бербөө жана баланы басууга даярдоо үчүн ортездер. | 7. Тең салмактуулукту сактоону үйрөнүүгө жана басып баштоого жардам берүүчү параллелдүү брустар |
![]() |
![]() |
8. Басууга жардам берүүчү жасалга – “бастыргыч” | 9. Тең салмактык үчүн жана кошумча таяныч катары колдонулуучу, бастыргычтын кызматын аткарышы үчүн, түзүлүшү бир аз өзгөртүлгөн балдактар. |
![]() |
![]() |
10. Колтуктарга таянуу жолу аркылуу колдонулуучу балдактар | 11. Чыканактардын астына таянуу жолу аркылуу колдонулуучу балдактар жана, балким, белгилүү бир убакыттан кийин... |
![]() |
![]() |
12. Таякча, же эч кандай көмөкчү каражаттын кереги жок | |
![]() |
Эскертме: Мындагы сүрөттөр мисал катары гана каралууга тийиш, бирок жогоруда келтирилген баскычтардын көпчүлүгү көптөгөн балдар үчүн керек болот. Реабилитацияны кеч баштаган балдарда кошумча чараларды көрүүнү талап кылган, жогорудагы сүрөттөрдө көрсөтүлбөгөн контрактуралар же деформациялар болушу мүмкүн.