Hesperian Health Guides
БАЛАНЫН КӨМӨКЧҮ КАРАЖАТТАРГА ЖАНА АТАЙЫН ЖАРДАМГА БОЛГОН МУКТАЖДЫКТАРЫН АНЫКТОО
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 7-БӨЛҮМ: Полиомиелит: Балдардын инфекциялык шалдыгы > БАЛАНЫН КӨМӨКЧҮ КАРАЖАТТАРГА ЖАНА АТАЙЫН ЖАРДАМГА БОЛГОН МУКТАЖДЫКТАРЫН АНЫКТОО
1-кадам: Эмне кылуу мүмкүн экенин аныктоо үчүн, бала жана анын үй-бүлөсү менен сүйлөшүүдөн баштаңыз. Бала менен сүйлөшүү учурунда ал кандай кыймылдай аларына байкоо жүргүзүңүз. Денесинин кайсы бөлүктөрү күчтүү, ал эми кайсылары алсыз экенин түшүнүүгө аракеттениңиз. Денесинин эки жагынын бир биринен айырмачылыктары бар-жогун караңыз (мисалы, буттарынын узундуктарындагы же жоондуктарындагы айырмачылык). Көзгө даана көрүнгөн деформациялар же толук жазылбаган муундар барбы? Эгер бала баса алса, басуусунун өзгөчөлүгүнө көңүл буруңуз. Денеси алдын же капталын көздөй абдан жантайып калбайбы? Бир бутуна колу менен жардам бербейби? Жамбаш сөөгүнүн бир жагы ылдыйыраак эмеспи? Ийиндеринин бири ылдыйыраак эмеспи? Денесин абдан бүкчүйтүп, омуртка тутумунун бел бөлүгүн алдыны көздөй чегинен ашыра ийип же омуртка тутумун капталдарына ийрийтип кармабайбы?
Мындай баштапкы байкоолор баланын денесинин кайсы бөлүктөрүндөгү булчуңдарынын күч-кубатын жана кайсы муундарынын кыймылдоо ийкемдүүлүгүн кененирээк илилдөө керек экенин аныктоого жардам берет. Көп учурда, бир гана байкоо жүргүзүүдөн балага кандай көмөкчү каражаттар жана жардам керек экенин түшүнсө болот. Мисалы:
2-кадам: Физикалдык текшерүүнү жүргүзүү. Ал төмөнкү элементтерди камтууга тийиш::
- Муундардын (айрыкча, оюңуз боюнча, контрактуралары бар болушу мүмкүн деп сизди шектендиргендеринин) кыймылдоо ийкемдүүлүгүн текшерүү ( “Физикалдык текшерүүнү” жана “Контрактураларды” караңыз).
- Булчуңдардын (айрыкча, оюңуз боюнча, алсызданып кеткен болушу мүмкүн деп сизди шектендиргендеринин) күч-кубатын текшерүү. Алсызданып кеткен булчуңдардын кызматын демейде өзүнө алып туруучу (мисалы, балдактарга таянууда колдонулуучу, колдордогу жана ийиндердеги) булчуңдардын күч-кубатын да текшериңиз.
- Деформациялар: контрактуралар, сөөктөрдүн (жамбаш сөөк менен, таман сөөктөр менен, тизе, ийин, чыканак) ашташтарынан чыгып кетүүлөрү, эки буттун узундугунун ортосундагы айырма, жамбаш сөөктүн бир жагынын жантаюусу, омуртка тутумунун ийрийүүсү же формасынын нормалдуу эместиги бар-жогун текшерүү.
3-кадам: Физикалдык текшерүүдөн кийин кайрадан баланын кыймылдоосуна же басуусуна байкоо жүргүзүңүз. Баланын кыймылдоосунун же басуусунун өзгөчөлүктөрүн физикалдык текшерүүдөн алынган (белгилүү бир булчуңдардын алсыздыгы, контрактуралар, буттардын узундуктары сыяктуу) маалыматтар менен байланыштырып салыштырууга аракет кылыңыз.
4-кадам: Байкоолоруңуздун жана текшерүүлөрүңүздүн негизинде, кандай физикалык көнүгүүлөр, көмөкчү каражаттар же үй-бүлө мүчөлөрүнүн жардамы бала үчүн башкаларынан пайдалуураак боло аларын аныктоого аракеттениңиз. Түрдүү варианттарынын артыкчылыктарын: пайдалуулугун, чыгымдарын, ыңгайлуулугун, сырткы көрүнүшүн, материалдардын жеткиликтүүлүгүн, бала даярдала турган көмөкчү жасалганы пайдаланарынын ыктымалдыгын караштырыңыз. Баланын жана ата-энесинин ушул нерселерге карата ойпикирин жана сунуштарын эсепке алыңыз.
