Hesperian Health Guides

Угуусу бузук баланын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө кайрылуу

Бул бөлүмдө:

Дүлөй жана угуусу начар балдар кадимки балдардай эле ата-энелерин урматтаган жана аларга кам көргөн уулдар жана кыздар болуп чоңоё алышат. Балаңызга кадимкидей жетилип чоңоюусуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Анда да курбуларындагыдай эле укуктар жана милдеттер болсун.

Эгер балаңыздын дүлөйлөр мектебинде окуусуна мүмкүнчүлүк бар болсо, эгер ал андан пайда тапса, баланы окууга коё берип көрүңүз. Дүлөй балдар кулактары жакшы уккан балдардан айырмаланып, айланачөйрөсү менен башка жолдор аркылуу таанышат. Атайын мектеп аларга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачышы мүмкүн. Бирок эгер балаңыз кадимки мектепте эле жакшы окуса, эгер аны түшүнгөн жана ага кам көргөн мугалими жана далай достору бар болсо, балким, ал үчүн ошол эле мектебинде калып окуусу оңураак чыгар. Балага кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин түшүндүрүп, ал эмнени кааларын билиңиз. Жакшы көргөн үйбүлөсү жана үйү аны дайыма күтөрүн ага түшүндүрүңүз.

Мектебин бүткөндөн кийин дүлөй балдар көптөгөн кесиптерге ээ боло алышат. Кулактары такыр укпаган жана начар уккан адамдар бухгалтер, мугалим, юрист, фермер, медициналык кызматкер, кызматчы, кол өнөрчү жана доктур болгон мисалдар аз эмес. Дүлөй балдар жана чоң кишилер адистик даярдоодон өтүп, жумуш таап иштеп кетүүсү үчүн, буга болгон аракеттерди жумшоо зарыл.

Эгер кулактары укпаган балаңыз бойго жетип чоңойгон болсо, ага кичинекейдей мамиле кылбаңыз. Ал курагынан жашыраак баланы элестетиши мүмкүн. Бойго жетип чоңоюусуна ага жардам берүүнүн эң мыкты жолу – андан так ушуну күтөрүңүздү ага жеткирүү.

Көп учурда, угуусу бузук адамдар өздөрүнө өмүрлүк жолдош катары өзүлөрүндөй дүлөй же угуусу начар адамды тандашат. Анткени алар бир бирин оңоюраак түшүнүшөт. Алар балалуу боло алышат жана балдарын кадимкидей эле – жакшы тарбиялай алышат. Демейде, дүлөй ата-энеден угуусу нормалдуу эле балдар төрөлүшөт.

Дүлөй болуу – кыйын. Угуусунан айрылган адамдар менен катнашууну талыкпай үйрөнүү жана алар үчүн эң ыңгайлуу болгон ыкмалардын жардамы менен катнашууга шарттарды түзүп берүү аркылуу сиз аларга жардам бере аласыз



This page was updated:30 Дек 2025