Hesperian Health Guides
БАШКА КАЙСЫ ИЛДЕТТЕРДИ ПОЛИОМИЕЛИТ МЕНЕН АЛМАШТЫРЫП АЛЫП ЖАҢЫЛУУ МҮМКҮН?
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 7-БӨЛҮМ: Полиомиелит: Балдардын инфекциялык шалдыгы > БАШКА КАЙСЫ ИЛДЕТТЕРДИ ПОЛИОМИЕЛИТ МЕНЕН АЛМАШТЫРЫП АЛЫП ЖАҢЫЛУУ МҮМКҮН
- Кээде балдардын церебралдык шалдыгын (айрыкча “жүүн бош” түрүн) полиомиелит менен алмаштырып алуу мүмкүн.
Балдардын церебралдык шалдыгында дененин мүчөлөрү белгилүү бир ага мүнөздүү тартип боюнча жабыркагандай таасир калтырат:
БАЛДАРДЫН ЦЕРЕБРАЛДЫК ШАЛДЫГЫ
![]() |
2 колу жана 2 буту |
![]() | бир жагындагы колу жана буту | ![]() | 2 буту |
Полиомиелитте шалдыктын жайылуусунун белгилүү бир тартиби жок:
ПОЛИОМИЕЛИТ
Балдардын церебралдык шалдыгында демейде мээнин жабыркагандыгынын башка белгилерин да байкоого болот: тизе рефлекси көтөрүңкү болуу же башка патологиялык рефлекстер, өнүгүүсүндө артта калуу, олдоксон же эрксиз (өзүнөн өзү болгон) кыймылдар, же жок дегенде кээ бир булчуңдар катып калгансуу (спастика)

- Булчуң дистрофиясында шалдык кичинеден бара-бара калыптанып, кыйшаюусуз күчөй берет.

- Кашка жиликтин жамбаш сөөк менен ашташындагы көйгөйлөрдөн улам бала аксашы мүмкүн, булчуңдары ичкерип, алсыз болуп кетиши ыктымал. Кашка жиликтеринин жамбаш сөөгү менен ашташтары оорушун-оорубашын же жиликтери ашташтарынан чыгып кеткен-кетпегенин текшериңиз. (Эскертме: Кашка жилигинин жамбаш сөөк менен ашташынан чыгып кетүүсү полиомиелитке карата кошумча көйгөй болушу, башкача айтканда, полиомиелиттен улам орун алышы мүмкүн.)


- Эрб шалдыгы, же ийиндин же алакан-манжалардын жарымжартылай шалдыгы, төрөт учурунда ийинди жабыркатып алуудан улам пайда болот.
Эскертме: Балада мындагы илдеттердин бири (кайсынысы болбосун) пайда боло электе эле же пайда болгондон кийин бала полиомиелит менен ооруп калышы мүмкүн. Кылдат текшерип туруңуз.

- Пес оорусу. Чоңоюп калган баланын бут кетмени жана алакан менен манжалары кичинеден шал боло баштайт, көп учурда териде тактар пайда болуу жана сезгичтик жоголуу менен коштолот.

- Жүлүн чуркусу деген тубаса көйгөй бар. Бут кетмендеринин сезгичтиги азаят, жана көп учурда аркада шишик (же хирургиялык операциядан калган тырык) болот
БУТТАРЫНДА ШАЛДЫГЫ БАР БАЛАНЫН ОМУРТКА ТУТУМУН СӨЗСҮЗ КАРАП, КОЛУ-БУТТАРЫНДА СЕЗГИЧТИГИ БУЗУЛБАГАНЫН ТЕКШЕРИҢИЗ.

- Жүлүн же колдорго же буттарга барган айрым нервдер жабыркоо. Демейде омуртка тутумун (же анын моюн бөлүгүн) катуу кокустатып алганда орун алат, дененин шал болуп калган бөлүгүндө сезгичтик жоголот.

- Омуртка тутумунун кургак учугу дененин төмөнкү бөлүгүнүн бара-бара же капыстан күчөгөн шалдыгына алып келиши мүмкүн. Омуртка тутумунан буга мүнөздүү болгон уркуюуну издеңиз.
- Омуртка тутумунун кургак учугу дененин төмөнкү бөлүгүнүн бара-бара же капыстан күчөгөн шалдыгына алып келиши мүмкүн. Омуртка тутумунан буга мүнөздүү болгон уркуюуну издеңизШалдыктын же булчуңдар алсыздыгынын башка себептери. Полиомиелитке окшогон “жүүн бош” шалдыктын себептери көп. Эң көп кездешүүчү себептеринин бири – “Гийен – Барре шалдыгы”. Бул илдет вирустук инфекциядан, уулануудан же белгисиз себептерден улам пайда болот. Ал демейде алдын ала билдирүүсүз эле буттарда башталып, бир нече күн ичинде бүт денени шал кылышы мүмкүн. Кээде сезгичтик да азаят. Негизи, булчуңдардын демейки күч-кубаты бир нече жумадан же айдан кийин жарым-жартылай же толук калыбына келет. Мындай кошумча көйгөйлөрдүн алдын алуу жана реабилитациялоо иш чаралары негизинен так полиомиелиттикиндей.