5-кадам: Ортездин же башка көмөкчү жасалганын акыркы вариантына токтоордон мурун, мүмкүн болушунча, убактылуу көмөкчү жасалганы же башка баланын эски ортезин пайдаланып көрүү аркылуу анын акыркы варианты бала үчүн канчалык пайдалуу болушу мүмкүндүгүн текшериңиз. Мисалы:
Эгер баланын бут кетмени, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, ичин көздөй кайрылып калса... | ... бут кийиминин таманынын сырткы бөлүгүнүн астына сүрөттө көрсөтүлгөндөй атайын астарлыкты бекитүү жолу аркылуу аны бир аз көтөрүп коюу бут кетменин түзүрөөк абалында бекемирээк кармоого жардам бериши мүмкүн. |
![]() | |
![]() |
Бирок мындай астарлыкты бут кийимге биротоло бекитүүдөн мурун, картондон же башка ылайыктуу материалдан астарлык даярдап, аны бут кийимге жабыштыруучу желимдин же боонун жардамы менен убактылуу бекитиңиз. Андан кийин бала ошол бут кийимди кийип алып басып көрсүн. |
![]() жабышчаак тасма
|
Эскертме: Мындай астарлык балдардын айрымдарына гана жардам берет. Көбүнө ал жардам бербейт.
Баланын оюн билиңиз.
6-кадам: Балага кандай ортез же көмөкчү жасалга башкаларына салыштырмалуу көбүрөөк туура келерин бала, анын ата-энеси жана сиз чогуу чечкенден кийин, баланын денесинин тийиштүү бөлүктөрүнөн зарыл ченемдерди алып, ортезди же жасалганы даярдаңыз. Дагы бир жолу: аны (мисалы, кадоо, жабыштыруу же мыктар менен бекитүү жолу менен) биротоло чогултуудан мурун, керек болгондо өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн болушу үчүн, аны убактылуу чогулта турууну мүмкүн кылган туура болот.
![]() |
Мари жана Чело бала үчүн ортез жасап жатышат. |
7-кадам: Бала ортезине же көмөкчү жасалгасына көнүшү жана ал балага канчалык жардам берерине баа берүү үчүн, бала аны бир нече күн колдонуп көрүүсүн камсыз кылыңыз. Ал балага жардам берип жатканжатпаганын баланын өзүнөн жана атаэнесинен сураңыз. Ооруткан жокпу? Башка кыйынчылыктарды жараткан жокпу? Аны кантип жакшыртса болот? Анын пайдалуулугун көбөйтө турган нерселер барбы? Зарыл болсо, өзгөртүүлөрдү киргизиңиз. Бирок эч кандай ортез же көмөкчү жасалга баланын муктаждыктарын толук канааттандыруусу мүмкүн эместигин эсиңизден чыгарбаңыз. Колуңуздан келгендин эң мыктысын жасоого аракет кылыңыз.
Төмөндө айылдагы чоң эмес реабилитациялык борбордун кызматкерлери конкреттүү бир балага кандай көмөкчү жасалга керек экенин кантип аныкташкандыгы тууралуу баяндоо келтирилген. Алар жогоруда келтирилген кадамдардын канчасын аткарышты? Ар бир кадам бирдей маанилүү болдубу?
САУЛ ҮЧҮН ОРТЕЗ КАНТИП ЖАСАЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУУ БАЯН
Бир күнү айылдык реабилитациялык борборго коңшулаш башка айылдан бир аял Саул деген 6 жаштагы уулун ээрчитип келди. Аларды айылдык борбордун Мари жана Чело аттуу кызматкерлери жылуу тосуп алышты. Саул кичинекейинде полиомиелит менен ооруганын уккандан кийин, алар баладан адегенде ары-бери басып көрүүсүн, андан кийин чуркап көрүүсүн суранышты. Мари жана Чело баланын кыймылдоосуна кылдат байкоо жүргүзүштү. Саул абдан аксады: анын бир буту ичкерээк жана кыскараак болуп өңдөндү. Жабыркаган буту менен кадам шилтегенда, тизеси артын көздөй кайкалап калмайы байкалды.
