Hesperian Health Guides

ПОЛИОМИЕЛИТ БОЮНЧА НЕГИЗГИ СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОP

Бул бөлүмдө:

DVC Ch7 Page 60-1.jpg
Бир бутта шалдык бар.

Канчалык көп учурайт? Көптөгөн өлкөлөрдө полиомиелит балдардагы физикалык майыптыктын эң көп учураган себеби болуп келген. Айрым аймактарда ар 100 кишинин ичинен бирөө полиомиелиттин айынан кайсы бир даражада шалдыкка кабылчу. Эмдөө программалары көпчүлүк өлкөлөрдө полиомиелитти жоюуга жетишти, бирок Афганистан, Нигерия жана Пакистан деген өлкөлөрдө ал чечиле элек олуттуу көйгөй бойдон калууда.

Эмнеден пайда болот? Вирустан (инфекция). Инфекция жүлүндөгү, дене мүчөлөрүнүн кыймылдоосун башкаруучу нервдерди гана жабыркатат. Тазалык начар сакталган жана дааратканалар жок аймактарда полиомиелит инфекциясы оорулуу баланын заңы дени соо баланын оозуна жетүү жолу менен тарайт. Тазалык мыктыраак сакталган жерлерде полиомиелит көбүнчө жөтөлүү жана чүчкүрүү жолдору аркылуу жайылат.

DVC Ch7 Page 60-3.jpg
Шалдыктын оор формасы
DVC Ch7 Page 60-2.png

Полиомиелит вирусун жуктурган балдардын бардыгында шалдык пайда болобу? Жок, шалдык мындай балдардын аз пайызында гана – вирусту жуктуруп алган ар 100–150 баланын ичинен болжол менен бирөөндө – пайда болот. Көпчүлүгүндө ысытма, кусуу же ич өтүү менен коштолгон катуулаган суук тийүү түрүндө гана байкалат.

Шалдык жугуштуубу? Жок. Бала бул илдет менен ооруп баштаганынан 2 жума өткөндөн кийин жугуштуу болбой калат. Иш жүзүндө, полиомиелит көпчүлүк учурда вирус денеде “суук тийүүнүн белгилерин гана” пайда кылган, бирок дене мүчөлөрү андан шал болуп калбаган балдардын заңы аркылуу тарайт.

Балдар полиомиелит менен канча жашында ооруп калышат? Тазалык жакшы сакталбаган аймактарда полиомиелит вирусу көбүнчө 8 айдан баштап 24 айга чейинки курактагы балдарды, анда-санда 4 же 5 жашка чейинки балдарды жабыркатат. Тазалык мыктыраак сакталган аймактарда вирустан көбүнчө чоңоюп калган балдар жана атүгүл бойго жеткен жаш адамдар жабыр тартат.

Көбүнчө кимдер жабыркайт? Кыздарга салыштырмалуу балдар бир аз көбүрөөк чалдыгат. Эмдөөдөн өткөн балдарга салыштырмалуу эмдөөдөн өтпөгөн балдар, айрыкча, өтө көп адам жашаган, тазалык сакталбаган шарттарда тургандары кыйла көбүрөөк жабыр тартат.

Шалдык кантип башталат? Ал суук тийүүнүн жана ысытманын белгилери (кээде ич өтүү же кусуу менен коштолуп) байкалгандан кийин башталат. Бир нече күндөн кийин моюн булчуңдары катып калгансып ооруй баштайт, дененин айрым бөлүктөрүндө жүүнү боштук пайда болот. Ата-энелер баласынын мындай алсыздыгын дароо же оорунун катуу мезгили өткөндөн кийин гана байкашы мүмкүн.

Балада шалдык пайда болгондон кийин кандай өзгөрүүлөрдү же абалдын жакшыруусун күтүүгө болот? Көп учурда шалдык бара-бара, жарым-жартылай же толук жоголуп кетет. Илдеттин башталганынан 7 ай өткөндөн кийин да жоголбогон шалдык демейде өмүр бою сакталат. Шалдык күчөбөйт. Бирок илдеттин белгилүү бир кошумча көйгөйлөрү, айрыкча буларга жол бербөөгө багытталган сактык чаралар көрүлбөгөндө, орун алышы мүмкүн.

Шал болгон баланын бактылуу, толук баалуу өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүктөрү канчалык? Негизинен абдан жакшы: ал үчүн баланы өзүнө кам көрүүгө, мектепте мүмкүн болушунча мыкты окууга көндүрүп коюу керек, жана денесинин физикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде пайдалуу ык-жөндөмдөрдү өздөштүрүп алуусу зарыл. Полиомиелиттен жабыркаган адам үйлөнүп, дени соо балалуу боло алабы? Ооба. Полиомиелит тукумдан тукумга өтпөйт жана дененин балалуу болуу жөндөмдүүлүгүнө таасир тийгизбейт



This page was updated:23 Май 2025