– Чындыгында, басканы түзүк эле экен, – деди Мари. – Бирок денесинин салмагын жабыркаган бутуна келтирүү үчүн, тизесин артын көздөй кайкалаган абалында “бекитип” кармоого аргасыз экен. Бул тизеси күндөн күнгө артын көздөй улам көбүрөөк кайкалап отуруп, бир күнү өзүнүн кызматын аткара албай калат.
– Бутунун бүт узундугуна созулган ортез анын тизесин коргоого жардам берет, – деп сунуштады Чело.

– Суранам, ортез колдонбой эле коёлучу! – деп өтүндү Саулдун апасы. – Бир жыл мурун мен Саулду шаарга алып барганда, доктурлар ага металлдан чоң ортез жасап беришкен. Аны сатып алуу үчүн, биз чоң карызга батканбыз. Карызга алынган ошол акчаны эмдигиче төлөп бүтө элекпиз! Мындан тышкары, Саул аны кийгенди башынан эле жек көргөн! Ал дайыма ошол ортезден бошонууга жана аны бир жерге катып салууга шашат. Ортезди кийип жүрүүгө Саулду көндүрүүгө көп жолу аракет кылдык, бирок бул мүмкүн болбоду.


– Буга таң калуудай мында эч нерсе жок, – деди Мари. – Ортезсиз эле баса алган бала көп учурда аны колдонгусу келбейт – атүгүл аны менен жакшыраак баскан күндө деле. Биз ага пластиктен бутунун бүтүндөй узундугуна ортез жасап бере алабыз. Анын салмагы кыйла жеңилирээк болот. Сенин оюң кандай, Саул?” Саул ыйлай баштады.

— Кабатырланба, Саул. Балким, жөнөкөйүрөөк эле бир нерсе даярдоо мүмкүндүр, – деди Мари. – Бирок адегенде, кел, сени карап текшерип көрөлү, макулбу?” Саул башын ийкеп, макулдугун билдирди.
Саулдун булчуңдарынын күч-кубатын текшерүүдөн ал тизесин толук түздөй албоосу аныкталды. Бирок тизесин артка
жана кашка жилигинин жамбаш сөөк менен ашташын алдыга бүгүүгө күчү жетишерлик экен,
—ал эми кашка жилигинин жамбаш сөөк менен ашташын артын көздөй кайкалатууга күчү жакшы экен.
|
![]() |
– Илегилекке окшошуп бир бутка туруу көнүгүүсү жардам бериши мүмкүн, – деди Чело. – Бирок балага баары бир ортез керек деп ойлойм. Жок дегенде, баштапкы мезгилинде.
– Ар бир чечимдин бардык артыкчылыктарын жана кемчиликтерин бир бири менен салыштырып таразалап чыгуу зарыл, – деди Мари. – Буттун бүт узундугуна созулган ортез тизени түз абалында кармайт, бирок булчуңдардын алсыздануусуна алып келет. Саул булчуңдарын бекемдөөсү керек. Мындай ортез буттун артка кайкалап калуусуна жол бербегендиктен, бала буга жол бербөөчү тийиштүү булчуңдарын пайдаланбай калат.
![]() Буттун бүт узундугуна созулган
ортез булчуңдарды алсыздантышы мүмкүн. Саул булчуңдарын бекемдеши керек.
|
– Дагы бир ыкма: бут кетменин дээрлик тик бурчта кармоочу кыскараак ортезди колдонуп көрсөк болот. Мында, таманын жерге толугу менен коюу үчүн, Саул тизесин дээрлик түз абалында кармоого аргасыз болот. Мындай жол балага санынын арткы жагындагы булчуңдарын бекемдөөсүнө жардам берет. |
– Келгиле, ушундай ортезди колдонуп көрөлү!” Саулдан башкасынын баары макул болушту.
– Ошентем го, – деп жооп берди Саул.

Ортез даяр болгондо, ал иш жүзүндө текшерилди. Саул ортез ага жакканын айтты. Башында, бала аябай аракет кылганда, тизесин артка кайкалатпай басуу мүмкүн болду. Бирок бир нече күндөн кийин, Саул басканда, же атүгүл турганда деле, көп учурда тизеси мурункудай артка кайкалап, ошол эле учурда, бут манжалары сүрөттө көрсөтүлгөндөй көтөрүлүп калып жатканына апасы арызданды.
– Менде бир ой бар, – деди Чело. – Бут кийиминин таманынын согончок бөлүгүн артты көздөй уркуйтуп чыгарып койбойлубу? Ошондо, бала басканда, денесинин салмагы согончогунун арткы бөлүгүнө эмес, алдынкы бөлүгүнө келтирилип калат. Мындай жол бут манжаларын жерге түшүрүүсүнө жана тизесин бир аз алдыга бүгүп туруусуна балага жардам берет.
Алар ушул вариантты колдонуп көрүштү. Саул дээрлик дайыма (айрыкча, ага эскертилгенде) тизесин артка кайкалатпай басып баштады.
“БУЛ ОРТЕЗ МЫНДАЙ ИШТЕЙТ ДЕП ОЙЛОГОНБУЗ...” | ![]() |
“БИРОК ИШ ЖҮЗҮНДӨ АЛ МЫНДАЙ ИШТЕЙТ ЭКЕН” | ![]() |
“БУЛ МЫКТЫРААК ЭКЕН” | ||
Бут кийиминин таманынын артты көздөй уркуюп чыгып турган согончок бөлүгү тизесинин артка кайкалап калуусуна жол бербейт. | ![]() |
Бут кийиминин таманынын алдынкы бөлүгүнүн тегерек формасы ташталган кадамдын аягында тизе артка кайкалап калуусуна жол бербейт. |
Үйүнөн апасы Саулду “илегилекке окшошуп туруу көнүгүүсүн” унутпай жасап турууга түрткүлөп кызыктырып турду. Булчуңдары бекемдеген сайын ал тизесин артка анчалык кайкалатпай баса баштады (атүгүл активдүү оюн ойногондо да). | ![]() |
“БАЛАМ БИР КҮНҮ БАСЫП КЕТЕ АЛАБЫ?”

Бул суроо – ата-энелердин алгач берген суроолорунун бири. Бул маанилүү суроо. Бирок кандай болгон күндө да, баласы үчүн басуу ык-жөндөмүнөн башка маанилүүрөөк нерселер бар экенин ата-энеси түшүнүүсүнө биз жардам беришибиз керек.
Полиомиелиттен буттары оор даражада шал болуп калган бала басышы үчүн, жок дегенде 2 нерсе зарыл:
-
балдактарды пайдалана алуусу үчүн, ийин жана кол булчуңдары жетишерлик күчтүү болушу керек;
- буттары (кашка жиликтеринин жамбаш сөөк менен ашташтары, тизелери, тамак сөөктөрүнүн жото жиликтер менен ашташтары) жетишерлик даражада жазылып түздөлгүдөй болушу керек. (Басуусуна жардам бере турган ортезди тандоодон мурун, бала буттарын толук же дээрлик толук түздөй алуусун мүмкүн кылуу үчүн, контрактураларды оңдоо талап кылынат.)
Баланын баса алуу мүмкүндүгүнө баа берүү үчүн, кол жана ийин булчуңдарынын күч-кубатын сөзсүз текшерүү керек:
![]() |
Бала денесин колдору менен сүрөттө көрсөтүлгөндөй көтөрүп көрсүн> Эгер бала колдорунун жана ийиндеринин алсыздыгынан улам денесин бир аз да көтөрө албаса, балдактардын жардамы менен басууну үйрөнүп кетүү мүмкүндүгү НАЧАР. |
Эгер бала денесин оңой эле бир нече жолу көтөрүп-түшүрө алса, балдактардын жардамы менен басууну үйрөнүп кетүү мүмкүндүгү ЖАКШЫ.
Эгер баланын ийин жана кол булчуңдарынын күч-кубаты КАНААТТАНДЫРАРЛЫК болсо, жана ал денесин дээрлик көтөрө алса, дене салмагын көтөрүү көнүгүүлөрүн күнүгө жасап туруу жолу булчуңдарынын күч-кубатын бекемдөөгө жардам берип, балдактардын жардамы менен басууну үйрөнүп кетүүсүн мүмкүн кылышы ыктымал. | |
Мындай жасалгаларга таянып денени көтөрүп көнүгүү жолу балдактарга таянып басууга керек болгон алаканманжаларынын жана кырк муунунун айланасындагы булчуңдарын бекемдөөгө жардам берет. | ![]() |
![]() |
Дөңгөлөктүү отургучта же дөңгөлөктүү тактада ары-бери которулуу жолу ийиндеринин жана колдорунун (анын ичинде, алакан-манжаларынын) булчуңдарын бекемдөөнүн тиричиликтеги ыңгайлуу ыкмасы болуп саналат. |
![]() |
Эгер чыканак муундарынын алсыздыгынан улам бала денесинин салмагын көтөрө албаса, колдоруна кадимки шакшактарды бекитип, ушундай жол менен денесинин салмагын көтөрө алар бекенин текшериңиз. | ![]() |
Эгер бала чыканак муундарын турукташтыруучу мындай шакшактардын жардамы менен денесинин салмагын көтөрө алса, ал, балким, чыканактарды таёочу бөлүктөрү бар балдактардын жардамы менен басууга жарашы мүмкүн. |
Эгер балада ашыкча салмак бар болсо, ал арыкташы керек. Мындан буттары алсыз баланын басуусу жеңилдейт. |
|
Эми, баланын буттары канчалык түздөлөрүн текшериңиз. (Муундардын кыймылдоо ийкемдүүлүгүн текшерүүгө арналган бөлүктү караңыз.)
Эгер кашка жиликтеринин жамбаш сөөк менен ашташтарын, тизелерин жана таман сөөктөрүнүн жото жиликтер менен ашташтарын жетишерлик даражада түздөө мүмкүн болсо, бала ортездердин жардамы менен жакынкы келечекте басууга жарамдуу болуусунун мүмкүндүгү жакшы (бирок кол булчуңдарынын күчү жетиштүү болууга тийиш).. | Бирок эгер баланын аталган ашташтарында күчөп кеткен контрактуралар бар болсо, аны басууга жарактуу кылуу үчүн, адегенде контрактураларды жоюу керек. | |
![]() |
![]() |
|
Контрактураларды жоюу тууралуу 8- жана 59-бөлүмдөрдөн караңыз. |
Кээде, күчөп кеткен контрактуралар баланын бир бутунда гана бар болгондо, ал экинчи бутуна жана балдактарга таянып басууну үйрөнүүгө жарайт. Бирок, албетте, мүмкүн болушунча эки бутун тең бирдей пайдаланганы оңураак. | ![]() |
Кол булчуңдарынын күчүн жана буттары канчалык түздөлөрүн текшергенден кийин, таман сөөктөрүнүн жото жиликтер менен ашташтарын, тизелерди жана кашка жиликтеринин жамбаш сөөк менен ашташтарын кыймылга келтирген булчуңдардын күчүн текшерүү керек. Мындай текшерүү балага ортездер керек бекенин жана, эгер керек болсо, кандай түрү керектигин аныктоого жардам берет.
Ашташы бошоңдугунан улам бут кетмени салаңдап же бир жагына кайрылып калмайы бар балага тизеге чейин бир аз жетпеген, пластиктен же металлдан даярдалган ортез жардам бериши мүмкүн.
![]() |
Бут кетмени салаңдайт: бала бут кетменин көтөрө албайт. | ![]() |
Бут кетмени бир жагына кайрылып турат. | ![]() |
ПЛАСТИКТЕН | МЕТАЛЛДАН |
![]() |
![]() |
Эгер бут кетмени салаңдап калса, аны серпилгинин же чоюлма курдун жардамы менен өйдө көтөрүүчү бөлүгү бар ортез жасап алсаңыз болот.
![]() серпилги
ашташ
велосипед камерасынан кесим
|
Ортезди тандоодо түрдүү факторлорду: чыгымын, аны жасоого керектүү материалдардын жана аны жасай алган устанын жеткиликтүүлүгүн, жана конкреттүү балага кандайы башкаларынан көбүрөөк жарарын эсепке алыңыз. Түрдүү ортездердин артыкчылыктары, кемчиликтери жана аларды жасоо тууралуу маалыматтар 58-бөлүмдө келтирилген.
Тизеси алсыз балага буттун бүт узундугуна созулган, пластиктен же металлдан жасалган ортездер керек болушу мүмкүн.
![]() Көтөрө албайт
Көтөрө албайт
Сан жана балтыр булчуңдары алсыз |
![]() пластик |
![]() металл |
Буттун бүт узундугуна созулган ортезди тизе бөлүгү бүгүлмө (отурууда ыңгайлуу) же түз абалында “бекитилме” (басууда ыңгайлуу) түрүндө жасоого болот. Анын түрлөрү 58-бөлүмдө каралган. |
Эскертме: Тизесин түздөөгө алы келбеген балдардын баары эле буттун бүт узундугуна созулган ортездерге муктаж боло бербейт: жамбаш булчуңдары күчтүү бала ортезсиз эле басканга жарамдуу болушу мүмкүн.
Жамбаш булчуңдары күчтүү. | КҮЧТҮҮ жамбаш булчуңдары санды артка тартып, тизени бүгүлтпөй кармайт. | ![]() |
![]() |
Жамбаш булчуңдарынын күчү КАНААТТАНДЫРАРЛЫК болгон жана тизеси жакшы эле түздөлө турган балага тизени артка түртүп турган, узундугу тизеге чейин ортез жардам бериши мүмкүн. | ![]() |
Ортез тизени артка түртүп турат. Катуу ортездин бут кетмен бөлүгүнүн бир аз төмөн көздөй багытталган бурчу дене салмагы ушул бутка келтирилгенде тизени артка түртүп кармоого мүмкүнчүлүк берет. |
Жамбаш булчуңдары алсыз бала санын колунун жардамы менен алдыга түртүп, | ![]() |
же денесинин салмагын бул бутуна келтиргенде, тизесин артка кайкалатуу аркылуу аны “бекитип” кармоо жолу менен басса болот. | ![]() |

Эгер контрактуранын айынан бутун түздөө мүмкүн болбогондуктан баса
албаган баланын ошол контрактурасын тизе бир аз артка кайкалап калгыдай кылып оңдоп койсо, бала мыктыраак басып калышы мүмкүн.
Сан булчуңдары алсыз баланын буту буттун бүт узундугуна созулган ортезде бошоп кеткенсип абдан салбырап же буралып калышы мүмкүн.
Эгер бул жериндеги булчуңдары алсыз болсо, | бала бутун, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, көтөрө албайт, | ||
![]() |
|||
![]() |
же эгер ал бутун, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, тышка жана ичке бура албаса, | ||
буту ортезде, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, бошоп кеткенсип салбырап, капталына бурулуп калышы мүмкүн. | ![]() |
Мындай балага бутуна жамбаш сөөк менен ашташында туруктуулукту камсыз кылуучу, жамбаш сөөк деңгээлинде куру бар ортез керек болушу мүмкүн.
![]() Ортездин куру белге эмес, жамбашка бекитилгенде, денени туурараак кармоо көп учурда жеңилирээк болот.
бала отуруусун мүмкүн кылуучу ашташ (эгер керек болсо, бекиткичи бар)
ЖАКШЫРААК
Жамбаш сөөк деңгээлинде бекитилүүчү, пластиктен даярдалган кур туруктуулукту анча камсыз кыла албайт, бирок ийкемдүүрөөк болот жана айрым балдарга жакшыраак басууга мүмкүнчүлүк берет. |
![]() Жамбаштан өйдө (белге) бекитилүүчү белдемчи көп учурда жамбаштын артка оркоюп, ал эми омуртка тутумунун бел бөлүгү алдыга ийирип (лордоз) калуусуна алып келет.
НАЧАРЫРААК |
Эгер денесинин жана аркасынын булчуңдары алсыз бала денесин тик кармап алып жүрө албаса, ага ортопедиялык корсетке бекитилүүчү, буттун бүт узундугуна созулган ортездер талап кылынышы мүмкүн.
![]() Эгер бала үчүн денесин төмөнкү абалында кармоо оор болсо, |
![]() ага денени туура абалында жөлөп кармоочу атайын бөлүктөрү бар ортез жардам бериши мүмкүн.
|
Эскертме: Көп учурда балага адегенде денесине басуу учурунда туруктуулукту камсыз кылуучу атайын кур же ортопедиялык корсет талап кылынышы мүмкүн. Бир нече жумадан же айдан кийин булар кереги жок болуп калышы ыктымал. Ошондо мындай жасалганы колдонууну токтотуу балага булчуңдарын бекемдөөгө жана денесин башкарууну жакшыртууга жардам берет. Бала ортездерге муктаж бекенин улам текшерип туруу маанилүү.
Мындай жасалгалардын жардамы менен дене бөлүктөрүн ордуларында бекитүү ашыкча болбоосун камсыз кылууга аракеттениңиз.
![]() |
Омуртка тутумунун ийрийүүсү уламдан улам көбөйгөн балага ортопедиялык корсет (катаал жагдайларда – хирургиялык кийлигишүү) жардам бериши мүмкүн. Эгер зарыл болсо, мындай корсетти, жогоруда көрсөтүлгөндөй кылып, буттун бүт узундугуна созулган ортездерге бекитип карматып койсо болот. |
![]() |
Омуртка тутумунун ийрийүүсү тууралуу кошумча маалыматтарды 20-бөлүмдөн караңыз. Ортопедиялык корсетти жана буга окшогон каражаттарды жасоо жөнүндө 58-бөлүмдөн издеңиз.